«АЙЫЛ БАНК» ААКсы КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАР ИШКЕРДИГИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮП КЕЛЕТ

Аялдар ишкердигинин жигери артып, коомду алга илгерилетүүчү таасирдүү күчкө айланууда. Алардын жетекчилиги алдында ишканалар ачылып, өндүрүш иши жөнгө салынып жатат. Учур талабына жооп берген бизнестин бул түрүн колдоого алуунун өзгөчөлөнгөн сунуштарынын ичинен кредиттөө багытын баса белгилеп кетүү зарыл. Ошентип, бизнестин бул түрү аялзаты түздөн-түз катышкан ишкердиктиктин маанилүү сегментине айлануу менен орошон ийгиликтерди жаратып, натыйжага жетишүүдө.

Кыргызстанда аялдар ишкердигин өнүктүрүү демилгесинин алкагында "Айыл Банк" ААКсы чакан жана орто бизнес үчүн "Айым-кредит" жаңы долбоорун сунуштап, ишкердиктин бул багытына дем берүү максатында 100 000 сомдон 500 000 сомго чейин кредит берүү мүмкүнчүлүгүн караштырган.

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары бардык аймактардан бул программанын алкагында киреше алып келүүчү иш багытынын бардык түрүн каржылоо үчүн кредиттерди алууга болот.

"Айыл Банк" аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн сом менен жылдык 14%дык чен менен 3 жылга чейинки мөөнөткө насыяларды сунуштап келет (натыйжалуу пайыздык чен – 16,09%). Ал эми "Айым-кредит" боюнча кредит алуу үчүн ишкер айымдын бизнесте 20%дан кем эмес өздүк салымы болушу талап кылынат. Мында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө катары сунушталууга тийиш.

Дарек: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Логвиненко көч., 14

Тел.: 0(312) 68 00 00 0556 68 00 00 Инстаграм: office@ab.kg Сайт: www.ab.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан