Ирландиянын Клонакилти шаарындагы мектепте окуучулар үй тапшырмасын аткаруунун ордуна бирөөгө жакшылык кылышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, окуучулар күндөлүк ачып, ага күн сайын бирөөгө кылган жакшылыгы тууралуу жазышат. “Биздин максат – балдарга билим гана бербестен, аларды боорукерликке, өзүн-өзү баалоого үйрөтүү” дейт мектеп администрациясы. Окуучуларга атайын күн тартиби түзүлгөн. Алсак, окуучулар дүйшөмбү күнү карыларга, шейшембиде ата-энелерине, шаршембиде бейтааныш адамга, бейшембиде өздөрүнө кам көрүшөт.
Дамира Арстанова
koom@super.kg