РЕЖИССЁР БОЛОТ ШАМШИЕВ ООР АБАЛДА ООРУКАНАДА ЖАТАТ

"Ак кеме”, “Бөрү зындан”, “Караш-караш окуясы” сыяктуу кыргыздын шедевр чыгармаларын экрандаштырып тасмага түшүргөн режиссёр Болот Шамшиев оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу режиссёрдун жакын санаалашы, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. Анын айтымында, Болот Шамшиев жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып кийин палатага которулган.

– Өзүмдүн жолдошум да ооруканада жаткан эле. Аны көргөнү барсам жанындагы палатада Болот жатыптыр, кирип көрүп чыктым. Абалы абдан начар экен, бир көрүп эле ыйлап чыгып кеттим. Кудайым буюрса, айыгып кетер.Өткөндө тоюма келгенде көңүлү аябай көтөрүңкү болчу, бийлеп жакшы отуруп кеткен. Угушума караганда, мурун өтүнөн операция болгон экен. Ошондо боорго зыяны тийиптир. Бирок так ошондой болгон деп айта албайм. Кудайым колдоп сакайып кетсе экен деп тиленип турам.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aimani
2019-12-23 11:46:38
Отуп кетиптир.Ыйманы саламат Болсун.
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан