КОЙ (21.03-20.04)
Кырдаал сизди майрамдык маанайдан олуттуу маанайга өтүүгө аргасыз кылат. Активисттер ойдогу планды ишке ашырардан мурда ал коомдук нормалардын талабына жооп береби же жокпу деп ойлонуп көрүүсү кажет. Достор менен табигат коюнуна барып эс алууну пландашыңыз мүмкүн. Акча аласыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаңы билим, маалыматтарды өздөштүрүүгө ылайыктуу апта. Айрымдар өз адистиги боюнча жумуш издөөгө киришишсе, кээ бирлер жаңы долбоордун кемчилигин оңдоп чыга башташат. Романтикага убакыт артат. Жылуу кийинбесеңиз ооруп, олуттуу дарыланып каласыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иштерди убагында бүтүрбөй үйдөгүлөрдүн нааразылыгын жаратасыз. Жактырган адамына сүйүүсүн билдире албай жүргөндөргө мүмкүнчүлүк чыгат. Жолугушууга чакырыңыз. Аптада чет тилди өздөштүрүү батыраак жүрөт, андыктан курска бара баштасаңыз болот.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жан шеригиңиз сизден көп нерсени талап кылат. Катуу айтпай акырын ийге келтирүү керек. Кол өнөрчүлүк, искусство менен алектенгендер жакшы эмгек жаратышат. Энергияңыз толкуп-ташып турганына карабастан узакка жол жүрүүдөн, кечеге баруудан баш тартуу оң. Жыйынтык сиз күткөндөй болбойт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Катарыңыздагы айрым адамдардын жек көрүүчүлүгүн сезесиз. Бирок ал адамдарга көңүл бурбай, өз иштериңизди бүтүрүңүз. Үйдө чоң балдарды өз алдынча чечим чыгарууга көндүрүп баштоо керек. Бирөөлөрдүн ишин ортого түшүп бүтүрүп берип, олжо арттырышыңыз мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үй-бүлө, сүйүү башкы орунга чыгат. Андыктан үйдөгүлөргө кам көрүп, балдарды эс алуучу жайларга алып барып эс алдырып келесиз. Соода жаатында иштегендерге жакшы сунуштар түшөт. Айрымдар өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө киришет. Мисалы, китеп окушат, йога менен машыгышат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Маанилүү маалыматты бирөөлөргө жеткизүү керек болот. Бул миссия оор болгондуктан жан дүйнөңүздү тең салмактуу абалдан чыгарышы ыктымал. Айрым иштерди үйдө отуруп эле телефон чалуулар аркылуу бүтүрүүгө жетишесиз. Чоң эмес суммадагы акча келип түшөт. Достордун сунушу менен үйгө буюм аласыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Үйдөгүлөрдүн талабы боюнча телевизор, ноутбук караштырасыз. Жеке жашоодо пайда болгон маселе боюнча сырдаш досуңуздан кеңеш алсаңыз жакшы. Күтүлбөгөн кырдаал бирөөлөр менен мамилени үзүүгө түртөт. Өрт кырсыгынын алдын алып, үйдөгү жылыткычтын, мештин абалын текшерүү сунушталат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумушта да, үйдө да лидер болууга туура келет. Чыгармачылыкка да аралашасыз. Жакындарыңызды жакшы нерселер менен кубантууга аракет кылыңыз. Айлык же сыйлык аласыз, же туугандардан материалдык жардам келет. Сүйүктүүңүз менен бир жакка барганда чыр-чатакка аралашпаңыз, мамилеге жарака кетет.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жыйынтык сиз күткөндөй болушу үчүн план боюнча иш кылуу кажет. Боорукерлик сезимиңиз ойгонуп, бирөөлөргө кайрымдуулук көрсөтөсүз. Балдарды кышкы оюндарды ойноо учурунда жаракатка кабылуудан сактоо керек. Ортого түшүп, таарынышкандарды жараштырышыңыз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Мырзалар аптада чоң иштерди бүтүрүүгө далалат кылса, айымдар үйдү тартипке келтирүүгө, сырткы келбетти өзгөртүүгө көңүл бурат. Үйдө камалбай, чакырган жер болсо конокко баруу керек. Чөйрөдөгүлөрдүн үй-бүлөлүк чырына аралашпаңыз. Дарегиңизге жаман сөз угуп каласыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Организмиңизге күч келип ооруп калбоо үчүн кара жумушту чеги менен жасоо оң. Бир туугандардын, ата-эненин көңүлүн алып, камкордукка чулгаңыз. Кирешени көбөйтүү жолдорун табуу үчүн бирөөлөр менен кеңешесиз. Бойдоктор сүйүктүүсүнө калп айтып, алдабоолору кажет. Болбосо калпы бат эле ачылып, мамиле үзүлөт.