ЖАРАЛУУ ЖҮРӨК

Узун кара көйнөк кийген бийкеч томсоргон бейиттерди аралап келе жатты. Кайгынын кара чүмбөтүн тагынып алгансыган бул бийкечтин колундагы бажырайган гүлдөр гана тирүүлүктөн кабар берип тургансыды.
Бийкечтин бир жыл мурун эле жүзүнөн жаштык нуру төгүлүп, көзү кубанычтан жайнап турчу. Бирок, тагдыр ошол кубанычынан айырып, минтип томсортуп койду. Анан да баарынан оор нерсе, бул кайгынын күнөөкөрлөрү өзүнүн ата-энеси эле...

Тагдыр бурулушу
– Атаке, апа, туруп алдыңыздарбы?
Шаңдуу күлүп, бөлмөсүнөн чык­кан кыз катуу үн салды. Жай-тирилигин сүйлөшүп отурган ата-эненин ошол замат жүздөрүнө күл­кү ойной түштү. Анткени, ар дайым кызы кирип келгенде бөлмө жарык нурга бөлөнүп кеткенсип көрү­нөөр эле.
– Кана, кызым, жаңылыктарыңдан айтып жиберчи,- деди атасы жылмая.
– Сиздин кызыңыз канчадан бери ардак тактасынан түшпөй, жалаң «5» менен окуп жатканы сизге жаңылык деле эмес да. Андан башка жаңылыгым деле жок.
– М-м, ардак тактадан түшпөгөн кызына атасы кандай белек даярдап койду дебейсиңби?
Карлыгач атасынын сырдуу жылмайганына түшүнө бербей карап калды.
– Эң мыкты деген машина мындан ары сиздики болот.
– Ураа-а!
Кубанычтан жаркыган кыз алаканын чапкылап, бийлеп жиберди. Көптөн бери атасы убада кылган машинанын ачкычы акыры колуна тийгенине маңдайы жарыла кубанып турду.
– Жаркыган кабагыңдан сенин... Машинаң кут болсун, жарыгым.
Энеси да мээримдүү үн кошту. Так ошол чоктой кызыл машинасы менен кетип бара жатып сүйүүсүнө жолугаарын Карлыгач билген эмес эле.

Жолугуу
Көчөдөгү кыжылдаган машиналардан суурулуп чыккан Карлыгач жеңил дем алып, ылдамдыкты күчөтө берди. Жеңил музыканын коштоосунда кыялы чабыттап бара жатып, капысынан алдынан чыккан адамды кечирээк байкап калды. Тигил да шамдагай неме экен. Артын көздөй шарт бурула бергенинен улам аман калды.
– Ай-ай...
Карлыгач бар күчү менен тормозду тепкенин бир билет. Ачуу үн менен сүрүлүп барып токтогон машинадан Карлыгач ыргып чыгып, жолдун четинде аны карап үрөйү учуп турган жаш жигитти көрдү.
– Кечиресиз, мен...
– Эч нерсе эмес.
Канчалык жини келип кызга кыйкырайын дегени менен жигит жаман сөз айта алган жок. Кыздын периштедей таза көздөрү анын тилин байлап турду. Экөө бир азга тиктешип калышты.
– Мен сизди тааныйм,- деди бир топтон кийин гана жигит.
– Кайдан тааныйсыз?
– Билбейм, балким, түшүмдө көрсөм керек.
Энтигип кеткен жигит кыздан көзүн ала албай турду. Экөөнү тагдыры ушинтип жолуктурган эле. Ушул жолугушуудан кийин экөөнү кандайдыр бир белгисиз күч бири-бирин көздөй бириктирип бара жатты. Карлыгач табиятынан адептүү, дили таза бул жигитке кантип байланып калганын билбей калды.
Абдулдун улуту түрк болчу. Бул жакка Түркиядан окууга келгенин, өзү бир үйбүлөнүн жалгыз баласы экенин таанышкан күнү эле айткан. Оо, ал кезде экөөнүн жалындаган махабаттан башка эч нерсени ойлогонго чамалары келбеген эле.
Жайкы түндөрдүн биринде кыналышкан экөө келе жатышты.
– Карлыгач, атамдан кат алдым,- деди бир кезде Абдул ойлуу.
Кыз сөздүн ары жагында маанилүү бир нерсе жатканын сезип, үн каткан жок.
– Окуумду бүтөөрүмдү күтүп жатышат. Окуумду бүткөндө сени менен барып калаарымды айттым.
– Абдул, биз бул тууралуу сен окууңду бүткөнчө сүйлөшпөй туралычы?!- деди кыз.
– Мен сенден ажырагым келбейт. Карлыгач, мен сага ушунчалык көнүп калган экенмин. Сенсиз бир да күнүмдү элестете албай калдым. Сенден эми өлүм гана ажыратпаса...
Жигиттин жалындаган көз карашына кыз туруштук бере албай жер карады.
– Мени карачы?!
Карлыгачтын ээгинен көтөрө берген жигит көздөрүнөн кыйналып турганын көрдү.
– Абдул, азыр эмес. Баарын убагы келгенде сүйлөшөбүз.
Карлыгач чын эле ушул учурда эч нерсе тууралуу ойлогусу келген жок. Өзү тандап алган жол калпыс экенин ал дилинде сезип келе жаткан эле.
– Карлыгачым менин....
Абдулдун ысык илеби кызды өрттөп өткөндөй болду. Бири-биринин жүрөгүнүн үн кагышын тыңшап тура беришти.

Биринчи каршылык
Кийинки кездерде кызынын жү­рүм-туруму башкача болуп бара жатканын байкагандан бери эненин жүрөгү түпөйүл. Кечинде ар дайым сабак окуп бөлмөсүндө отурчу кызынын эми куру шылтоолор менен шаарга чыгып кеткени көбөйдү. Бул атанын да көз жаздымында калган жок.
– Карлыгач кайда?
– Курбусунукуна кетти эле.
Атасы таңкала карап калды.
– Күнүгө кечинде эле курбусунукуна кете береби? Кечээ эле кетпеди беле. Бүгүн үйдө болсун деп айт­падым беле сага.
– Унутуп калса керек. Эртең менен айткан элем.
Энеси айласыздан чынын айтты. «Дүр-р» эткен машинанын үнү чыгаары менен ордунан ыргып турган эне далбастай эшикке атылды. Босогодон көрүнө берген Карлыгач энесине таңкала карап алды.
– Апа, эмнеге ушуга чейин жата элексиз?
– Балам, кайда жүрдүң? Атаң экөөбүз тең сени күтүп уктабай жаттык.
Ушул учурда атасы босогодон көрүнө берди.
– Кызык, мен эми кичинекей эмесмин да, апа, тынчсызданбай эле койбойсуздарбы?- деп Карлыгачтын эч нерсе болбогондой ийинин куушуруп турушу атанын безине тийди.
– Ушундай де... качантан бери өзүңдү-өзүң билип калгансың? Мындан ары «кечкиге калам» деп ойлобой эле кой. Мен сенин шапар тээп жүрүшүң үчүн машина алып берген эмесмин. Мындан ары...
Атасы көпкө күпүлдөдү. Карлыгач үн катпай угуп турду да, акырын үн катты.
– Ата, менин да өзүмдүн жашоом бар го. Туура, мага өмүр бергенсиздер. Бирок, менин жашоомо тийиштүү нерселерди өзүм чечкенге уруксат бериңиздер.
– Эмне-е?
– Ата, мен... мен жакында бул жактан кетүүгө мажбурмун...
Карлыгач үрөйү учкан атасы менен энесинин жүзүнө карай албай терс бурулду. Бирок, канчадан бери көкүрөгүн өйүп келе жаткан нерсени айтпаса да болчудай эмес.
– Кызым, деги сенин дениң сообу?
– Эмне деп жатасың?
Атасы менен энеси жарыша кыйкырып жиберишти. «Азыр айтпасам кеч болуп калат. Эмне болсо да түшүнгөнгө аракет кылышаар. Баары бир мен Абдулсуз жашай албасым турган кеп. Мындан башка жол жок». Кыз ушуларды ойлоп, «кесээр бармакты биротоло кесейин» деди көрүнөт, башын бийик көтөрүп, атасына тике карады.
– Мен ансыз жашай албайм, ата, уруксат бериңиз. Мен Абдул менен Түркияга кетүүгө мажбурмун!
Ушул күндөн баштап бул үйдөн тынчтык кетти. Абдулдун түрк экенин укканда ого бетер жаалданган ата кызына «тышка чыкпайсың!» деп катуу буйрук берди. Бирок, Карлыгач да өз айтканынан кайтпай туруп алды. Акыры ата-энесинин жум­шарбасын ойлоп, бир күнү Абдул менен качып кетүүгө бел байлады. Ушундан соң жаштар өздө­рүн­чө тымызын тойго даярдык көрө башташты.

Даярдык
Апакай көйнөктү кармалап турган кыз бактылуу жылмайып алды. Абдул экөө бул жактан кичинекей той кылып туруп, анан анын мекенине кетүүгө макулдашышкан. Экөөнүн тең курсташтары менен чакан кафеге тойлошуп, эртеси учуп кетишмек. Тойго саналуу күн калган сайын кыздын тынчы кетип барат. Ушул учурда колуна бажырайган гүлдөрдү кучактаган Абдул кирип келди.
– Карлыгач, бул сага.
Жигитинин колундагы гүлдөрдү алып эркелей кетти.
– Магабы? Айтчы, Абдул, биз үйлөнгөндөн кийин да дал ушундай гүлдөрдү белек кыласыңбы?
– Ананчы, ар күнү... Баса, даярдыгыбыз кандай? Оо, көйнөгүң керемет го...- деп келе жатып кыздын көзү жашылдана түшкөнүн сезди.
– Карлыгач, сага эмне болду? Эмне ыйлап жатасың?
Кыз көзүнүн жашын аарчый берди.
– Абдул, атам мени качандыр бир кезде кечирет болду бекен?
– Карлыгач...
– Билбейм, экөө азыр томсоруп үйдө отурганын элестеткенимде жанымды коёрго жер таппай кетип жатам. Жок дегенде кийин түшүнүшсө болду.
– Жаным, биз түбөлүккө кетебиз деп жаткан жерибиз жок го. Бир жылдан кийин келебиз. Балким, балалуу болуп калабыз. Анан небересин көрүшкөндө өздөрү эле кечиришет.
Абдул колунан келген аракетин кылып, жоошутуп жатты. Тез эле Карлыгачынын ачылган гүлдөй кабагы «жарк» эте түшөөрүн билет эмеспи... Бактылуу күлкүлөр жаңырып жатты. Бирок, ушул көз ирмемдер алардын бактысынын акыркы үзүмү эле.

Болбой калган үйлөнүү той
Ай-ий, кулпурасың го...
– Кандай сонун көйнөк!
Карлыгачтын апакай көйнөгүнө суктана карашкан кыздар дуулдап жатышты. Мына, жакшы санаалаш досторунун баары келишти. Аз убакыттан кийин салтанат башталат. Дуулдаган жаштардын куттуктоосунан Карлыгачтын башы айланып турду. Бирок, көзү менен Абдулдун караанын издей берди. Мындан бир аз мурун эле «галстугумду алмаштырам» деп дүкөнгө чуркап кеткен Абдулдан кабар жок.
– Колукту, күйөө кайда?
– Келет, азыр келип калат.
Буулуккан үнүн араң баскан кыздын эшиктен көзү өтүп жатты. Канча убакыт өтсө да, Абдул келген жок. Түн жарымына чейин күткөн жаштардын деми сууп, бир жамандыкты сезгендей бирин-бири кооптуу карап алышты.
– Бул эмнеси?
– Ал кайда кетиши мүмкүн?
– Кой, тургула, жабылып издейли...
Ушинтишкен жигиттер бир-бирден эшикке агылып, Абдулду издегени кетишти.
Кыздар иреңи купкуу болгон Карлыгачты жоошутуу менен алек.
– Келет эми, келип калат.
– Оо, Кудай, тынччылык болсо экен...
Ошентип, жаштардын куттуу тою дүрбөлөңгө айланды. Көзү­нөн жашы буурчактаган колукту эч нерсеге түшүнбөй жатты. Бир канча убакыттан кийин эшиктен кирип келген Мустафа энтиге босогого жөлөнүп, эмне дээрин билбей туруп калды.
– Эмне болду? Абдул кайда экен?
– Тилиңди жутуп алдыңбы?
Кыздар чурулдап жиберишти.
– Карлыгач, Абдулду... аны өлтүрүп кетишиптир.
– Эмне-е?
– Таш оозуңа!..
Карлыгачка чурулдаган кыздардын үндөрү да угулбай, өзү кайдадыр бир жакка учуп бара жаткандай тура берди. Бир кезде гана ачуу кабар мээсине жеткендей тунарган көзү ачыла берди.
– Жо-ок! Ишенбейм!
Жүрөгү үзүлүп кетчүдөй зырпылдып бара жатканын сезди. Кантип эле? Кантип Абдулду мындан кийин көрбөй калсын? Ансыз кантип жашайт? Карлыгач өзүнө туш болгон кайгынын уусун көтөрө албай турду.
Абдулдун ата-энесинин уруксаты менен сөөктү бул жакка жашырышты. Аза күткөн эл да Карлыгачтын абалына боору ооруп аяп карап жатышты.

Ачылган чындык
Абдулдун табышмактуу өлүмү­нөн кийин Карлыгач тирүү жүрөт дегени эле болбосо, жансыз сөлө­көт­кө айланды. Эч ким менен эч нерсе сүйлөшпөйт, тамак да ичпейт. Болгону, Абдулдун сүрөтүн карап гана телмирип отура берет. Ата-энеси алгач «жаш эмеспи, эртең эле ылайыктуу бирөө табылса унутаар» деп жүрүштү. Бирок, күн өткөн сайын кыздын абалы оордой берди. «Ким? Аны өлтүр­гөн ким болушу мүмкүн? Мынчалык Абдулга кастык кыла турган ким бар эле? Ошону тапсам...» деген ойлор анын көкүрө­гүн өйүй берчү. Бир күнү ал сыр да ачылды. Түн ичинде ашканадан суу ичип келүүгө турган эле. Ата-энесинин бөлмө­сүнөн апасынын күңгүрөн­гөн үнү даана угулду.
– Абышка, кызыңдын абалы күндөн-күнгө начарлап баратат.
– Көрбөй турат дейсиңби? Эмне кылайын?.. Ушундай болот деп ойлоду дейсиңби? Жалгыз кызыбызды атам тааныбаган жерге кантип коё берет элек, ыя?
– Билбейм, абышка, билбейм. Эгерде кызың сенин буйругуң менен кылынган иш экенин билсе...
– Жап оозуңду...
Карлыгачтын колунан чынысы ыргып кетти. Көмөкөйү катып, буулугуп баратты. Азыр ушул ааламды жаңырта бакырып алгысы келди. Бирок, тамагынан эч кандай үн чыккан жок. Ичи ысып, күйө берди. Өмүрүн арнаган ашыгынын өлүмүнө өзүнүн ата-энесинин күнөөлүү экенине эч ишенгиси келбей жатты. Бирок, бул ачуу чындыктан эч качан качып кутулбасын да дилинде сезип турду.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Maratbekova
2018-02-19 19:34:26
Кандай гана тагдыр
0
Melman2018
2018-02-19 20:09:32
Даа артык кылабыз деп тыртык кылыптырда
0
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан