"BTS'тин" 4D адамы - V

3-ноябрь. Испаниянын Севилья шаарында дүйнөлүк музыканттардын башын кошуп, музыкага салым кошуп келе жаткан артисттерди сыйлоо аземи - MTV Euro Music Awards өттү. Бул беделдүү сыйлык тапшыруу аземинде түштүк кореялык “BTS” тобу 3 номинацияга көрсөтүлүп, анын экөөсүндө жеңишке жетишти. Топ менен кошо аталган номинацияларда дүйнөлүк жылдыздар Билли Айлиш, Ариана Гранде, Эд Ширан, Шон Мендес, Тейлор Свифт да ат салышкан. Бирок “Мыкты жандуу аткаруу” жана “Мыкты күйөрмандар” наамдары “BTS’тин” куржунунда калды. Топто мындай беделдүү музыкалык сыйлыктардын саны 300дөн ашат. Баса, күйөрман демекчи, чындыгында эле “BTS’тин” армисинин күчүн байкаңыз, ноябрдын аягында Сеулда өткөн “VLIVE AWARDS VHEARTBEAT-2019” музыкалык фестивалында “Эң сүйүктүү артист” наамын “BTS” алды. Социалдык тармактардан добуш берүүнүн негизинде аныкталган номинацияда топтун күйөрмандары алдына эч кимди салган жок. Бул наамга Кореянын мен-мен деген музыкалык “GOT7”, “MonstaX”, “BLACKPINK”, “SEVENTEEN”, “TWICE” топтору да ат салышкан. Бирок “BTS’тин” армиси жеңишти өз кумирлерине алып беришти. Бул макаланы жазгыча Инстаграмдагы  @super_info_official баракчабызга “BTS” жөнүндө көп жазгыла!”, “Чонгуктан башкасын чыгара элексиңер!” деп бизди урушкандар да болду. Анда эмесе, “BTS’тин” кыргыз күйөрмандары үчүн топтун дагы бир таланттуу ырчысы Ким Тэ Хён же V тууралуу маалымат бермекчибиз.

Аты-жөнү – Ким Тэ Хён

Псевдоними – V

Туулган жери – Түштүк Корея, Тэгу шаары

Туулган жылы – 1995-жыл, 30-декабрь

Бою – 179 сантиметр

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган, карындашы жана иниси бар

Лейбл – Big Hit Entertainment

Кесиби – ырчы, бийчи, композитор, актёр

4D-АДАМ

Жашыл-көк түстүү көзү, көпчүлүк учурда жүзүнөн эч кандай эмоция байкалбаганы үчүн “BTS’тин” калган мемберлери Ким Тэ Хёнду 4D-адам дешет. Жаккан бий кыймылдарын кыска аралыкта жаттап алган, өзгөчө кыймылдары менен топко көрк кошкон Тэ Хён кичинесинен эле чыгармачылыкка жакын өскөн. Болочок ырчынын ата-энеси фермерлик менен алектенишип,
Тэ Хёндон сырткары дагы бир уул, кызды тарбиялашкан. Балдарын эркин тарбиялаган ата-эненин уулу бекеринен тартынбаган мүнөзгө ээ болбогон чыгар. “Кичинемде эле ырчы болом деп ойлочумун. Классташтарыма окшоп сахнага чыккандан уялчу эмесмин, тескерисинче, эл алдына чыгып алып бийлеген жакчу” деген
Тэ Хён 7-классында саксофон ийримине жазылат. Ыр, бий жаатында ийгиликке жетишкени менен, музыкалык аспапта ойноо Тэ Хён үчүн кыйынга турган. Андыктан саксофонду профессионалдык деңгээлде үйрөнөм деген аракетин 3 жылдан соң жыйыштырып койгон.

ЫРЧЫ ЖЕ ФЕРМЕР

Өзү сымал ырчы болом деген өспүрүмдөргө кошулуп Тэ Хён ырдаган, бийлеген видеолорун ар кайсы музыкалык компанияларга жөнөтүп турган. Дүйнөлүк жылдыздарды чыгарган
Big Hit Entertainment компаниясынан сунуш түшкөндө Тэ Хён алгач ишенген эмес. Стажёр болуп жүргөн күндөрүн ал “алгач баары сыйкырдай сезилди, азыр ойгонсом эле өз бөлмөмдө жаткан болом дечүмүн” деп эскерет.

Компаниядагы башка стажёрлор менен бирге бий түрлөрүн үйрөнүп, үнүн таптап, актёрдук чеберчилигин өнүктүрүп, чет тилдерин үйрөнгөнгө күнүнө 15 сааттай убакыт бөлчү. Андан сырткары үй тапшырманы да аткаруу керек эле. Мындай тыгыз графикке чыдоо бардыгынын колунан келбейт болчу. Бир канча өспүрүм мындай графикке чыдабай, ырчы болом деген кыялынан баш тартып, компаниянын эшигин жаап кете беришкен. Топко алынабы же жеке ырчы болуп чыгабы белгисиз, дегеле стажёрлук мөөнөттү ийгиликтүү аяктайбы сыяктуу суроолорго жооп жок болсо да Тэ Хён баарына чыдаган. 2 жылдан соң гана, 2013-жылы “BTS’тин” мембери болгон. “Коомчулукка “BTS’тин” мүчөсү деп тааныштырганда менин дарегиме 1 даана куттуктоо каты келген. Ошондогу бактылуу болгонумду сурабаңыз. Таңкы 4кө чейин уктабай ошол катты кайра-кайра окуп чыккам” деген Тэ Хёнго учурда күнүнө миллиондогон кат келет. Тэ Хёндон “ырчы болбой калсаң кайсы кесиптин ээси болмоксуң?” деп сурашканда, ал жылмайып “фермер болмокмун” деп жооп кайтарат. К-рор күйөрмандарынын бактысына ал фермер эмес, ырчы болду.

ЖЕКЕ ЫРЧЫ

Топко алынгандан 2 жылдан кийин Тэ Хёндун жаңы таланты ачылган. Ал эми жөн гана ырдап, бийлеп койбостон, ырдын сөзүн жазып, обон чыгарууга өткөн.Топтун популярдуулугун арттырган «Hold Me Tight» ырынын авторлорунун бири биздин бүгүнкү каарман V. Эмнеге V десеңиз, продюсерлер сунуштаган бир канча псевдонимден Тэ Хён V деген атты тандап алган. Англис тилинен “Victory (V) – жеңиш” дегенди түшүндүрөт. 2016-жылы топтон сырткары анын жеке аткаруусундагы автордук «Stigma» ыры музыкалык чарттарда алдыңкы орундарга ээ болгон. V'нин чыгарган музыкасы топтун азыркы ийгилигине ири салым кошту десек жаңылбайбыз. 2019-жылдын башында V жеке долбоор, башкача айтканда, жеке ырчы катары да чыгарын агенттиги билдирип, ырчы «Scenery» чыгармасын тартуулады. Ыр интернетке чыгары менен лайктардын рекорддук көрсөткүчүн багындырган.

Учурда V ырчы, бийчи, композитор, модель, продюсерлик кесиптерде өзүн суудагы балыктай сезет. Анын актёрдук чеберчилиги да мактоого арзый турган иш. Анын актёрдук дебюту 2016-жылы “Хваран: Башталыш” дорамасында болгон. “Мен сериалдагы каарманым менен кошо күлүп, кошо ыйлап жаттым. Каарманымдын жашоосунда аз убакыт болсо да жашаганым үчүн ыраазымын. Образымды ачып бере алсам экен деп кабатыр болдум. Көрөрмандарга аткарган ролум жагат деген үмүттөмүн” дейт жаңы кесипти багынткан Тэ Хён.

ЭКСПЕРИМЕНТТЕРДИН “АТАСЫ”

Түрдүү бий кыймылдары, түрдүү чач жасалгалары, чачын түрдүү өңдөргө боёо, кийинүү стилиндеги өзгөчөлүк боюнча V эксперименттердин “атасы” аталып келет. Өзүнө эмне жарашарын так билген V 2017-жылы “Түштүк Кореядагы эң келишимдүү мырза” аталган. Мындай наамдар Ким Тэ Хёндун сандыгында көп. Алардын беделдүүлөрүнүн бири – 2018-жылы Түштүк Кореянын президенти тарабынан сыйланган “Маданиятка кошкон салымы үчүн” ордени.

Урматтуу К-рор күйөрмандары, кайсы корей жылдызы жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан