(Башы өткөн сандарда)
Кымбат баалуу тумагын мыжыга кармап алыптыр. Чачы уйпаланып, сары өңү кыпкызыл болуп кеткен. Мени байкаган жок. Жайсаңдын артынан Адыл менен келген жигит чыгып бизди "киргиле" деп, өзү сыртта калды. Бөлмөдө жашы жыйырма беш-отуздун тегерегинде, көз айнекчен орус кыз бар экен. Кагаздарды карап, ручка менен бир жерлерин белгилеп жатат. Адыл ага столдун төрүндө тамеки чегип отуруптур. Биз киргенде бир нерсе эсине түшкөндөй чочуп, терезени ачып кыйкырды:
– Касен аба, кайра кириңизчи, акча эстен чыгыптыр,- деди да, орус кызга кайрылды.
– Лена бүттүңбү? Калганын кеңсеге алып барып кара. Отчёт түзүп столума калтырып кой,- деди. Аңгыча көз айнекчен киши кирип келип, папкасынан бир таңгак акча алып чыкты:
– Кимге берейин?
– Ага, Самат, бул силердин акыңар, түшкөн пайданын жарымы.
Тиги киши акчаны негедир жакын турган таякеме бербей мага берип, бир кагазга кол койдуруп, коштошуп чыгып кетти. Колумда абдан көп суммада акча турду, таякемди карасам көзү жашылдана түшүптүр, сүйүнүп жатат да. Анан кантсин, чет жерде өлүп кетемби деп турганда абал минтип кескин өзгөрүп, көп суммада акча берип жөнөтүп жатышса.
– Ага, сиз бул бөлмөгө кирип акчаны эсептеп алыңыз, Самат экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы,- деди да мага карады:
– Самат, кандай деп чечтиң? Иштейм десең кал, иште биз менен. Бизге ишеничтүү, чынчыл, сөзүнө бек, тың балдар керек. Эмгегиңе жараша акы төлөнөт.
– Калам, Адыл байке, айылга барганда деле ылайыктуу жумуш жок.
– Жаш бала эмессиң түшүндүрүп отургудай. Түшүнөсүң да биздин ишти, ызы-чуусу көп. Бирок ошончолук “жашайсың” дагы.
– Ооба, түшүнөм, ойлондум баарын. Эч качан алдабайм, сатып кетпейм, колумдан келгенин кылам, өлсөм да мага тапшырылган иштин аягына чыгам, байке.
Адыл ыраазы боло тиктеп, башын ийкеди. Тамеки күйгүзүп түтүнүн шыпты көздөй үйлөп, креслосуна чалкалай отура кетти. Бир аздан соң ордунан туруп, мага колун сунуп:
– Бүгүндөн баштап бизге кошулдуң, ишиңе ийгилик, иним. Эми калганын иштегениңе карап көрө жатарбыз. Макул бара бер, таякеңди узатасыңбы? Канат билет эмне кылышты,- деп узатып койду.
Таякем коридордо отуруптур, "кеттик" деп сыртка чыктык. Канаттын машинесине отуруп темир жол бекетине жөнөдүк. Таякемдин көңүлү ачык, кудуңдап сүйүнүп алган. Бекетке жеткенче эч ким сүйлөгөн жок. Калып туура кылдымбы же кете бергеним жакшы беле? Ар кандай ойлор келип жатты. Үйдөгү акыбалды ойлогондо "башка жолум жок, бир нерсенин үстүнөн чыгышым керек" деп өзүмдү сооротом. Кечээги Мерс алган жигитти эстеп, өзүмдүн да ошондой машине минип айылга барганымды элестетип жибердим.
Менин Казакстанда каларымды таякем Канат кассадан бир эле билет алып келгенде билди. Адегенде түшүнбөй калды:
– Йе, эмнеге бир эле билет?- деп мени карады.
– Таяке, мен калам, кичине иштеп барбасам болбойт.
– Ой, Самат, бул акчаны тең бөлөбүз да. Бир машине сатып алып эл ташысаң, он кой алып баксаң деле тирилик өтөт. Ноорузга карата дагы алма алып келгиле дешти. Барып экөөбүз чогултабыз айылдан. Алмурут, өрүк как да жакшы өтөт экен, бааларын көрдүм,- деп дагы бирдемелерди айтайын деп баратканда токтотуп калдым.
– Калам деп койгом, эми кетип калсам болбойт, таяке. Жазга чейин кичине акча иштеп алайын. Апамдарга карап турсаңыз болду. Отунун даярдап келгем, жазга чейин жетет, көмүрү аз. Анан үйдүн сырткы эшигин алып салып, ордуна темир эшик койдуруп коюңузчу. Мен бүрсүгүнү Каныбектердин телефонуна кечки алтыда чалам, апам келип турсун. Өзүм айтып түшүндүрүп коём. Сиз мени базарга күзөтчү болуп ишке кирди деп коюңуз.
Таякем айтканымдан кайтпасымды жакшы билет.
– Макул, барарым менен үйүңө көмүр түшүрүп, жаңы эшик коюп берем. Акчаны тең бөлөбүз, сенин үлүшүңдү эжеме тапшырам. Анан телефон чалып эжем менен сүйлөшүп кой. Этият бол, эжемдин ишенгени эле сенсиң. Эч ким менен урушпа, "макул, сеники туура" деп кутул, андан эч жериң кемип калбайт.
Жүгүн көтөрүшүп кирип, купеге жайгаштырып чыктым. Поезд Бишкекке жөнөп кете берди.
– Самат, бир жерде ашлямфуну жакшы жасашат, жүрү жеп келели,- деп калды Канат. Тамакка кошо арактан жүз грамм заказ кылды.
– Мен рулдамын, тамактын алдынан бирди, тамактан кийин бирди ичип алсаң жеңилдеп каласың,- деди.
Тамактанып чыгып жолдо баратканда:
– Көп ойлоно бербе, баары жакшы болот. Адыл ага чынчыл, жакшы иштеген балдарды тез эле көтөрүп алат. Өзү кыйынчылыкты аябай эле көргөн, эч кимдин акысын жебейт. Иштегениңе жараша акча аласың. Жакшы иштесең тез эле байып кетесиң. Жайсаңды көрдүң го, эмне болду. Келгенине эки жыл болбой жатып кандай жерди ээледи эле. Эч ким билбей калат деген да, эми ким ишенет ага?
Көп нерсе сурагым келди, бирок булар баарын айтышпаса керек. "Мейли, жүрө турсам көрөм да" дедим ичимден.
Бир сааттай шаарды аралап өтүп, беш кабаттуу "хрущёвканын" үчүнчү кабатында бир бөлмөлүү батирге келдик.
– Мына, Самат, азырынча ушул жерде жашай турасың. Шаардын чекеси болгону менен тынч. Бир убакта мен да бул үйдө жарым жыл жашагам. Көптөн бери эч ким жашай элек, өзүң тазалап, иреттеп аласың да. Керектүү нерселерди, бир айга жете турган тамак-ашты кечинде алып келем. Бул аванс,- деп чөнтөгүнөн бир тутам акча алып чыгып столдун үстүнө таштады.
– Мен кеттим, кечки сегиздерде келем. Биринчи кабатта дүкөн бар, күнү-түнү иштейт. Бир нерсе керек болсо ошол жерден ала тур,- деп чыгып кетти.
Батирдин абалы жакшы экен, бирок аял-атпайдын жүзүн көрбөгөнү билинип турат. Раковина толо жуулбаган идиш, чакан казанда качанкы тамак, эмеректердин үстү бир эли чаң. Бөлмөдө чоң диван, үстүндө эки жууркан, жаздык, ортодо стол, бурчта Кытайдын чакан түстүү телевизору, столду айланта үч отургуч турат. Столдун үстүндө чыныларда тамекинин калдыгы, бир бурчунда байпак жатат. Полдо журнал, гезиттер...
Кечке чейин үй ичин тазалап жууп чыктым. Саат сегизде Канат эки жигит менен азык-түлүк таштап кетти.
– Самат, азырынча жетет. Калган майда-чүйдөнү өзүң алып аларсың. Сени Арсендин тобуна кошту, ошо менен иштейсиң, чек арага каттайсыңар. Өзү түшүндүрөт калганын. Азырынча иш жок силерге, чек ара январдын алтысында ачылат, кыскасы, бир жума бошсуң. Бирок эртең менен ондон он бирге чейин телефондун жанында бол, издеп калышыбыз мүмкүн. Калганын Арсен айтат, макул, ишиңе ийгилик. Анан, Самат, эч кимге, эч качан Адылда иштейм деп айтпа, өзүң жөнүндө, ишиң жөнүндө, көргөн-билгендериң жөнүндө такыр ооз ачпа. Арсен да айтат, бирок мен да эскертип коёюн,- деп чыгып кетти.
Эртеси коңшубуз Каныбектин үйүнө телефон чалдым. Апам келип күтүп отурган экен, трубканы алып эле:
– Балам, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы? Оорубай жүрөсүңбү, таякең айтты жакшы жумушка орношту деп. Көмүр алып келип берди, эшикти эртең орнотуп берет экен. Акча таштап кетти, ал акчага ун алдык, азык-түлүк алдык...- деп божурай баштады. Апакемдин ушу адаты калбады, сүйлөшүп калсаң суроолорду берет да, жообун укпай кайра өзү сүйлөй берет. Апам сүйлөп жатканда атам унчукпай гезит окуп отура берчү, оо бир оокумда апам сүйлөп бүткөндө гана “макул” деп койчу. Мен да угуп отура бердим, апам "Ай, Самат, угуп жатасыңбы?" дегенде "ооба, апа, угуп жатам" деп коём. Кыскасы, он мүнөттө айылдагы бүт жаңылыкты уктум. Апам байкуш мени абдан сагыныптыр, сөзү бүтпөйт. Баары жакшы экен. Ойлоп көрсөм апам көптөн бери минтип төгүлүп-чачылып сүйлөбөй калган экен. Санаам тынчып, көңүлүм көтөрүлүп калды.
Эртеси саат он бирлерде ойгондум, көңүлүм тынчыганга окшойт, катуу уктаптырмын. Өзүмдү жеңил сезип, негедир көңүлүм куунак. Душка жуунуп алып, базарга атайын барып майда-чүйдө алып келип, куйрукка аш демдеп жедим. Телевизордо Жаңы жылга карата ар кандай концерттер, кинолор болуп жатыптыр, телевизордон ар нерсе көрүп жата бердим. 6-январга чейин дүкөнгө эле чыкпасам, башка эч жакка чыкпай жаттым. Телевизордон жадаганда терезеден сыртты карап ар нерсени ойлонуп отура берем. Эч ким чалган да, келген да жок.
(Уландысы кийинки санда)