ШИҢЖАҢДА ОКУТУУ БОРБОРЛОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА КЫТАЙДЫН УЛУТТУК МЫЙЗАМДАРЫНА ЖООП БЕРЕТ

Эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары Кытай ар дайым БУУнун токтомдорун, эл аралык укуктун принциптерин, БУУнун Коопсуздук Кеңеши кабыл алган терроризм менен күрөшүү боюнча бир нече токтомдорду, Генералдык Ассамблея кабыл алган глобалдык контртеррордук стратегиясын, зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын активдүү колдоп жана колдонуп келет. Шиңжаңдагы окутуу борборлорунун түзүлүшү Кытайда БУУнун Глобалдык контртеррордук стратегиясында белгиленген “террористтердин жана террордук топтордун кыймылынын алдын алууда” ошондой эле планга ылайык жаштарды билимге, кесипкөйлүккө тартууда маанилүү чара болуп саналат.

Окутуу борборлорун түзүү тиешелүү чет өлкөлүк мыйзамдарга же иш-чараларга таянат. Көптөгөн өлкөлөрдө терроризм менен күрөшүүгө ылайык мыйзамдары бар. Мисалы, 2015-жылдын февралында Улуу Британия терроризм менен күрөшүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Экстремизмдин максаты – адамдардын экстремизмдин алдында туруштук бере албоосу болсо, “алдын алуу” стратегиясынын алкагында экстремизм менен күрөшүү окутуу программасына укуктук негиз болуп берет. 2005-жылдын мартында Улуу Британияда “Терроризмдин алдын алуу мыйзамы” кабыл алынган, анын максаты – терроризм менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууга жеке катышы бар адамдардын ишине бөгөт коюп, алардын андан аркы бул тармакта иш жүргүзүүсүнө тыюу салуу. Калкты терроризм коркунучунан сактоо үчүн аталган мыйзам терроризмге шектүү адамдарга көзөмөл кылуу чараларын көрөт.
Кээ бир мамлекеттерде терроризм менен күрөшүү мыйзамдарынан сырткары экстремизм менен күрөшүү мыйзамдары да иштейт. Мисалы, Казакстанда чыгарылган 2013-2017-жылдардагы Диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүү Улуттук планы диний экстремизм менен терроризмге алып келчү терс таасирлерден арылууга арналган. Арылуу үчүн идеологиялык кайра окутуу, түшүндүрүү, алдын алуу, кесепеттери менен күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Белгиленген максатка ылайык, 2017-жылы бардык жаштар жана экстремисттик идеологиялык тенденцияга берилген жаштар да системдүү билим алып, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү даярдыгынан өтүшү керек болгон.
Ал эми айрым мамлекеттер терроризм менен күрөшүүдө диний экстремисттик идеялардын жайылышын алсыратуу чараларын көрүшкөн. Өзбекстанда диний экстремисттик идеялардын таралышын азайтуу үчүн бир катар узак мөөнөттүү механизмдер кабыл алынган. Мисалы, толугу менен диний иш-аракеттерди жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, дени сак жана активдүү жашоо образына үндөө, салттуу маданиятты коргоо, элдин диний түшүнүгүн жогорулатып, диний-экстремизмге, терроризмге каршы туруштук берүүгө үйрөтүү жана башка.
Чет элдик тиешелүү мыйзамдарды же иш-чараларды колдонуудан сырткары, Шиңжаңдагы окутуу борборунун түзүлүшү ШКУда кабыл алынган конвенцияларга да жооп берет. Мисалы, терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү тууралуу Шанхай конвенциясы, Сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү концепциясы, ШКУнун терроризм менен күрөшүү конвенциясы, ШКУнун экстремизм менен күрөшүү конвенциясы, 2019-2021-жылдар аралыгында терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана башка.
Профессионалдык билим берүү жана даярдоо окутуу борборлорунун түзүлүшү улуттук мыйзам жана эрежелер тарабынан колдоого ээ. Кытай өкмөтү БУУнун тиешелүү токтомдорун активдүү ишке ашырып жана колдоп келет. Бир катар мыйзамдарды жана эрежелерди терроризм жана диний экстремизм менен күрөштүн натыйжалуулугун арттырууга ылайыктап түзөт.
Билим берүү борборлорун түзүү боюнча тиешелүү улуттук мыйзамдар жана жоболор бар, алар: Кытай Эл Республикасынын Улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамы, Кытай Эл Республикасынын Жазык мыйзамы, Кытай Эл Республикасынын Жазык-жол-жоболор мыйзамы, Кытай Эл Республикасынын Терроризм менен күрөшүү тууралуу мыйзамы, Дин жөнүндө жоболор, Шиңжаң-Уйгур автономдук районунун “Кытай Эл Республикасынын Терроризм менен күрөшүү тууралуу мыйзамы” жана “СУАРдын дерадикалдашуусу тууралуу жоболордун” аткарылышы боюнча иш-чаралар.
Окутуу борборлорунда милдеттүү түрдө аткарылчу катуу тартип бар, мисалы, мугалимдерге жардам сыяктуу.

Азыркы учурда окутуу борборлорунда окугандардын 3 түрү бар: биринчиси – террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге мажбурлоо, тукуруу жолу менен баргандар жана экстремисттик, террористтик иш-аракеттерге кокустан катышып калса, ал кылмыш деп эсептелбесе.

Экинчиси – бирөөнүн түрткүсү, мажбурлоосу же коркутуу жолу менен террористтик, экстремисттик иш-аракеттерге баргандар, же коркунуч алып келчү аш-аракеттерге барып, ал аракети оор кесепеттерге алып барбаса жана ал өз күнөөсүн моюнуна алып, ыктыярдуу түрдө окутуу борборлоруна келгендер.

Үчүнчүсү – террористтик жана экстремисттик кылмышка баргандар. Камактан бошогонго чейин алар коомго коркунуч жаратуучулардын катарына кирет.

Элдик соттор улуттук мыйзамдарга ылайык камактан чыккан адамдарды алып келип, окутуу чечимине келишкен. Биринчи жана үчүнчү категориядагылар үчүн “Кытай Эл Республикасынын Терроризм менен күрөшүү тууралуу мыйзамынын” 29-30-жоболоруна ылайык, аларга жардам берүү үчүн окутуу жана иш менен камсыз кылуу процесстери мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Экинчи топтогу адамдар үчүн кылмыш саясатынын эрежелерине ылайык өз күнөөсүн моюнуна алып, өз эрки менен окутуудан өткөн адамдарга жардам берип, андан ары билим, тарбия алуусуна шарт түзүү керек. Бул топтогу адамдарга бекер кесиптик билим берүү бир канча формада жүргүзүлөт. Мисалы, борборлоштурулган окутуу, жатак мектебинде окутуу жана практикалык окутуу. Ал эми окууну аяктаганы тууралуу сертификат ийгиликтүү экзамен тапшырылгандан кийин берилет. Окуу программасы бүткөндөн кийин студенттер өздөрү жумуш тандашат же тиешелүү бөлүмдөргө жумушка орноштуруу өтүнүчү менен кайрылса болот. Өткөн жылы мындай студенттердин көпчүлүгү коомдогу кадимки жашоосуна кайтып келишкен.
Андыктан Шиңжаңда билим берүү борборлорунун түзүлүшү БУУнун бардык жоболоруна, токтомдоруна жана Кытайдын улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине жооп берет. Бул өз кезегинде дерадикализация жана терроризм менен күрөшүү тармагында эл аралык коомчулуктун принциптерине жана концепцияларына позитивдүү практика болуп саналат.

Макала Кытайдагы "Гуанминжибао" гезитине жарыяланган материалдан кыскартылып алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tular
2019-12-30 16:24:24
Ушу Шинжаң бизге керекпи? Андан көрө жакшы кесипкөйлөрдөн макала жазып чыгарсаңар пайда 10 пайыз көбүрөөк болсо да жакшы болмок. Же кытайдын идеологиясын акырындык менен силинип жатасыңарбы?!
+3
Shef87
2019-12-30 23:45:44
Кытайга окууга барбагыла
+2
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан