“БЕШ ТАПАН” ТОБУНУН КУУДУЛУ АКЫЛ АБДИЕВДИН 3 БАЛАСЫНА АЛИМЕНТ ТӨЛӨБӨЙ ЖҮРГӨНҮНҮН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жүргөн мекендешибиз Лунара Байызова аттуу жаран редакциябызга кат аркылуу кайрылды. Ал мурунку жолдошу, “Беш тапан” куудулдар тобундагы Акыл Абдиевдин 3 баласына сот аркылуу чектелген алиментти төлөбөй жүргөндүгүн айтты.
– Балдарым жаш. Улуусу 6 жашта, андан кийинкиси 4 жашта, кичүүбүз 2 жашта. Акыл экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жылдын жүзү болду, ошондон бери 3 баламды жалгыз багып келе жатам. 2018-жылы өзүм жашап жаткан Санкт-Петербург шаарынан алимент чегерүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылгам. Акыл болсо сотко “майыпмын” деген жасалма документ алып барыптыр. Сот ага “3 балага алимент катары 40 миң рубль төлөйсүң” деген, бирок жанагы документтин негизинде ар бир балага болгону 5 миң рублдан жазылган. Ошону да төлөбөй Кыргызстанга качып кеткен. Андан бери бир топ эле акча топтолуп калды. Бул жактан Кыргызстандын укук коргоо органдарына алиментти өндүрүп берүү боюнча расмий кайрылуу жөнөтүлгөнүн айтышкан. Андан бери 5 ай өттү. Эч кандай жооп келе элек. Кандай чара көрсө болот, жардам берүүңүздөрдү суранам,- деп жазылат Лунара Байызованын катында.
Бул каттын негизинде куудул Акыл Абдиевге кайрылдык. Ал эч убакта балдарынан баш тартпасын, бирок азырынча алиментти төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтат.
– Мен балдарымдан баш тарткан эмесмин, алимент төлөөнү да моюнума алгам. Болгону сотто “бул аял менен чогуу жашабайм” дегем. “Майыпмын” деген документ алып барган эмесмин. Ал болгону “грыжасы бар, оор иш кыла албайт, дарыланууга муктаж” деген эле көрсөтмө болчу. Менин бел омурткамда грыжа бар. Бири 12 миллиметр болсо экинчиси 9 миллиметр. Азыр да дарынын күчү менен эле жүрөм. Ооруканада бир жак капталым иштебей жатып калганымды Лунара өзү да билет. Сотто “качан төлөйсүң?” деген суроо беришкенде “дарыланып, ден соолугумду чыңап алып иштейин, анан төлөйм” дегем. Ден соолугума карап, сот айына 3 балага 16 миң рубль төлөйсүң деген чечим чыгарып берген. Ошол учурда мен иштеп жаткан ишкана жабылып калганына байланыштуу жумушсуз калдым. Бир нече жерге резюмемди көтөрүп алып иш сурап барганым жыйынтык берген жок. Ага чейин эле жубайым экөөбүз эки жолго түшүп, эки башка жашачубуз. Чөнтөгүмдө болгону бир айлык батирдин ижарасына жете турган акча калыптыр, андан тышкары тамак-ашым бар. Айла жок, болгон акчама билет алып эң жакынкы рейс менен Кыргызстанга кетүүгө туура келди. Болбосо Орусияда үй-жайы жок көчөдө калмакмын. Качып кеткен жерим жок. Лунара Орусиянын жараны болгондуктан өкмөт ага жардам берип жатат. Башында ага “балдарды мага бер, Кыргызстанга алып кетейин” десем бербей койгон. Сот дагы “апасы менен калсын” деген чечим чыгарган. Азыр балдарым менен байланыштырбай жүрөт. Эми аны деле түшүнсө болот, алимент төлөбөй жатканым үчүн ошентип жаткандыр. Ошентсе да мен анын балдарынын атасымын, ал балдарымдын апасы,- дейт Акыл Абдиев.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
3 баланы кантип кыйдын, акмак экенсин.Балдарына кыйын ,эх.
Балдардын атасымын дебей эле койчу. Бир тыйын жардам бербегенден кийин,кайсы бетин менен ушинтип суйлойсун?
Чужая семья тёмный лес дейт Акыл деле вроде дакшы жигит Лунара мындан откон жакшы кыз. Суйлошуп журушур турмуш курушкан тойу Каныбек экоонуку чогу болгон. Эми семьейный кризис болот ал болот бул болот экоо ушундай чечимге келгендирда но очень даль... балдарга жалко. Акыл эми эптеп бер алименти. Озун элге башы корунгон жигитсин.
ainura220888,Миң жолу тёмный лес болсо дагы, ажырашабы, ажырашпайбы төрөткөн ата балдарга жоопкерчилик алыш керек! Жоопкерчиликтен качып жатат дагы "мен атасымын" деп коёт!Атасымын деген атка татыктуу эмес, эгер эркек бир тыйын жардам бербей грыжаны шылтап жүрсө!Эмнеге 3 баланы төрөтөт бага албаса?
Sajakat14, бирөөнүн көйгөйүнө кийлигише бербеңиз тууганым жакшы күмөн кылганды үйрөнөлүчү, мүмкүн оорусу себептүү ажырашуу көйгөйү жаралгандыр. Ажырашуу оңой эмес экөөн бирге койуп алып анан ким күнөлүү ким ак экенин билүү керек өз алдыңарча сүйлөй бербегилечи.
Вообше ХХХХ немего могу кантип кичинекей балдарды жалгыз аялынын мойнуна жуктоп кетип калган эгоист, дагы грыжам бар деп актанып койгонун уялбай дагы кагаз которуп барып сотко алименттен бошотуп койот деди да ХХХХ лучше интервью бербейле толоп берип койсон болмок акчага муктаж болуп атса керек ушунча газетага чейин кайрылса ал келин айласы кетип , россияда эле жыргатып атат дейсинби берсе бираз пособие берет ошо деле жетпей атса керек 3 ба
Avrora2017, 3 бала менен озу иштебесе жалгыз кыйналып ататда алардын тамагы кийим кече садик баскан турган квартира свет суу деген бар жардам бер балдарына алимент толоп калп эле жарым жан болуп жатып калбай аяландын туйшугун бираз женилдетип акмак болбосон
Эркектер ата деген атка татыктуу болгула! Мамлекет балдарды багып жатат деп карабай койгон кандай мерездик! Мамлекеттин берген акчасы жетет бекен балдардын жашоосуна!? Эгер ата балдарына чыныгы ата болуп жардам бергиси келсе жумуш издейт! Грыжа рак эмес! Керек болсо бөйрөктөрү иштебей калып жумасына 3 жолу гемодиализге канын тазалатып коюп иштеп жүргөн таксист бир байкени, бугалтерияда иштеген бир кызды билем Бишкекте! Грыжадан адам айыгат! Оор көтөрбөй жеңил жумуштарда иштесе болотда! Ата имиш!
Эгерде ата балдарыма жардам берем, балдарымды жерди каратып томсортпойм десе Жараткан дагы күч кубат берет, жумуш издесе ийгилик берет балдардын ырыскысы үчүн! Кийин картайганда 3 бала өзүңөргө окшол мерездик кылып карабай койсо азыркы өзүңөрдөй болуп, калп эле ыйлабай эле койгула!Атадан мээрим көрбөсө балдарыңар өзүңөрдөй мерез болуп калышат!
Суперинфо рахмат ачык элге чыгарганыңарга!Ажырашкан үй бүлөлөрдө апасы эле багып калат кыргыздарда! Атасы жөн эле өлүп калгансып жоголуп кетишет! Баланы бул дүйнөгө жараттыңбы - жоопкерчилик көтөр!Жоопкерчиликке эркиң, мээримиң жетишпейби -төрөтпө! Уят деген болуш керекда! Баарын аялга жүктөп коюп кантип тамагыңардан тамак өтүп жүрө аласыңар эркектер алимент төлөбөгөн!Алимент төлөбөгөн эркектердин базасын мамлекеттик денгээлде түзүп, мамлекет артынан калбай издесин!
Кичинекей балдары менен тыштап кыргызстанды койздой кетип калганындын озу уят,кантип иш чыкпасын?Ошлнчо кыргыз иштеп жургон шаарда сага эле иш жок,иштеп айына буга 16минден тологучо деп качтын да.
3 баланы неге торотот дегенинер кандай? Ажырашып кетейин деп тороткон эмесда. Аялдар бир нерсе болсо эле эркектерди куноолуу кыла бербегиле да. Мумкун аялы себепкер ажырашканга. Балдарымды бер Кыргызстанга алып кетейин десе болбой койсо, дагы не кылыш керек?
JrDosSantos, 16 мин которо албаган эркек Кыргызстанга келсе кочого алып чыгып тентиреп кантип бакмак. Озун бага албай курсагы тойгон жерде эе журот. ХХХХ
Уяты жок, сендей эркек менен туура кылыптыр ажырашып. Ата кантип сендей болсун? Мамлекет багып жатат деген созундон мен уялып кеттим. Уят, уят. Намыс барбы?
Оуу азыр эркектердин уяты жок баласы учун алиментти толобостон керек болсо жинди деген документ алып барып жатат,даже ИНВАЛИДНЫЙ группага чыгып алыштатко чиркин
Эркексинби орудум деп ажылдабай, кара катын бала чаканды, кылышты туудурушту билесин бакканга келгенде качасын. Бел де гража мен де дале бар олбой еле иштеп, баланы да тууп жатам, лолудон айырманар жооок силердин.
Менин чеке оюм Акыл байкени да туура тушунуш керек ар дайым эле адамда акча боло бербейт да , баарыбызда акча болсо чет жакка тентип кетпейт болчу, ошончо чоогу жашап 3 балалу болгондон кийин балдарымдын атасы кантсе да деп Лунара келинчеги качып кетти деп кантип айтты экен жакшы аялдвй эмесго келинчеги бага албасан бер атасына бир айда 16 мин кетпейт багам десе, кайра жарашсанар мындан да жакшы болмок, эртен чонойсо бар атана деп чыгарып коёсун сен башкага тийип ошон учун жарашкыла.
Tamara.99, Эркек сыягы жок дайынын билдирбей кетсе керекда ошончолука баршан болсо. Эркектер элге эле тишин жалтыратып жыртандап жакшы корунгон менен уй булодо андай болбойт. Болгон болсо эч качан ажырашпайт. 16 мин сом таба албайбы бир айда? Балдары учун грыжа кеппи? Жалкооун шылтоосу коп деген ошол
чын журоктон балдарымадеп Аллахтансурап аракеткыл таза жур. иште шарияттын окумдорун аялына уйрот, озунда уйбулоно камкордук кыл аял балдарынды карап отурсун, сен таап кел ырыскыны,анан коросун Ким ажырашат экен,эчким ажырашпайт алладан шыпаа сура
Алимент деп ажылдабай, балдарды багам деп атасына бербей алып калдыңбы бак өзүң. Айланайын аялдар баланы птасы үчүн же мамлекет үчүн эмес өзүңөр үчүн төрөгөнсүңөр.
Marjan90, Эркектер аялы учун уругун берип турган турбайбы ошондо э? Мээни иштетип суйлосон ! Кыргыз эркектери эч качан баланы пландабайт! Жатты ал сообу маспы иши жоу сактанууга аял милдеттуу! Ушул жатканда балалуу болуп калам деген ой болуп ал баланы жаратууда арам ичпей Алладан суранып жатыш керек. Тооко окшоп эле баса калп ажырашса алып калсан озун бак дебей. Кыргызстана алып келгенде кантип бакмак эле кочого тентитип ээрчитип журмок беле ишенсе колуна бермекда аялы деле.жрымын да таппайбы 16