«САСЫК ТУМОО КЕТПЕЙ КОЙДУ...»

Ар бир ата-эне үчүн баласынын ден соолугу, ойноп-күлүп жүрүшү маанилүү. Муну кат куржунубузга келген окурмандарыбыздын суроолорунун көптүгү да айгинелеп турат. Бул жолу суроолорго врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.

«САСЫК ТУМОО КЕТПЕЙ КОЙДУ...»

– Эмне деген инфекция экенин билбейм, 3 балам биринин артынан бири сасык тумоолоп, дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп аябай кыйналышты. Учурда ортончу уулум экинчи ирет тумоолоп жатат. Дары-дармектер да таасир бербей калды. Кантип алдын алууга болот?

Фатима, Бишкек шаары

– Жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) күч алат. Аны менен адатта адамдардын бардыгы, айрымдары 2-3 ирет ооруп чыгышат. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл бул оору менен кайрылгандардын саны көп. Көбү парагрипп, сасык тумоо, респиратордук-синцитиалдык вирус, адено, риновирус оорулары менен кайрылууда. Респиратордук деп аты айтып тургандай оору аба аркылуу жугат. Аталган оорунун козгогучтары — вирустар. Ага эч качан антибиотик жардам бербейт. Эгер бронхит, пневмония, тонзиллит оорулары өрчүп кетсе, ошондо гана дарыгер антибиотик жазып берет. Респиратордук инфекция ооруларында ага каршы иммунитет пайда болбойт. Ошол себептен жүрө бербей балдарды дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүп, жакшылап дарылануу зарыл.

Балдар сасык тумоого кабылбасын десеңиз туура тамактанууга, сергек жашоого үндөңүз. Өзгөчө эртең менен белокко (эт, балык, сүт, жумуртка, буурчактын жана жаңгактын түрлөрү) бай азыктар менен тамактантыңыз, менюга жашылча-жемиштерди көп кошуңуз. Ошондой эле эпидемия күчөп турган учурда эл көп чогулган жайларга алып барбаңыз. Мурунду бат-баттан чайкап, оксолин дары майын сүйкөп жүрүү, беткап кийип алуу да оорунун алдын алат.

“КЫЗЫМДЫН УЙКУСУ НАЧАР”

– Кызым 6 айлык. Акыркы күндөрү уйкусу начар болуп жатат. Күндүз 3 жолу, бат жана тынч уктайт. Ал эми түнкүсүн саат сайын ойгонуп, ары-бери оодарылып, кыңкыстай берет. Үйдөгү абал тынч, уйкусун буза турган ызы-чуу деле болбойт. Эмчекти жакшы эмет. Д3 витаминин деле алдык. Неврологго көрсөтсөм баары жакшы дейт. Эмнеден болушу мүмкүн?

Назира, Ош шаары

– 5-6 айлык ымыркайдын уйкусунун суткалык нормасы 16 саат. Андыктан кызыңыз канча саат уктайт, анализдеп чыгыңыз. Балким, күндүзү 2 маал эле уктатып уйкусун азайтып көрөрсүз. Мындан сырткары 5-6 айында баланын алгачкы тиштери жарыла баштайт. Бүйлөсүн карап көрүңүз. Бул учурда бала аябай кыжырданат, уйкусу бузулат.

Дагы бир кеңешим, жатарда балага кошумча тамак берип курсагын тойгузуңуз. Анткени 6 айлык бала курсагы ачканын сезип, уктай албайт. Негизинен 3 жаштан кийин гана баланын нерв системи калыптанып, уйкусу жөнгө салынат.

“ЖӨТӨЛДӨН ТАЖАДЫК”

– Кызым 3 жашта. Эки жума мурун сыркоолотуп алгам. Азыр мурдунун суусу токтоп, абалы жакшырып калды. Болгону жөтөлү токтобой жатат. Эмне дары берсем болот?

Айдай, Кара-Балта шаары

– Бала кандай гана оору менен оорубасын, сөзсүз дарыгерден кеңеш алыңыз. Жөтөлүп жаткан учурда дарыгер баланын өпкөсүнүн иштешин тыңшайт. Бронхитпи же пневмониябы текшерип көрүп гана аныктайт. Андан соң дары-дармек, какырыкты чыгаруучу же болбосо жөтөлдү басуучу каражатты сунуштайт. Өз алдынча дарылоого болбойт. Анткени ооруну күчөтүп же болбосо башка оору арттырып алышыңыз мүмкүн.

“ЗААРА КЫЛАРДА ЧАҢЫРЫП ЫЙЛАП ЖИБЕРЕТ”

– Кызымдын төрөлгөнүнө 1,5 ай болуп калды. Байкашымча, заара кыларда чаңырып ыйлайт экен. Ыйлары менен жалаягын карасаң булгаган болот. Ушундай да болобу?

Чынара, Нарын району

– Айрым бөбөктөр дээринен таза болушат. Ным болгон жана булганган жалаякты жактырышпайт, дароо реакция кылышат. Менимче, кызыңыздын ыйлашына ушул себеп болсо керек. Балдардын көпчүлүгү заара кыларда кандайдыр белги беришет же үн чыгарышат. Эгер ошол учурда чоңдор тарабынан кандайдыр бир жардам болбосо чаңырып ыйлашы мүмкүн. Эгер жалаягы булганса дароо тазалап, көчүгүн жууп, майлап, алдын кургактоо керек.

Балдар заара кылууда ыйлоочу бир себеп – заара чыгуучу түтүктөрдүн сезгениши. Эгер кызыңыз такай заара кыларда ыйласа, анда педиатрга көрсөтүп, заарасынын анализин тапшырыңыз.

"КӨЗДҮН ГИГИЕНАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?"

– Кызым “апа, мектепте доскадагы жазууну жакшы көрбөй жатам” дегенинен офтальмологго алып барсам, көрүүсүн текшерип витаминдерди, тамчылатма дары жазып берди. Мындан сырткары көздүн гигиенасын сактаңыздар деп кеңеш берген. Көздүн гигиенасын кантип туура сактоо керек?

Бермет, Бишкек шаары

– Көздүн гигиенасы дегенде айрымдар аны жууп-тазалоо деп түшүнүшөт. Бирок бул жерде гигиена деген көзгө кам көрүүнү, аны зыяндуу факторлордон коргоону түшүндүрөт. Көздүн гигиенасында төмөнкү эрежелерди туура сактоо керек:

Туура жарыктандыруу. Бөлмөдөгү жарыктын кайсы тараптан тие тургандыгы эске алынышы шарт. Алсак, күндүз жарык көзгө түз тийбеши, бөлмөдөгү жарыктын күчү 40-60 ваттан ашпоого тийиш. Эгер жарыктандыруу талапка жооп бербесе анда көзгө күч келип, бат чарчайт. Эгер бала сологой болсо оң тарабынан жарыктын берилиши туура.

Аралыкты сактоо. Окуп жатканда көз менен китептин ортосундагы аралык 35 сантиметрден жакын болбошу зарыл. Бала башын ылдый салып окуса моюн-омурткасынын туура эмес өсүшүнө, тагыраагы, кыйшаюусуна алып келет. Албетте, бул нерсе баш мээнин, көздүн кан айлануусун начарлатат, ткандар кычкылтек менен толук камсыздалбайт. Ал эми сыналгынын же компьютердин монитору көздүн тушуна ылайыкташып жайгашканы туура. Жогору же ылдый карап, же болбосо көздүн капталынан сыналгы көрүнсө көз булчуңдарына күч келет.

Көздү эс алдыруу. Жаш балдарга күнүнө 3 жолу, 15-20 мүнөттөн ашык телефон кармоого болбойт. Китеп окуп жатканда, тасма көрүп жаткан ар 30 мүнөт сайын көздүн фокусун алмаштыруу шарт. Ошондой эле 1-2 мүнөт сайын көздү ирмеп туруу сунушталат. Бул ыкма көздү нымдаштырып турат.

Көз үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасоо. Кандай көнүгүүлөрдү жасоо керектигин врач-окулисттер текшерген соң өздөрү сунушташат.

Туура тамактануу. Көздүн көрүүсүнө керектүү азыктарды (черника, сабиз, жумуртка, балык), витаминдерди, микроэлементтерди менюга кошуу.

Күнүмдүк режимди сактоо. Өз убагында уктап, таза абада сейилдөө, спорт менен машыгуу да көздүн курч болушуна таасирин тийгизет.

Олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан