ТҮРК ДАРЫГЕРЛЕРИ “KUDRET GÖZ BISHKEK” КЛИНИКАСЫНДА

Түркиядагы белгилүү ооруканалардын бири, “Kudret” медициналык тобу Бишкекте өзүнүн алгачкы көз клиникасын ачты. “Kudret Göz Bishkek” Кыргызстандагы көз торчосунун ооруларын дарылаган алгачкы клиника болуп эсептелет. Тажрыйбалуу адистер көз ооруларынын түрүн дарылашат, мисалы, катаракта хирургиясы, рефракциондук хирургия, окулопластика жана орбиталдык хирургия, кылый көз, амблиопия жана башка.

Медициналык бригадада эмгектенген түрк дарыгерлеринин бири, офтальмолог-хирург Озгур Балта. Биз андан көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алдык.

– Саламатсызбы, Озгур мырза! Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз? Түркиянын кайсы аймагында жашайсыз, билимиңиз, иш тажрыйбаңыз, кызыгууларыңыз, бош убакта эмне менен алек болосуз?

– Мен Түркиянын борбору Анкара шаарында туулуп-өскөм, медицина тармагында билимди да ошол шаардан алдым. Офтальмолог адистигине ээ болгондон кийин Анкарадагы илим-изилдөө ооруканаларында, мамлекеттик ооруканаларда, ошондой эле жеке менчик клиникаларда да эмгектендим.

Бишкек менен Анкара бири-бирине окшош шаарлар. Борбор шаар катары экөөнү көп нерселер бириктирип турат. Мен өзүмдүн кесибимди баалайм, жакшы көрөм. Анткени менин кесибим – менин хоббим. Мага жаккан дагы бир нерсе – бул сууда сүзүү.

– Офтальмологияда сиз терең изилдеген тармак кайсы?

– Көз торчосунун оорулары, витреоретиналдык хирургия, кылый көз жана глаукома, медико-хирургиялык дарылоо, окулопластика жана көз жаш каналдарын, увеит жана көздүн чанагынын ооруларын дарылоо. Андан сырткары көз ооруларын аныктоо, байкоо жүргүзүү, дарылоо, периокулярдык косметикалык колдонмолор: ботокс, катарактаны дарылоо жана рефракциондук хирургия. Баса белгилей кетчү нерсе, бизде катарактадан арылуу операциялары ФЭК ыкмасы аркылуу тигиши жок жасалат. Бул процедура пациенттер үчүн абдан ыңгайлуу, анткени операция дагы, калыбына келүү процесси да кыска аралыкта бүтөт.

– Суроону башкача берсек болмок экен. Офтальмологияда сиз билбеген тармак барбы?

– Иш тажрыйбамда 50 000ден ашык операция жасадым. Бул менин офтальмологиянын ар тармагында жетиштүү тажрыйба топтогонумдан кабар берет.

– Кезектеги суроо окурмандардын көңүлүн бурат деп ойлойбуз. Жогоруда сиз сөз кылган периокулярдык косметикалык колдонмолор, мисалы, ботокс, толтуруучулар тууралуу айта кетсеңиз?

– Периокулярдык эстетика сыяктуу косметикалык процедуралар тууралуу сөз кылганда алгач эле айымдар эске келет. Бирок дүйнө жүзү боюнча мырзалар арасында да косметикалык процедураларга суроо-талап жогору. Андыктан окулопластиканын эстетикалык-косметологиялык артыкчылыктарын баалабай коюу туура эмес. Окулопластика көздүн сурмасынын деформациясы, сурманын шалбырап түшүп калуусу, көз алдындагы мүшөкчө, сурманын шишиктерин дарылоо, калыбына келтирүүчү алмашкыс ыкма болуп саналат. Андан сырткары окулопластикалык хирургия сурманын ичке же сыртка карап калуусунда да колдонулат.

– Көз оорулары менен кайрылган пациенттер тууралуу оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз. Балким, аларга кайрылууңуз бар?

– Менин байкашымча, пациенттер, өзгөчө катаракта менен кайрылгандар өтө кеч келишет экен. Бул өз кезегинде оор операцияга жана оорчулуктарга алып келет. Биз бул жакта Түркияда колдонуп келген ФЭК ыкмасы менен операцияларды жасап жатабыз. Пациенттер кадимки ыңгайлуу жашоосуна келгенге шарт түзүп беребиз. Катарактаны операция жолунан башка жол менен дарылоо мүмкүн эмес. Андыктан катарактасы бар пациенттерге оору өтүшүп кете электе дарыгерге эрте кайрылуусун сунуштайт элем.

– Маектешүүгө атайын убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Окурмандарда дагы көптөгөн суроолор жаралат деп ойлойм. Андыктан сиз менен байланыштыра турган телефон номерлерин калтыралы.

Тел.: (0312) 88 00 88, 0556 88 55 88, 0706 88 55 88

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aranida
2019-12-26 16:18:22
Ийгилик
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан