Аско, ырчы: «ЫРЫМДЫ 10 УГАРМАН ЖАКТЫРСА, МАГА ОШОЛ ЖЕТИШТҮҮ»

Чыгармачылыгына өзгөчө берилүү менен аяр мамиле жасагандардын катарын бул ырчы да толуктайт. Маек төрүбүздө ырчы, бийчи, рэп аткаруучу, битбокс өнөрүнүн ээси Аско. Учурда анын аткаруусундагы «Тимеле» ырын угармандар жакшы кабыл алып, угуп жаткан маалы.

– Аско, салам! Кандай жаңылыктарың бар?

– Жакшы, рахмат. 1 ай мурун чыккан «Тимеле» деген ырым азыр хит болуп жатат. Эл жакшы кабыл алып, Кытай, Түштүк Корея, Америка, Европадан тааныган да, тааныбаган да угармандар социалдык тармактагы баракчама жеке кат аркылуу «ыр жакты» деп жазып жатышат. Айтып коюшум керек, бул ырдын сөзүн жакында эле жол кырсыгынан каза болгон досум Акжол Канатбек уулу жазган. Акжол менин көп ырларымдын сөзүн жазган. Элге чыга элеги да бар.

– Жакшы. «Тимеленин» элге жакшы тарашынын себеби эмнеде?

– Менин ырларымды эмнегедир «элдикинен башкача» деп айтышат. Балким, бул жөн гана эл көнгөн стилден айырмаланып турганында болсо керек.

– Азыр ырчылар көп, ырлар да көп. Кантип өзгөчөлөнүш керек?

– Ар бир ырчы өзгөчөлөнүү үчүн изденип жүрөт. Эгер кантип өзгөчөлөнүш керек экенин билсем, анда ошону кылмакмын жана башкалар менен бөлүшмөкмүн.Сиздин сурооңузга ар бир артисттин өзүнүн стили болушу керек деп гана жооп бере алам. Ал эми "кантип элге алыныш керек?" деп сурасаңыз, анда жүрөктөн чыккан, элдин жан дүйнөсүнө жакын чыгарманы эл өзү эле көтөрүп салат деп жооп бермекмин. Мисалы, досум Джоннинин «Күттүм, ай» ыры өзү эле тарап кетти. Ал ырды жайылтууга көп деле аракет кылган жок. Анткени ырда ар бир адамга тааныш сезимдер тууралуу айтылып жатат. Анткени ар бир адам бул жашоодо бирөөнү же бир нерсени күтүп жүрөт. Ыр жүрөккө жакын, мааниси жана аткаруусу мыкты болгону үчүн эл жакшы кабыл алды.

– Сенин ырларың кандай жаралат?

– Мен бир ыр жаратыш үчүн 8-9 ай изденем. Минтип жүрүп 1 жылда бир же эки гана ыр чыгарганга жетишем. Жаздыргандан кийин жакпай калганы да болот. Жакпаганы ошол бойдон чыкпай калат. Шоу-бизнеске аралашып жүргөн 5 жылда 7 гана ыр чыгарыптырмын.

– Башка өлкөлөрдөгү шоу-бизнес менен биздикин салыштырсаң керек. Кандай айырманы байкайсың?

– Эсиңиздерде болсо, 2005-жылдары биздин эстрадада революция болгон. Жакшы ырлар чыккан. Казак ырчылары биздин ырчылардын ырларын которуп ырдашкан. Ошол кезде кыргыз эстрадасынын деңгээли казактардыкы менен бирдей деңгээлде болгон деп айта алам. Азыр салыштыруу кыйын. Казак ырчылары көп жанрдагы ырларды жазып жатышат. Ал жакта ырчылар да көп болгондуктан атаандаштык да күч. Анан да Казакстанда бизге караганда элдин саны 3 эсе көп. Бирок Орусия да, Америка да кыргыз ырларындай ырлар менен мактана албайт. Аталган өлкөлөрдөн келген ырчыларды коноктоп калганда эски ырларыбызды, мисалы, Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдап бергенибизде коноктор «силердин музыкаңар аябай сонун экен» деп таң калышат. Андыктан биз деңгээлибизди көтөрүп, дүйнө жүзүнө чыгармаларыбыз менен таанылабыз десек, анда нукура кыргыз ырларыбызды гана ырдай беришибиз керек.

– Азыр Рыспай Абдыкадыровдой таланттар барбы?

– Албетте. Рыспай Абдыкадыров атабыз деле убагында азыркы Мирбек Атабековдой жылдыз болгон да. Хит ырларды жаратып, эл анын ырларын жакшы кабыл алып, ырдап жүрүшкөн. 20-30 жылдан кийин Мирбек Атабековдун да Рыспай атабыздай аты өчпөй, ырлары ырдала берет. Азыр эле анын канча деген ырлары элдин жүрөгүндө калды.

– Сенин ырларың да ошончо көп жашайт деп ойлойсуңбу?

– Мен ошону кыялданам, ырларымдын унутулбай ырдалып жүрүшүн. Өзүм жок болсом да ырларым, атым элдин жүрөгүндө калса деп кыялданам.

– Ошол эле учурда азыркы ырчыларга чыгармаларынын сапаты боюнча көп сындар айтылат...

– Чыгармачыл адамдын башкача дүйнөсү болот. Ал ошол дүйнөсү тууралуу элге айткысы келип жатса, аны сындабаш керек. Бир да ырчынын ырдаганын сынап, бирин экинчисине салыштырбайм. Ар бир чыгарманы колдойм. Ар бир ырдын өз угарманы бар. Эч кимге атаандашпайм. Ырымды 10 угарман жактырса да мага ошол жетиштүү.

– Ырдын сөзүн жазасың, обон чыгарасың, аткаруучусуң, бийлейсиң, битбокс өнөрүнүн ээсисиң. Биз билбеген дагы кандай өнөрлөрүң бар?

– Тамак жасаганды жакшы көрөм. Убактым болгондо аялыма жардам берип тамак жасайм.

– Бала да карашасыңбы?

– Ооба. Бирок бала караган мен үчүн аябай кыйын. Жарым саат карап эле чарчап калам. Андайда жубайыма «баланы сен кара, мен тамак жасайын» дейм. Айымдарга баа берем. Алар күнү-түнү бала карай алышат. Бул аябай кыйын жумуш.

– Ошону мырзаларга айтып койчу (күлүп). Анткени көпчүлүк мырзалардын аялдарына «эртеден кечке үйдө бош отурасың» дегендерин угуп калам.

– «Эркекмин, акча алып келип жатам, эч нерсе кылбайм» деп чалкалап жатып алган туура эмес. Бир үй-бүлө болгондон кийин мырзалар аялдарына жардам бериши керек.

– Кызың менен уулуңа кандай ата болуп жатасың?

– Жумшак атамын. Балдарымды такыр уруша албайм. Балдарымды эле эмес, жубайымды да урушуп, үнүмдү көтөрүп сүйлөй албайм. Жубайым экөөбүз айтыша кеткен учурда «кел, эртең же 2 саттан кийин сүйлөшөбүз» дейм. Убакыт өткөндө жинибиз тарап кетет.

– Социалдык тармактарда жазган постторуңду окуп, өзүн баалоо сапаты бийик окшойт деген ойдо калдым...

– Ооба, өзүмдү бийик баалайм. Адам өзүн сүйүшү керек. Өзүңдү жакшы көрүп, карабасаң, сени башка эч ким карабайт. Кантип караш керек? Жаман сапаттарыңдан арылып, ден соолугуңа кам көрүп, спорт менен машыгып, кыскасы, өзүңө сый мамиле кылышың керек. Өзүңдү сүйбөсөң жашоодо эч нерсеге жете албайсың.

– Хайпка болгон мамилең?

– Хайп – бул атың чыкпаса жер өрттө деген эле сөз. Бирок мен башкалардын оюна көңүл бурган жигитмин. Мисалы, эл мени жакшы бала деп ойлоп жүрсө, жаман иш кылып койсом уят да. Менин чийип алган рамкаларым бар. Андан өтө албайм. Ошол рамкадан чыга алсам хайп кылганга даяр болмокмун. Бирок мындай чектөөлөрүм өзүмө жагат. Жакшы менен жамандын ортосунда чек болушу керек. Ал эми биз, ырчылар, өзгөчө чыгармаларды жаратып, эл уга элек жанрдагы ырларды жазсак, ошол хайп болот.

– «Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт». Чыгармачыл адамдар өлкөдөгү көйгөйлөргө кайдыгер карап отура албаса керек. Сени эмне көбүрөөк ойлондурат?

– Менимче, эң алгач элдин аң сезими өзгөрүшү керек. Кыргыз экенибизди, салт-санаабызды, тарыхыбызды унутпай, бирок замандан артта калбай алдыга умтулганды үйрөнүшүбүз шарт. Ар бир жаран өлкөгө өз салымын кошо аларын билиши зарыл. Мен 3 жыл Орусияда кафе-ресторандарда ырдап иштегем. Ошол жакта башка улуттун жарандарына Кыргызстан, анын тарыхы тууралуу айтып берип, жаратылышын видео, сүрөттөрдөн көрсөтүп, мактанчумун. Ал адамдар биз тууралуу жакшы пикирде калышса, кубанып калат элем. Мен элим, жаратылышыбыз, салт-санааларыбыз менен сыймыктанам. Дагы бир ойлонткон маселе – кыргыз тили. Тилибизге көңүл бурушубуз зарыл. Ар бир кыргыз жараны кыргызча сүйлөшү керек.

– Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аско: "Көптөр мени бойдок деп ойлошот"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-30 11:47:48
Заманбап кыргыз экен.
+1
Hatali
2019-12-30 16:13:14
Манадятуу адам экени суйлогон созунон эле билинип турат. Молодец бирда ырчынын мындай токтоо акылдуу интервьюсун окуй элекмин. Ырларын билбейт элем эми карап угуучусу болом.Ырчы десе эле фонагрма менен ырдагандан башканы билбеген темтиректер кобойуп кетти. Эки создун башын бириктирип суйлой албаган. Аско ийгилик жаны жыл Атабековдун ийгилигиндей баш айланткан атактуулук алып келсин. 21 кылымдын Рыспайы бол .Жаны жылда жаны ырларды коптон жаз.
+2
aijanik5
2019-12-30 18:16:47
Мынча жакшы Адам.Сонун интервью,башкаларга караганда!
+3
rafo80
2019-12-31 03:28:18
10 адамдын бири менмин. Ырдай бер иним.
+1
katerina.li
2019-12-31 15:12:00
Мирбекти Рысбайга салыштырбай эле койбоптуп
0
janym_balam
2019-12-31 16:47:40
Ырчы дегенди биринчи Супер-Инфодон тааный турган болдук.
+4
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан