“ОШ БАЗАРЫНДА” 435 МАШИНА БАТКАН УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙ КУРУЛАТ

Бишкектин “Ош базарындагы” баш аламан соода кылуучу орундар соңку жылдары акырындык менен иретке келтирилип келе жатканы байкалууда. 2018-жылы базардагы удаасы менен катталган өрт кырсыктарынан соң күйүп кеткен орундарга “Берекет” ЖАКсы 4 кабаттуу соода имаратын курган. Аталган компания алдыдагы бир аз тоскоолдуктар жоюлуп кетсе, жакын арада унаалардын да баш аламандыгын жоюу максатында заманбап унаа токтотуучу жай курууну пландап жатат.

Миллиарддаган акчалар айланган “Ош базары” канчалаган адамдардын кызыкчылыктары ортосунда кагылышууларды жаратып келет. Алардын арасында шаардын инфраструктурасын, иретин, тазалыгын, соода тартибин ойлогондору аз. Ар бири өз көмөчүнө күл тартып, жеке кызыкчылыктарын ойлогондор. Карапайым эл соода орундарыбыздан кол жууп калбайлы деп кооптонушса, элдин ушул коркунучунан пайдаланып чагымчылдык менен ортодо пайда тапкан карга-кузгундар да жок эмес. Келечекте курула турган заманбап унаа токтотуучу жай соодагерлерге жана кардарларга кандай ыңгайлуу шарттарды түзүп берерине кызыгып “Берекет” ЖАКсынын президенти Индира Абласовага кайрылып, жооп алдык:

– 2018-жылы өрттөнүп кеткен соода орундарынын ордуна 4 кабаттуу соода түйүнүн курдук. Учурда бул жерде ишкерлер соода-сатыктарын жүргүзүп, тиричилик кылып жаткан чагы. Соода орундары жылуу, коопсуз, электр энергиясы менен жабдылган жана кайтарууга толук алынган.

Жаңы имарат Ала-Арча суусунун жээгинде жайгашкан. Ал эми суунун батыш жээгинде биздин компанияга тиешелүү жер тилкеси бар. Учурда ушул жер маселеси боюнча түшүнбөстүктөр жаралууда. Ал жактагы соодагерлер сууну жээктеп коюлган темир контейнерлерде кооптуу шартта, жарыктандырылбаган жерде соода кылып жатышат. Бул бөлүк шаардын көркүн бузгандан тышкары мыйзамсыз иштетилип жатат. Тиешелүү жактарга, жергиликтүү бийликке кайрылып, жерибизди бошотуп берүүлөрүн талап кылсак, эл деген эл экен, алар чуу көтөрүп, Ак үйдүн алдына митингге чыгып ызы-чуу салып койсо эле унчукпай калып жатышат. Биз контейнерлерде сууктун күнүндө тоңуп-шишип соода кылып отурган соодагерлерге жаңы курулган “Берекет” базарынан орун берели деп даярдап койгонбуз. Учурда 652 орун ээлерин күтүп турат.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 18-августунда кабыл алынган №315 токтомуна ылайык, эскалатор, лифт, заманбап, өрткө каршы жана адамдардын коопсуздугу эске алынган, көп кабаттуу 435 унаага ылайыкталган, 40 миң чарчы метр аянтты ээлеген унаа токтотуучу жай салынмак. Долбоор ишке ашса, "Ош базарынын" тегерегинде жайгашкан кварталдардын инфраструктурасынын оңолушуна, тактап айтсак, унаа тыгыны, автоунаа токтотуучу жайлардын жоктугу, жолдун жээгинде жана тротуарлардагы башаламан соода кылуу, антисанитардык курч маселелер чечилмек. «Берекет-Универсал» соода түйүнүнүн жабылышы жөнүндө маселе 2018-жылдын ноябрь айында көтөрүлгөн. Ижарага алынган соода орундары убактылуу болгон, келишим мөөнөтү 2019-жылдын февраль айында аяктаган. Ижарачылардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук акимчилигинин суранычы боюнча, базарды жабуу мөөнөттөрү бир нече жолу жылдырылган. Расмий түрдө базар 2019-жылдын 12-апрелинде жабылган.

«Берекет-Универсал» ижарачыларына жанындагы жаңы салынган заманбап соода комплексине убактылуу көчүү сунуш кылынган, ал жерден атайын бир кабат бөлүнүп, контейнер-базарынын мурунку баасы менен: эч кандай кошумча төлөмдөрү жок сунушталган. Соода элементтерин камтыган унаа токтотуучу жайынын курулушу бүтөрү менен кайра өз соода орундарына келишмек.

Бул суроолорду ийри отуруп, түз кеңешип чечүү зарыл. Ушул жаралган түшүнбөстүктөр үчүн мен өзүмдүн атымдан эки тараптан тең кечирим сурайм. Бул маселени сабырдуулук, аң-сезимдүүлүк менен чечип аларыбызга ишенем. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан