АЙЫЛ БАНКТЫН «АЙМАК» ДОЛБООРУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ КАРДАРЫ

Чарба жүргүзүүнүн азыркы шартында аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик экономикалык саясаттын өзөгүн түзгөн иш багыты катары каралууда. Ошого карабастан өлкө аймактарында көптөгөн маселелер чечилбестен, көз жаздымда калып жаткан шартта "Айыл Банк" өлкө ишкерлери үчүн эң эле алгылыктуу каржылоо шарттарын сунуштап, жаңы ишканаларды түзүп, алардын ишин ийгиликтүү илгерилетүүгө өбөлгө түзүүдө.

«Айыл Банк» ААКсы мына ушундай көкөй кести көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында “Аймак” аталышындагы жаңы кредиттик долбоорду иштеп чыгып, улуттук валютада 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6-10 пайыздык чен алдында кредиттерди жигердүү сунуштап жатат. Кредиттин суммасы 30 миллион сомго чейин, ал эми алуучунун өздүк салымы кеминде 20% болушу керек.

Ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана бизнес чөйрөсү үчүн алгылыктуу шарттарды сунуштоо аталган кредиттин максаты болуп саналат. Өнүктүрүү багытын көздөгөн программаларды каржылоо аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттарына жооп берген айкын бир инвестициялык долбоорлор боюнча гана ишке ашырылат.

Долбоор боюнча жогоруда белгиленген талаптарга Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таширов атындагы кооператив жооп берип, “Аймак” долбоору боюнча алгачкы кардар болуп калды. Курамына 1200гө жакын адам кирген бул кооператив 1994-жылы түзүлүп, тар жол, тайгак кечүүдөн өтүп, айыл чарба техникаларын сунуштоо жана өсүмдүк өстүрүү жагында олуттуу тажрыйба топтоо менен өзүнө таандык 886 гектар жер тилкесине буудай, арпа, пахта өстүрүүгө жетишкен. 1998-жылы өндүрүштүк-үрөнчүлүк багытындагы кооператив статусуна ээ болгон.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативди билими боюнча агроном, бул багытта көп жылдык тажрыйбага ээ Жоошбеков Зарипбек Сүйүнович жетектеп келүүдө.

Аталган кооперативдин аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымын, албетте, баса белгилеп кетүү зарыл. Жергиликтүү өндүрүштүк компанияларга ичтен чийки заттарды сунуштоого олуттуу көмөк көрсөтүп, жергиликтүү калкты жумуш орундары, ал эми өндүрүш ишин ири сандагы жумушчу күчү менен камсыздап жатат.

Салыштырмалуу кыска мөөнөт ичинде кооперативден өндүрүлүп алынган айыл чарба азык-түлүгү олуттуу суроо-талапка ээ. Анткени сапаты жана көлөмү жагынан жергиликтүү фермерлер менен таасирдүү атаандашууга жөндөмдүү. Бүгүнкү күндө өзүнө караштуу 120 гектар жер тилкеси болсо, 500 гектар жерди ижарага алып иштетип жатат. Албетте, бул үчүн атайы багытка каралган ар кандай техника: кубаттуу 5 трактор, 4 комбайн, камаз жана бензовоз колдонулууда.

Кооператив дээрлик 15 жылдан бери “Айыл Банк” ААКсынын ишенимдүү кардары катары мезгил-мезгили менен ар кандай долбоорлорду каржылоо өтүнүчү менен банкка кайрылып, колдоого ээ болуп келген.

Анткени бүгүнкү күндө “Айыл Банк” – арымдуу өнүгүү багытында ишенимдүү кадам таштап, эл ишеничине ээ болгон, финансылык кызмат көрсөтүүнүн кеңири топтомун калк кызматына сунуштаган таасирдүү финансы-кредиттик уюм. Учурда аталган банк көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы сапта туруу менен туруктуу иш алып барган банктардын катарын толуктап, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, колдоо көрсөтүп жаткан чагы.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Логвиненко көч., 14

office@ab.kg

http://www.ab.kg

0(312)68 00 00

0556 68 00 00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан