ОСТЕОАРТРОЗ – ТИЗЕ МЕНЕН ЖАМБАШТЫН ООРУП, КЫЙМЫЛДАБАЙ КАЛЫШЫ

Улгайган адамдардан “отуруп турсам эле тизем кыймылдатпай ооруйт. Доктурга барсам дартыңыз остеоартроз, операция жасайбыз дешти” дегендерин угуп калсаңыз керек. Мындай ооруга улгайгандар эле эмес, жаштар да чалдыгып, дарыланган учурлар көп. Аталган дарт тууралуу Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, профессор, Жаныш Сулаймановдон маалымат алдык.

КЕМИРЧЕКТЕР ЖЕШИЛИП, МУУНДАРДЫН ҮСТҮНӨ СӨӨК ӨСҮП КЕТЕТ

Кыргызстанда 100 адамдын 10-15тейи остеоартроз дартынан жабыркайт. Остеоартроз денедеги, анын ичинен кол, бут, жамбаш, омуртка муундарындагы кемирчектерди жабыркатчу дарт. Көбүнчө тизе, жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жериндеги, буттун баш бармагынын муунунун кемирчеги жабыркайт. Эң көп кездешкени – тизенин остеоартрозу.

Муун кемирчектердин жардамы менен кыймылдайт. Дарт башка ооруларга окшоп инфекциядан эмес, кемирчекке күч келип, бузулганынан келип чыгат. Ошондон улам муундун кыймылдуулугу начарлайт, оорутат. Оору өтүшүп баштаганда гана кемирчектин жанындагы ткандар, байламталар жана сөөк сезгенет.

Остеоартроз байыркы грек сөзү, бизче “сөөк” жана “муун” дегенди билдирет. Кемирчектин курамынын 65-80 пайызы суудан, калганы май сымал зат – матрикстен турат. Матрикс кемирчекти майлап, кургап кетүүдөн сактап, ийкемдүү, серпилгич, кыймылдуу кылып турат. Аны болсо кемирчектин хондроцит аттуу клеткалары иштеп чыгарып турат. Бирок кайсы бир себептерден улам кемирчекте зат жана кан алмашуу начарлайт, суу азаят. Хондроциттер матриксти аз бөлүп чыгарып калат.

Ошондон улам кемирчек акырындап кургап, жукарып, жарылып баштайт. Оордукка туруштук берүүчү касиети азая берет. Муундун кыймылы азаят, оорутат. Кемирчекте нерв болбойт. Качан гана кемирчек жукарып калганда артында жайгашкан нерв кысылып, жанчылып баштап, оору билинет.

Кемирчектин алдындагы сөөк ткандарында барсылдактар жаралса, муундардын тегерегине остеофит деп аталган сөөктөр өсө баштайт. Сөөктүн өсө баштаганы муундун томпоюп чоңоё башташынан билинет. Ушулардан улам муундардын кыймылы ого бетер азаят, чектелет. Остеоартроз тизе муунун жабыркатса ал акырында бүгүлбөй, жамбашты жабыркатса адам отура да, жата да албай кыйналат, ийинди жабыркатса кол көтөрүлбөй калат. Айрымдар тизеси шишип ооруса туз чогулуп калыптыр дейт, бирок тизеде туз чогулбайт. Ал өсүп жаткан остеофиттер.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ТҮРТКҮ БОЛЧУ СЕБЕПТЕР

  • Жаш курак. Зат жана кан алмашуу азайып, кемирчектер матриксти аз бөлүп чыгарып калат.
  • Муундардагы жаракаттар жана муундарга көп күч келүү. Мисалы, муундардагы сынык, жарака, ойноп жатып же башка учурлардан улам бутту кайрып алуу, катуу жыгылуу, бийиктен кулоо, автокырсыкка кабылуу, шахтада иштөө жана башка.
  • Ашыкча салмак. Кемирчектерге күч келет.
  • Оор жүк көтөрүп, ташып иштөө жана кечке тик туруп иштөө. Мисалы, жүк жүктөгүчтөр, ашпоздор, чач тарачтар, куруучулар.
  • Эндокриндик жана гормоналдык системдин бузулушу.
  • Аз кыймылдуулук. Зат жана кан алмашуу жайлайт.
  • Муундардын айланасындагы булчуңдардын оорусу. Булчуңдагы дарт (миалгия, артрит жана башка) өтүшүп баштаганда оору муундарга, кемирчектерге өтөт.

Жогорудагы себептерден улам мурун 40 жаштан өткөндөрдө кездешкен остеоартроз азыр жаштарда да кездешип жатат.

СТАДИЯЛАРЫНА ЖАРАША ООРУ БЕЛГИЛЕРИ

1-стадия. Адам көп туруп турса, көп басса же оор көтөрсө кечке маал мууну ооруйт. Эртең менен жакшы болуп калат. 1-2 күн эс алып, көп кыймылдабаса оору бир топко билинбей калат. Бул стадияда кемирчектер азыраак жешилет.

2-стадия. Муундар ооруп, шишип, кыймыл азаят.

Тизеси ооругандардын тизеси кыйшайып, сөөк өскөндөн томпоюп, тизенин өлчөмү чоңоёт. Адам кыйшаңдап басып калат. Басканда кээде кычыраган үн чыгат. Бул стадияда кемирчектер көбүрөөк жешилет.

3-стадия. Кемирчек жешилип бүтөт. Муундарга сөөк өсүп, муун кыймылдабай калат. Кыймылдаганда сөөк-сөөккө тийип, кычырайт. Эки тизеси тең ооругандардын тизеси бүгүлбөй казга окшоп майпаңдап басып башташат. Көбү аргасыздан балдакка таянып басууга аргасыз болот. Кыймылдаса деле, кыймылдабаса деле оору басылбайт.

Адамдын кесибине, кылган жумушуна карата ар бир стадия 1 жылдан бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. Мисалы, 5 же 15 жыл. Нымдуу жана суук аба ырайында оорутуу күчөйт.

ДИАГНОЗ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?

  • Ооруган муунду УЗИден жана рентгенден, же магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүү.
  • Артроскопия. Бул муундун кичине жерин тешип, ага аппараттын миникамерасын киргизип, муунду текшерип көрүү.
  • Кандын биохимиялык анализи
  • Диагноз койдуруу жана дарылануу үчүн ортопедге, эгер жашаган аймакта ортопед жок болсо ревматологго же хирургга кайрылуу кажет.

ООРУ ӨТҮШҮП КЕТСЕ ЖАСАЛМА МУУН САЛЫНАТ

Дарылап, айыктыруу оорунун стадияларына жараша жүрөт.

1-стадиясында дарылап-айыктырууга болот. Ооруну басуучу, сезгенүүнү жоюучу, кемирчектерди калыпка келтирүүчү дары-дармектер, физиотерапия, дарылык физкультура сунушталат. Гиалурон кычкылы (бул түрү медициналык дары түрүндө) муундун кемирчегине сайылат. Дарылардын таасири 2 аптадан кийин билине баштайт.

2-стадиясында дары-дармектер жардам бербейт. Реконструктивдүү операция жасатып, муунду сактап калууга болот. Операцияда өсө баштаган сөөктөр кесилип, муунду сүйөп турчу металл (титан, болот жана башка) пластинка коюлат. Остеоартроз дарты менен келген адамдардын 90 пайызы “эптеп басып жүрөм го, дарылап эле кой” деп операцияга макул болушпайт. Кийин оору өтүшүп кеткенде баары бир операцияга келишет.

3-стадиясы оорунун өтүшүп кеткен стадиясы болуп эсептелет. Андыктан эндопротездик операция жасалып, жасалма муун салынат. Адам ошол жасалма муун менен өмүр бою жашоого аргасыз болот. Жасалма муун табигый муундун милдетин толук аркалай алат.

Бир жасалма протез чыгарылган өлкөсү, жасалган материалына жараша 300 000 сомдун тегерегинде турат. Эгер 2 тизеге жасалса анда 600 000 сомдой каражат кетет.

ЖАШ КЕЗДЕН МУУНДУ, КЕМИРЧЕКТЕРДИ САКТАҢЫЗ

Адам жашынан муундарына, кемирчектерине оордук келтирбей сактоосу зарыл. Оор нерселерди көтөрүүгө туура келсе бөлүп көтөрүү же бирөөлөрдү жардамга чакыруу кажет. Кесиби боюнча остеоартрозго кабылуу коркунучу барларга башка ишке өтүү сунушталат. Муун ооруганда дароо текшерилүү жана дарылануу менен муундарды, кемирчектерди сактап калууга болорун унутпаңыз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан