Кыш мезгили. Жаңы жылга саналуу күндөр калган. Эмнегедир дайымкыдай айылга баргым келбей, Жаңы жылды шаарда тосууну чечип, камылга көрө баштадым. Кимдер менен чогуу болорум деле белгисиз болчу. Азык-түлүк, жашылча-жемиш алып дүкөндөн чыгып келе жаткам. Жолдун аркы өйүзүнө өтүп кетейин деп жаткам. Токтоп турган маршруткадан өткөндө оң жагымда катуу келе жаткан унаа көзүмө урунду. Көз ачым-жумганча болду. Унаа “чы-ыйк” деп келип токтоду. Мен жерде жаттым. Унаа мага жетпептир, көрсө, коркконумдан жыгылып түшүптүрмүн. Көзүмдү ачсам жанымда айланчыктап бир жигит жүрүптүр.
Бетиме үңүлүп жакшысызбы деп сурап мени ордумдан тургузду да, чачылган алма, мандариндерди тере баштады. Мен селейип эле туруп калдым.
– Кечирип коюңуз, чоң кыз, жол да тайгак, анын үстүнө тиги маршруткадан улам сиздин өтүп келе жатканыңызды көрбөй калдым. Ал да туура эмес токтободубу,- деди ыңгайсыздана.
– Кайда барасыз? Жеткирип коёюн.
Баштыктарымды машинанын аркасына салып, мага кол жаңсай алдыңкы эшикти ача берди. Дендароо болуп турган жаным унаасына отурдум. Жакын эле болчу. Жеттик. Баштыктарымды көтөрүп батириме чейин жеткирди. Кетип жатып:
– Атым Жолдош, сиздикичи?- деп сурады өзүн дале ыңгайсыз сезип.
– Назира.
– Кубанычтамын. Жакшы туруңуз,- тепкичтен ылдый түшүп кетти.
Жарым саатка жетип-жетпеген убакыт деле кээде роль ойной алат экен. Эмнегедир ал жигит ойлорумду ээлеп түнү уктай албай койдум. "Жөн турчу, бир көргөн адамды ойлоп эмне эле болуп жатасың?" деп өзүмдү-өзүм урушам. Тиги жигит көз алдымдан бир кетсечи.
31-декабрь күнү үй жыйнап, кечкиге камылга көрүп жаткам. Бир маалда эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Эч кимди деле чакырган эмес элем. Ким келди экен деп таңдана эшикти ачсам, маңдайымда менин ойлорумдун эгеси болуп жаткан жигит турат. Апкаарып, уялып кетти. Колуна бир себет таттуу, жемиштерди көтөрүп алыптыр.
– Кандайсыз, ден соолук жакшыбы? Өткөндө катуу коркуп калдыңыз. Эртеси эле келип абалыңызды сурап кетет элем. Шашылыш жумуштар чыгып, айылга барып келдим. Номериңизди да алып албаптырмын...
Өзүмчө эле ичимде бир нерсе болуп жаттым.
– Үйгө кирип даам ооз тийиңиз,- дедим. Чай ичип, бир аз жакындан тааныштык. Кетерде “Жаңы жылды ким менен тососуз?” деп сурап калды. “Билбейм, жалгыз эле го, баары айылга, үйлөрүнө кетишкен” дедим. Ал кетти, мен өзүм менен өзүм болуп үйдө калдым.
Саат жебеси 12ге чукулдап калганда эшик коңгуроосу кайра жаңырды. Жолдош экен.
– Сизди жалгыз Жаңы жыл тостургум келген жок. Уруксат болсо бирге тосолу,- деди. Өтүмдүү, жугумдуу мырзаны жолдон кайтаргым келген жок.
Мен деле жалгыз тосом деп жатканым менен, жалгыздык маанайыңды түшүрүп салат экен. Мага деле жагымдуу болду. Ошентип Жаңы жылды бирге тостук. Орду менен сүйлөп, тамашалап, айтор, көңүлдүү отурдук. Мен мындай нерселер кинодо эле болот десем, көрсө, жашоодо деле болот экен.
Бир жылдан кийин дал ошол 31-декабрда баш кошконбуз. Азыр мен ал адамдын жанында өзүмдү бактылуу сезем.
Жаңы жыл белек кылган сүйүү мага бакыт эшигин ачты. Ал үй-бүлөгө камкор, кандай жагдай болбосун коргой билген акылдуу мырза. Кокустуктар кокустан болбойт. Балким, ошондо айылга кетип калсам, жолдо андай окуя орун албаса мага сүйүү берип, дайыма мени канатына калкалай алган Жолдошко жолукпай калат белем?.. Жок, бул тууралуу ойлогум келбейт. Кудайга шүгүр, сага жолуктурган кышка да, Жаңы жылга да, айтор, тагдырыма ыраазымын...
Назира