(Башы өткөн сандарда)
Жетинчи күнү саат ондордо бирөө “мен Арсенмин” деп чалды. "Жарым саатта барам, даярданып тур, бир жакка барабыз" деп трубканы коюп салды.
Жарым сааттан кийин эшиктин коңгуроосу басылып, орто бойлуу, чымыр денелүү бала кирип келди. Үстүндө булгаарыдан тигилген кымбат кара күрмө, күрөң түстүү жинсы шым, бутунда калың кроссовки. Эски тааныштардай учурашты:
– Кандай, Самат? Үйдө жата берип тажадыңбы? Болду, майрамдар бүттү, эми иштейли,- деди да сурабай-этпей эле ашканага кирип термостон чай куюп ичти.
– Тезирээк бол, караңгы киргенче ашуудан өтүп алалы,- деп муздаткычтагы куурулган этти алып чыгып жей баштады. Бирдемелерди сүйлөп жатты, түшүнгөн деле жокмун. Түшүнүп жаткан кишиче маал-маалы менен “аа, ошондойбу?” деп коюп кийинип жаттым. Аңгыча Арсен чайын ичип бүтүп, ээрчише сыртка чыктык. Опель Кадет маркасындагы боз түстөгү спорттук машинеде келиптир. Арткы орундукта узунунан түшүп бир жигит уктап жатат, эшиктер ачылганда чочуп ойгонуп, учурашып калды. Аты Айдар экенин айтты да, кайра уктап кетти.
– Түндө келишкен, балдар жетишпей мага шерик болуп кайра кетип жатат, эс алып алсын,- деди Арсен мага карап.
Шаарды айланып өткөн жол менен тез эле трассага чыгып, саатына 130-140 чакырым ылдамдыкта чек араны көздөй жөнөдүк. Арсен ичинде кири жок, ак көңүл адам экени көрүнүп турат. Мени карап:
– Адыл аганын балдарын уруп салганыңды угуп, сени башкача элестеттим эле. Мендей эле турбайсыңбы. Келемиш го мейли, Жанарды өзүң жалгыз кантип уруп салдың?
– Шарт ошондой болуп калды,- дедим акырын.
– Туура кылдың, таяк жеп туруп беришиң керек беле? Келемиш чындап эле келемиш экени билинип калды го. Алдасаң бир күнү билинет. Өзү да өтө көөп кетти эле акыркы күндөрү. Бир жолу айылдан досум келип, сыйлап коёюн деп калдым. Башка жер куруп калгансып мен дагы ал караган аймакка барып алыптырмын. Келемиш балдары менен биз тамактанган кафенин алдында турушкан, терезеден карап тургам. Бир маалда бир жаш жигит келинчеги экөө кафеге киргени кайрылып калышты. Эмне болуп кетти билбейм, Келемиш тиги жаш келинди колунан кармап тартып кучактап калды. Жанындагы шериктери күйөөсүнүн жолун тосуп, каткырып жатышты. Тиги бала да жөнөкөй эмес экен, экөөнүн тумшугун канжалата урду. Энеңдурайын шакалдар, тиги баланы көптөп сабап киришти. Кантип экинчи кабаттан түшүп жетип барганымды билбейм. Келемиш келинди коё бербей жатты. Элестет жаңы турмушка чыккан келинди күйөөсүнүн көзүнчө шылдыңдап жатканын. Келемиш мени байкаган жок, четке сүйрөп чыгып тумшуктан ары бир урдум. Керсейген менен кыздай эле назик жаны бар экен, жыгылып түштү. Ошол жерде айдоочулар түнөгөн вагон бар эле, ошонун түбүнө кирип, чыкпай койду. Кирип сүйрөп чыгайын десем кийимим ылай болчудай, берки шериктеринин бири да жолой алышкан жок. Кафенин алдына барсам тиги жигит келинчегин сооротуп жатыптыр. Кафеге алып кирип Келемиштин эсебинен деп аларга тамак-аш буюртма кылдым. Эркек деген сүйлөшкөн кызы же аялы менен бараткан адамга эч качан тийишпейт да. Бул жазылбаган мыйзам го акыры,- деди түтөгөн Арсен.
Ушуну айтты да бир топко чейин сүйлөгөн жок.
– Сени жумушка шеф өзү алыптыр го, ээ?- деди бир убакта.
– Эми жакшы иштесең эле баары жакшы болот. Негизгиси алдабай, таза иштесең тез эле көтөрүп алат. Эми өзүң деле түшүнөсүң да, Адыл агага мындай иште ишеничтүү адамдар керек. Ал деле сатып кетпей турган, кыйынчылыкта таштап кетпей турган жигиттерди топтогусу келет да.
– Түшүнөм, бирөөнү сатып кетүү мага жат нерсе. Сатып кеткендерди көрдүк го акыры.
– Макул эми, кеп мындай. Мен сага кылар ишибизди түшүндүрүшүм керек. Эми экөөбүз бирге иштейбиз, ар төрт күндө Кытайдан фураларда жумуртка, эт, аудио-видео техника, кийимдер чыгат. Биздин иш – жүктү чек арадан тосуп алып, базага аман-эсен жеткирүү. Эки күн барып келишибизге кетет, эки күн бошпуз. Ар бир барып келгенибизге акча төлөнөт. Сага канча төлөйт билбейм, барып келгенде өзүң көрөсүң. Бардачоктун астында кнопка бар, карасаң.
Бардачоктун түбүн сыйпалап билинер-билинбес кнопка таптым.
– Таптым.
– Бас ошону.
Бассам алакандай жер ачылып, "ПМ" маркасындагы тапанча колума түштү. Арсенди таң кала карап калдым.
– Бул сеники, билесиңби эмне экенин?
– Пистолет Макарова, патрон 9х18 миллиметр, эффективная дальность полёта 50 метр, 350 метров сохраняет убойное действие пули, дальность полёта пули 400 метров, боевая скорострельность 30 штук в минуту. Вес не заряженный 0,73 килограмм, с патронами 0,81 килограмм...
– Эй, болду, болду. Түшүндүм. Армияданбы?
– Жок, университетте, аскердик кафедрадан үйрөндүк. Бирок үч эле жолу атып көргөм.
– Сенин келишиң Жаңы жылга туура келип калды. Чек арага барып келели, анан атып көрөсүң.
– Тир барбы?
– Союздан калган полигон бар. Биздикилер ошол жакта машыгышат. Сен да барышың керек. Тажрыйбалуу инструктор бар, бир-эки ай сени үйрөтөт. Жаңы кошулгандардын баары ошонун колунан өтөбүз. Көп нерсе үйрөнүп чыгасың.
– Түшүнүктүү.
– Жолдо ар кандай окуя болушу мүмкүн. Көрүп жатасың, бирин-серин эле айыл болбосо, көбүнчө ээн талаада жүрөбүз.
– Фураларды такай коштоп жүрүш керекпи?
– Сөзсүз. Жолду көрүп жатасың го, ээн жерде ар нерсе болушу мүмкүн.
– Адылдын жүгү десең коё беришпейби?
– Адыл агага окшогондор Казакстанда толуп жатпайбы. Каракчылар жолуңдан тосуп, тээ тиги адырдын артына алып өтүп тындым кылып коюшса сени ким табат?
Тапанчаны жанагы ордуна салып, кайра алып, айтор, шашылышта тез ала койгонго колду көндүрө баштадым.
– Бир немис уста жасап берген. Кыйын киши, биздин куткаруучубуз. Менттер канча тытышты, бир да жолу табышкан жок.
Арсен мага жумуштагы тобокелчиликтерди айтып түшүндүрүп баратты.
– Ушул жол Кытайдын чек арасына алып барат. Шашпай айдасак он беш, он алты саатта жетебиз. Ээн жерлерде этият болушубуз керек. Фураны тонойбуз дегендер ошондой жерлерден тосушат. Самат, эсиңде болсун, экөөбүзгө эч ким жардамга келбейт, товар экөөбүздүн моюнубузда. Ошон үчүн жакшы акча төлөнөт бизге. Азыр мурункудай болбой калды, бирок айтып болбойт. Мурун бир фураны сегиз бала эки машине менен коштоп жүрчүбүз, азыр тынч эле болуп калды.
– Ушул биртке жумуртка үчүн атып салышы мүмкүнбү?
– Биртке эмес да, Самат, жыйырма беш тонна! Билесиңби акчасы канча болот? Фуранын өзү эле канча турат? Эми айтып болбойт, ар кандай шартка даяр болушубуз керек. Бир ай боло элек, Өзбекстандан Орусияга кеткен үч фура дайынсыз жок, бүгүнкүгө чейин кабары чыкпады.
Көзүм илинип кетиптир, машиненин эшиги жабылганда ойгонуп кеттим. Жеткен окшойбуз, Арсен менен Айдар жарыктар күйүп турган тарапты көздөй кетишти. Машинени өчүрбөптүр, демек, көпкө кармалбайбыз. Ары-бери баскан адамдар көп. Терминал экен, тээ алды жактан "Достык" деген жазуу көрүнүп турат. Терминал ээн талаага курулуптур, шамал, ызгаар көз ачырбайт. Машиненин печкасы иштеп жатты, радиону иштетип музыка угуп отура бердим. Бир саат өткөндөн кийин Арсендер келишти, артка кайтып, келген жолубузга түштүк. Терминалдан 300 метрдей алысыраак жерде бир фура токтоп туруптур, айдоочулары окшойт, жанында эки адам турат. Арсен алар менен бирдемелерди сүйлөшүп келди да, фураны алдыбызга салып жолго чыктык.
Тынч эле жеттик Карагандага. Эки жерден МАИ кызматкерлери тосушту, алар менен фуранын айдоочулары өздөрү сүйлөшүп, кайра бат эле жөнөп жатышты. Биз алдыраакта күтүп туруп, фура өтүп кеткенде артына түшөбүз. Карагандада фура бир чоң кампанын дарбазасынан ичкери кирип кетти.
– Болду, биздин иш бүттү,- деди Арсен. Дарбазаны ачкан киши “баары жакшы” дегендей колун көтөрүп белги берген соң артка кайттык. Сегиз кабаттуу бир үйдүн жанына токтоп:
– Жүрү, Самат, биринчи жолку акчаңды ал. Бизге кошулганыңды жууйлу,- деп күлүп калды Арсен. Үчөөбүз экинчи кабаттагы бир бөлмөгө кирдик. Биринчи Арсен кирип чыкты, андан кийин Айдар, акырында мен кирдим. Өткөнкү окуядан кийин Жайсаңдын кеңсесинен көргөн көз айнекчен Касен аба экен:
– Самат, кел, балам,- деп алдындагы кагазды улам-улам карап, калькулятор менен эсептеп кирди. Анан столдун тартмасынан акча алып чыгып санап мага сунду:
– Ме, балам, биринчи эмгек акың...
(Уландысы кийинки санда)