Дененин башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу суукта ачык жүргөн бөлүгү – бул кол. Канчалык кол кап кийип сууктан калкаласак дагы тиричилик кылуу үчүн колду суукка чыгарууга туура келет. Колго кам көрүүнүн чакан ыкмаларын сунуштайбыз.
Теринин кургашынын факторлору:
Кышкысын колго кам көрүү
Майдын колуңузга тийген түрүн аласыз (колдон келсе коюу күнжүт, зайтун майы жана башка).
Жайпак идишке колду күйгүзбөй турган температурадагы ысык суу даярдайсыз (суу колду толук көмүшү керек).
Майды колго, тырмактын түптөрүнө, билекке чейин аянбай эле чылкылдата сүйкөп, бир аз сиңгенден кийин идиштеги жылуу сууга салып, 7-10 мүнөт кармаңыз. Чыгарып алган соң колду кургатып коюу керек. Процедураны аптасына 1 жолу жасоо жетиштүү.
Эскертүү: Сүлгү менен сүрүп салбай, өз алдынча кургаганча күтүп же сыртындагы нымды сиңдирип гана коюу керек. Майды самындап жууп салбаңыз.
Колго арналган кремдердин авокадо, жожоба, ши, бадам майлары кошулган түрлөрүн тандаңыз. Ошондой эле какао, алоэ ширеси кошулган кремдер дагы колдун терисине кам көрүүңүзгө көмөкчү болот. Унаада же дайым кондиционер иштеп турган бөлмөдө көп жүргөндөр кремди жатарда эле сүйкөп койбой, күнүнө 3-4 ирет сүйкөп туруусу ашыктык кылбайт.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg