Альбина Имашова, «Жылдын супер актрисасы»: «АЯЛ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТСЕ, АНЫН АРКАСЫНДА КҮЧТҮҮ ЭРКЕК ТУРАТ»

Бул айым эки жылдан бери “Жылдын супер актрисасы” наамын жеңип келе жатат. Албетте, наамдын аркасында чоң эмгек жатат. Бир эле мисал, Кыргыз драма театрынын суук сахнасында жылуу күрмө кийген биз үшүп дирилдеп калдык, ал жука көйнөк менен отуруп маек берди. “Сахнага чыкканда ичибизден от күйүп баарын унутуп калабыз” деп күлдүрдү. Эмесе, кызыктын баары ылдыйда.

“ТОКОЙЧУ МЕНЕН КИТЕПКАНАЧЫНЫН КЫЗЫМЫН”

– Быйыл мүчөл жылымды узатып жатам, бул жыл мага аябай чоң ийгиликтерди алып келди. Кинодо, театрда жакшы ролдорду алдым, элдин тандоосу менен эки жолу “Жылдын супер актрисасы” болдум. Мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктарды алдым. Сыйлыктардын артында, албетте, түйшүк, эмгек жатат. Буга менин эле эмес, үй-бүлөмдүн салымы күч. Ошол үчүн маекке кызыл көйнөк кийип келдим. Анткени бул жылга терең ыраазычылык билдиргим келет.

Балалыкта чыгармачылыктын үрөнү себилет эмеспи, апам китепканачы, атам токойчу эле. Экөө китепти аябай көп окучу. Ата-эне өзүнүн мисалында эле тарбия берет экен, биз дагы китепкөй болуп чоңойдук. Үйдө оокат кылып жүрүп ачкан китебимдин барагын жаппай бир колума кармап окуп жүрүп үй иштерин кылчумун. Атам бир мүнөз киши болчу, тартипти катуу койгон адам эле, батынып бир нерсени айта алчу эмеспиз. Бул мурунку муундагыларга мүнөздүү көрүнүш болсо керек, атам менен чай ичип жатканда чымындын учканын укканга болор эле. Ызылдамай, ашыра кол созмой, бириңди-бириң түрткүлөмөй жок. Жалгыз эле апам атамдын тилин тапкандай сезилчү, чындыгында эле ошондой болсо керек. Апамдын үнү жакшы, тойлордо, шеринелерде атам “эми коё тургула, Шайгүл ырдап койсун” деп атайын баарын токтотуп апамды ырдатып, анан тарашчу.

Ойлосом “сен мындай бол, тигиндей бол” дебей эле, ата-энебиз өзүнүн жүрүм-туруму менен тарбиялашчу экен. Азыр убакыт аздыгынан көп китеп окубай калдым. Китеп окуганымды көрсө кыздарым да окуйт беле деп ойлоп калам.

Балалык кез десе көз алдыма апамдын бизге үйрөткөндөрү тартылат. Жайкысын тамак ичкенден кийин сөзсүз үй-бүлөбүз менен сайма сайганга отурчубуз, кышкысын шырдак шырычу элек. Эч ким эч кимди мажбурлабай эле, кадимки жумуш сыяктуу өзүбүзгө тиешелүү жерин шырычубуз. Апам кийим токуганды да үйрөттү. Азыр деле жолдошума, кыздарыма, өзүмө кийимдерди токуп кийгизип коём.

Актриса болом деген оюм жок болчу, экономист же юрист болом деп ойлочумун. Анткени так илимдерге кызыкчумун. Детектив жанрындагы китептерди өтө көп окудум. Азыркыга чейин Агата Кристинин чыгармасынын негизинде тартылган тасмаларды көп көрөм. Жолдошум Арнис (ред.: актёр Арнис Кыдырмышев) “эски кинолорду көрөсүңбү?” деп таң кала берет.

8-классымда жашоомо актриса деген кесип кирди. Режиссёр Актан Арым Кубат “Беш кемпир” тасмасына мени тандаганы жашоомдогу чоң бурулуш болду. Аябай уялчаак, жоош кыз элем. Ошол уялчаактыгым Актан байкеге таасир калтырдыбы деп ойлоп калам. Мени тандашкандан кийин кинонун директору мектепке уруксат сурап келди. Кыргыз өлкөсүндө кино тармагы токтоп калган мезгил болчу. “Беш кемпир” тасмасы эгемендүүлүктү алгандан кийинки биринчи тасмалардан. Айылда актриса десе жагымсыз угулган кесип эле. Мугалимдер актриса болсом бузулуп кетчүдөй, обу жок бир нерсе катары кабыл алышты окшойт, каршы чыгышты. А мен тартылгым келди. “Ата-энеңден сурап кел” дешти. Апам жакын эле жерде иштечү, чуркап барып чакырып келсем, “кызым өзү билет, тартылгысы келсе тартылсын. Ошончо кыздардын арасынан кызымды тандап алышса, демек, бир нерсеси бар” деп айтты. 14 жашымда биринчи жолу тасмага тартылдым. Камеранын алдында азыр деле сүрдөйм, бирок биринчиси эч унутулбайт. Биринчи эле дублда Актан байке мактап койсо аябай сүйүндүм. Ошентип актрисалык чыйырым башталды. Баса, баягы уялчаактыгым кийин деле калган жок. Эки бетим албырып тилимди сунган боюнча туруп калганымды курсташтарым азыр айтып калышат. Ал сапатым камерага көнүп, сахнага көнүп калгандан кийин бир аз калды.

“ЭЛ МЕНИ БОЁНБОЙТ ДЕП КӨП СЫНДАШАТ”

– Тасмаларда комедиялуу роль аткарсам, театрда трагедиялуу образдарды көп жаратам. Жашоомдо комедия көп болушун каалайм, үйдө да дайым күлүп жүрөм. Үй-бүлөбүздө кимдир бирөөнүн кабагы салыңкы жүрсө эле жүдөп кетебиз, “сен эмне болуп жатасың?” деп жатып кабагын ачып алабыз. Адамдын бугу күчтүү эмоциялар менен чыгып турушу керек эмеспи. Ошол букту мен театрдын сахнасынан чыгарып алам. Ал эми жашоодо күлүп-жайнап жүргөнгө эмне жетсин?

Сындарды туура кабыл алам. Катачылыктар болот, идеалдуу, зымга тизгендей болушу мүмкүн эмес да. Кино жаатындагы кемчиликтер ошол чөйрөнүн адамдарына билинет. Аны кийин анализдеп, каталарыбызды экинчи кетирбегенге аракет кылабыз. Оң болобу, терс болобу, ар бир пикир адамды курчутат, стимул берет. Мен өзүмдү дагы көп образда сынап көргүм келет. Тарыхый образ жаратсам деп кыялданам. Жеке өзүмө болсо “кашыңды тербейсиң, боёнбойсуң” деген сындар айтылат. Көбүнчө боёксуз жүрөм. Элдикиндей каш жасатып, кирпик чаптап алсам жеке жүзүм жоголуп кетет болуш керек. Актриса табигый болуш керек деп ойлойм. “Генерал болгусу келбеген солдат жок” дегендей, мен дагы көп ийгиликтерди багындыргым келет.

“Тенгри” тасмасына тартылып жатканыбызда Парижге барганбыз. Ал жакта бир актрисанын үйүнө конокко бардык. Анын күйөөсү “Оскар” сыйлыгын алыптыр. Үйүндө турган чыныгы “Оскардын” статуэткасын “мага дагы буюрсун” деп колума алып көргөм. Ким билет, бизге да насип болуп калар.

УЗУН ЖАНА КЫСКА

– Кыздарым атасына жакын. Мени менен деле сүйлөшүшөт, бирок атасы менен сырдашышат. Кыздарымдын атасы менен студент кезде таанышып калганбыз. Артымдан жигит ээрчиткен деле кыз эмес болчумун. Мектеп курагымда боюм узун болгондуктан “антенна” деп атап алышчу. Биринчи Арнис экөөбүз катуу дос болуп кеттик. Тамак жасап жатаканадан бири-бирибизди чакырып калчу элек. Достуктан кыз-жигит мамилесине өтүп кеттик. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганыбызда көбү түшүнбөгөндөй карап калышчу. Анткени мен толук, боюм узун болчу. Жолдошум бою кичинекей, арык жигит эле. “Экөөңөр кантип кыз-жигит болуп алдыңар?” деп таң калып жүрүштү. Көрүп жүрүп көздөрү көнүп калышты окшойт, азыр эч ким таң калбай калды. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Арнис “баш кошолу” дегенде дароо макул болдум. Анткени ал чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү. Жанында өзүңдү ишенимдүү сезип жүрөсүң. Азыр деле үйүбүздүн кыймылдаткычы ошол. Моюнга алыш керек, мен жалкоомун, кээ бир ишти кийинкиге таштап койгум келип жүрө берем. Бирок ал дайым мени түрткүлөп мотивация берип жүргөнү жүргөн. Аял бир ийгиликке жетсе анын аркасында күчтүү эркек турат дегенге толук кошулам.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Альбина Имашова: "Мен жалкоомун, күйөөм түрткүлөп турат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tyty1990
2019-12-23 10:42:49
Бактылуу болгула. Ийгилик каалайм
+6
PrinsessaNuri
2019-12-23 11:07:48
Joldowu ayabay koldoyt eken. Uydo otur dese mynday talanttary achylmak emes
+2
guli-1980
2019-12-23 11:27:18
Ошондо кайсы жылкы? 1983пу
0
aiba.8327
2019-12-23 13:02:18
Молодец красивая женщина ....
+2
Luna15
2019-12-23 17:05:59
Абдан таланттуу айым,бактылуу болунуз,жолдошунуз мыкты,чыныгы мырза экен
+4
mikana
2019-12-25 01:12:00
Мага ушул эженин ойногон полу озгочо жагат. Эки дуйнодо бактылуу болунузчу
+2
Almagul69
2019-12-26 07:35:02
Альбина уй-булолук бакыт,ишине ийгилик!Азаматсын!
0
Kut-begim
2019-12-26 20:37:03
Мыкты айым
0
Sajakat14
2019-12-29 14:22:17
Туура айтат! Алсыз эркек болсо үйдө отур деп кызганып, аялынын жетишкендиктерин көрө албай өлмөк жөн эле.
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан