КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ЛЕГЕНДАСЫ, РЕЖИССЁР БОЛОТ ШАМШИЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз-Совет кинорежиссёру, Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Шамшиев катуу оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз киносуна айтып бүткүс салым кошкон, «Кыргыз кереметин» жаратуучуларынын бири, атактуу режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрь күнү Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү. Бүтүндөй кыргыз журтунун көөдөнү бөксөрдү, дагы бир легендасынан айрылды.




СОГУШ ЖЫЛДАРЫНА ДАЛ КЕЛГЕН БАЛАЛЫК

Болот Шамшиев 1941-жылдын 12-январында Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев акын, жазуучу, журналист болгон. Ал эми апасы Авина Мурзаходжаева белгилүү врач-гинеколог, медицина илимдеринин кандидаты эле. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Болочок кинорежиссёрдун бала чагы согуш жылдарына дал келгендиктен, оор заманда таенесинин колунда чоңойгонун айтып бергени бар. «Көптөр «шаарда төрөлүп-өскөн бала кандайча айыл турмушун кинодо жогорку деңгээлде чагылдыра алды экен?» деп сурай беришет. Атам фронтко кетип, апам бизди багыш үчүн согуш жылдары 2-3 жумушта иштегенге туура келген. Ошондуктан биз дайыма шаар сыртындагы Орто-Сай айылында, таенемдин колунда болор элек. Айыл турмушу мага ошондон жакшы тааныш. Таенем дагы абдан кеменгер, тартипке бекем аял болчу. Эгер менде жападан жалгыз бир жакшы сапатым болсо, бул таенемдин тарбиясынан деп билем».

Мектеп курагында окууда башкалардан анча деле айырмаланбаган Болот Шамшиевге эң жакпаганы математика сабагы болсо, адабият, тарых, география сабактарын абдан жакшы көрчү экен. Ошол кезде эле чыгармачылыкка жакын экендиги байкалат. 5-класс кезинде короодо спектакль койгон күндөрүн өзү ММКларга берген маектеринде мындайча айтып бергени бар: «Эки бактын ортосуна жип тартып, ага кездемелерди илип алар элек. Ал биздин көшөгө. Анан алдын ала эскертилген биздин короонун жашоочулары өзүнүн отургучтарын көтөрүп келип оюнубузду көрүшчү. Согуштан кийинки жылдар болгондуктан дайыма патриоттук ырларды ырдачубуз».

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР

Апасынын «уулум врач болсо экен» деген тилегине карабай 1959-жылы орто мектепти аяктаган соң Болот Шамшиев Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна тапшырат. Келечекти көздөй чечкиндүү кадам таштаган болочок кинорежиссёр өзүн кино тармагында татыктуу көрсөтө баштаган. 1963-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз булак» чыгармасынын негизинде тартылган Лариса Шепитьконун «Аптап» кинотасмасында баш каарман Кемелдин образын жараткан. Аталган ролу үчүн «Эң мыкты дебют» сыйлыгы менен Ленинградда өткөн I Бүткүл союздук кинофестивалда сыйланган. Ал эми 1964-жылы белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр жолу, касиеттүү өнөрү тууралуу «Манасчы» деген аталыштагы даректүү тасмасы менен дипломдук ишин жактаган. 1965-жылы Болот Шамшиевдин бул эмгеги Германиянын Оберхаузен шаарында болуп өткөн кинофестивалда баш байгени жеңип алган. Көп узабай жаш режиссёрдун «Чабан» деген аталыштагы даректүү тасмасы жарык көрүп, анын артынан эле «Караш ашуусундагы атышуу», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кинотасмалары элдин купулуна толгон. Ал эми "Ак кеме" тасмасы IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге ээ болгон. Ошондой эле аталган тасма режиссёрго СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болууга жол ачкан. Болот Шамшиевдин чыгармачылык ааламынын кенендигин далилдеген «Эрте жаздагы турналар» тасмасын кимдер гана билбесин. Ал эми «Бөрү зындан» көркөм тасмасы ошол мезгилдин эң көп кирешелүү тасмасы деп табылган эле. Андан тышкары «Снайперлер», «Фудзиямага чыгуу» жана башка шедеврлерди жараткан. Ал эми «кыргыздын өңү» деген атка конгон Сүймөнкул Чокморов, атактуу актриса Айтурган Темирова сыяктуу бир топ актёрлордун багын ачып, элге алардын талантын алып чыкканы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА, АКТРИСА: «БОЛОТ ШАМШИЕВ КЫРГЫЗДЫН БИЙИК ЖЫЛДЫЗЫ ЭЛЕ»

– Кыргыздын бир чыгааны Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында турабыз. Болот абдан акылдуу, интеллекти бийик, ойчул адам эле. Азыркыга чейин анын тарткан тасмаларынан деңгээли бийик тасма тартыла элек. «Кыргыз кино кереметтерин» жараткан авторлор экөө болсо, анын бири Болот болчу. Менин бир гана арманым – артында окуткан окуучулары калбады. Анын акыркы жылдары тасма тартпай калгандыгы жөнүндө али көп арман, көп сөз болот го. Мындай чоң талант кылымда бир жаралат.

ЭМИЛ БОРОНЧИЕВ, АКТЁР: «70-ЖЫЛДАРДАН БЕРИ ЧОГУУ ЖҮРҮП, МАГА АТАМДАЙ ЭЛЕ БОЛУП КАЛГАН»

– Кино дүйнөсүнүн эшигин ачып берген эки инсандын бири Чыңгыз Төрөкулович болсо, бири Болот байке эле. 1970-жылдардан бери жанында жүрдүм. Мага атамдай эле болуп калган. Өмүрүнүн акыркы 29 жылында тасма тарткан жок. Бул өкмөт улуу инсандын талантын толук колдонуп кала алган жок дегенди билдирет. Бирок эми баары кеч болуп калгандан кийин айта берүүнүн кажети жок го деп ойлойм. Акыркы күндөрү китеп жазып жаткан эле, 4 даяр сценарийи бар болчу. Айланып келип эле каражат маселесине такалып токтоп калып жаткан.

МУРАТ МАМБЕТОВ, АКТЁР, РЕЖИССЁР: «АК КЕМЕНИ» АЙТМАТОВДУН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЖЕТКИРЕ ТАРТКАН»

– Болот Шамшиевдин режиссёрлугу алдында тартылган канча тасма болсо, ар бири чоң ачылыш болчу. Болгону 25 жашында «Караш ашуусундагы атышууну» тарткан. Мындай кино эми жаралбайт. «Ак кеме» тасмасын алалы. Элдин баары аны «Чыңгыз Айтматовдун деңгээлине жете алган бирден-бир тасма» деп айтышат. Айтматов кандай ойлонуп жазса, ошол ойду Болот Төлөнович Шамшиев так өзүндөй тасмага түшүргөн. Анын кыргыз киносуна кошкон салымы тоодой.

АКЫЛБЕК МУРАТАЛИЕВ, АКТЁР: «АТТИҢ, АНЫН ТАЛАНТЫН МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНА АЛБАЙ КАЛДЫК»

– Негизи жашоонун өзүнүн агымы, өзүнүн багыты болот экен. «Булбул учса тал калат, бул дүйнөдө ким калат? Өрдөк учса көл калат, өлбөй тирүү ким калат?» дейт. Адам өмүрү өткөн соң бул дүйнөдө «элине эмне калтырды?» деген ой жаралат. Артында кино искусство тармагында ошондой тарых жарата алган, маданиятта из калтырган адамдардын бири менен бүгүн коштошуп турабыз. Аттиң, Болот Шамшиевдин акыркы жылдарын максаттуу пайдалана албай калдык дейт элем. Бийик-бийик ой-максаттары бар эле, жашоо ушундай экен. Кыргыз эли учукту улаган таланттардан кур эмес деп жакшыдан үмүт үзбөйбүз. Ал эми Болот аганын жаткан жери жайлуу болсун!

ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ, МАНАСЧЫ: «АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЗЫЙНАТЫМДА МАНАС АЙТЫЛСЫН ДЕГЕН КЕРЭЭЗИ БАР ЭКЕН»

– Улуу режиссёр Болот Шамшиев менен жакындан тааныш болбосом дагы, анын бийик дүйнө таанымы менен сырттан тааныш элем. Кечээ Маданият министрлигинен чалып “Болот Шамшиевдин “акыркы сапарга узатуу зыйнатымда манас айтылсын” деген керээзи бар экен. Манас айтсаңыз туура эле болобу? Болсо келип манас айтып берсеңиз” деп сурап калышты. Илгертен кыргызда мындай нерсе бар экендигин айтып, дароо макул болдум. Каза болгон адамдын сөөгү үч күн үйдө түнөтүлгөн, ошол убакта жаны тиги дүйнөгө коркпой, Манас атанын деми менен аралашып алсын деп манас айтышкан. Буга чейин да Чыңгыз Айтматовдун, Турсун Уралиевдин, Тууганбай Абдиевдин акыркы сапарга узатуу зыйнатында манас жаңырып турган эле.

Өмүрү өтсө да, ташка тамга баскандай асыл эмгектери кыргыз элинин көз алдында түбөлүккө кала берери бышык. Легендарлуу кинорежиссёр Болот Шамшиевдин дүйнө салганына байланыштуу «Супер-Инфо» гезити жакындарына жана кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Каражаттын жоктугунан тасма тарта албай жүргөн"... Залкар режиссёр Болот Шамшиевди замандаштары эскерет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан