ЖАҢЫ ЖЫЛ – «АШКАЗАНДЫН МАЙРАМЫ». ТУУРА ЭМЕС ТАМАКТАНУУГА ЖОЛ БЕРБЕ

Жаңы жылдык дасторконду баарыбыз эле колдон келишинче аянбай, түрлөп жасоого далалат кылабыз. 1-2-3-январь дээрлик Жаңы жыл түнүнөн калган тамактарды түгөтүү менен өтөт. Бул учурда ашказандын ал-акыбалын унутуп коёбуз. Бул көрүнүш жакшы эмес, андыктан төмөнкү кеңештерди эске түйүп алыңыз.

Колдон келишинче кооз дасторкон жасайбыз деп столдун үстүндөгү тамактардын 60-70 пайызын муздак тамактарга толтурабыз: майонез кошулган салаттын түрлөрү, тоок жана балык, тууралган сыр, колбаса жана башка закускелер.

Мындай тамактын баарын дасторконго койбо деп тыюу салбайбыз. Бирок жеп жатканда буларды өтө майлуу тамактар менен аралаштырбоого аракет кылыңыз. Анткени май муздак тамактар менен аралашканда сиңимдүүлүгү төмөндөп, ашказанга күч келет.

Бир нече азыктын курамындагы түрдүү белоктор аралашканда ал сиңбей, ичегиге барып былжырлуу челди пайда кылат. Натыйжада ичеги жабыркайт.

Эт, балык, каймак, жумуртка, сыр сыяктуу белокторду аралаштырбай жегенге аракет кылуу керек.

Апалар Жаңы жылга деп жапкан компоттордун мезгили келди! Буга кошумча газдалган суусундуктар, шампан жана башка ичимдиктер дагы дасторкондон орун алат. Канчалык туура тамактанып жатам десеңиз да, жегениңиздин үстүнөн муздак суусундук ичкениңиз тамак сиңирүүнү дароо төмөндөтөт.

Жаңы жыл түнү кеч тамактанууну салтка айлантып алганбыз. Бышырган казы-карта, чучук, мантынын баарын президент сүйлөп бүткөндөн кийин чыгарып келип жеп баштайбыз. Бул учурда организм уйкуга даярданып жаткан чагы болот. Уктаар алдында жеген тамак толук сиңбей, кайсы бир бөлүгү таң атканча ашказанда туруп каларын эске алуу керек. Бул токсиндерди пайда кылып, ашказан оорлошуп зарна болууга жеткирет. Андыктан кечки тамакты өз учурунда эле жеп, кийинки учурларда жеңил салаттарга өтүү оң.

Апам «жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын» деп айтчу эле. Курсак айрылбайт, бирок тамакты калтырбай жейбиз деп ашказандан айрылып калуу коркунучуна кептелбөө керек. Мындан тышкары январдын башы жалаң Жаңы жыл түнүндө калган тамактарды түгөтүү менен башталат. Колдон келишинче эски тамактарды жебөөгө аракет кылыңыз. Эскирген тамактарды таштандыга же итке салып бербейм десеңиз, башынан эле ченеп жасоону пландаган оң.

Гүлжан Асакожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан