КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТОЙЛОРДУН СЫРЫ

Кыргыздарда маанилүү датадарда конок тосуу жана элден бата алуу байыртадан келаткан салт. Бул салт бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек жана ар бирибиздин жашообуздун маанилүү бөлүгүнө айланган. Тойлордун жаңы сезонун алдын ала бул тармакта өз орду бар адамдардын бири Мурат Арыстанбеков менен маектешүүнү туура көрдүк. “Той Сервис” ресторандар компаниясынын жетекчиси Мурат Арыстанбеков бул бизнестин өзгөчөлүктөрү менен бөлүштү.

“Той Сервис” компаниясы – ар түрдүү маанилүү даталарды өткөрүүчү, каалагандай сандагы коноктор бата турган (аз сандагы коноктон максималдуу санга чейин) люкс классындагы 5 ресторан. Аларга төмөндөгү премиум-ресторандары кирет: «САЛКЫН-ТӨР», VAVILON, IMPERIAL, PRESIDENT CITY HALL жана жакында эле курулган RIXOS HALL. Эгер кааласаңыз ушул эле кызматты үйүңүзгө же офисиңизге заказ берсеңиз болот.

– Айтсаңыз, сиздердин конок тосуучу залдар башкалардан эмнеси менен айырмаланат? Деги эле мындай айырмачылык барбы?

– Албетте бар! Биринчиден, биздин команданын 18 жылдык иш тажрыйбасы бар. Кандай иш-чара өткөрүү керек болсо да, анын майда-чүйдө сырларына чейин билебиз – улуттук каада-салттар, юбилей, тушоо той, шеринеден баштап азыркы заманбап үйлөнүү тойлоруна чейин. Экинчиден, ресторандагы ар бир нерсе өзгөчө көзөмөл астында болот жана конокторго, буюртма берүүчүлөргө (той ээсине) кызмат көрсөтө турган өзүбүздүн системабыз бар. Ошол эле учурда жеткиликтүү баалар жана биз тойго кетчү каражатты эффективдүү бөлүштүргөндүн жолун үйрөнгөнбүз.

Биздин ар бир ресторандын өзүнүн инфраструктурасы бар – коопсуз паркинг, намазкана, артисттер үчүн башка жол менен кирүүчү эшиги менен гримёркалар, колуктунун бөлмөсү өзүнүн санузели менен, мисалы, “Салкын-Төрдө”.

Ал эми Imperial ресторанында атайын балдар үчүн кенен бөлмө ачылды – банкетке балдарыңыз менен келесиз да, профессионал бала багуучунун колуна өткөрүп берип, өзүңүз көңүлүңүз тынч эс алып отурасыз.

Vavilon ресторанынын кооздугуна 15 метрлик лэд-экран кошулду – эми шоу-программа менен коштолгон маараке өткөрсөңүз болот, а баасы эч өзгөргөн жок.

President City Hall ресторанында дүйнөдө чанда кездешүүчү, ал эми Кыргызстанда такыр эле жок уникалдуу кызмат көрсөтүүлөр бар. Мисалы, “Учуучу алтарь” – тойдун эң толкундатуучу мезгили болгон жаш түгөйлөрдү бийи учурунда шыптан түшөт. Ушундай эле дагы бир кызмат – “Асмандан түшкөн торт”. Залдын так ортосунан асмандан түшүрүлгөн кооз торт. Бул учурдагы коноктордун реакциясын көрүү гана керек, алар дайыма жагымдуу таң калуусун жашыра алышпайт. Элестетсеңиз, сонун эмоциялардан сырткары кандай гана фото, видеолор калат. Бул күндү унутуу мүмкүн эмес!

Жакында эле биз Rixos Hall 5-рестораныбыздын эшигин конокторубуз үчүн ачтык. Бул жерде кенен банкеттерден сырткары чакан майрамдарды да өткөрүүгө болот, 12 адамдан жогору бата турган кабинкалар жайгашкан.

Ар бир ресторанда аппаратурадан каражат аяган эмеспиз, ар бир ресторанда тушоо тойдо чуркоого арналган аянттар (старт-финиш) жайгашкан. Албетте, салтка айланган эт жана уча тартуу салтын майрамдык салтанат менен алып чыгабыз. Конокторго эт үчүн атайын мээлейлер берилет.

– Сиздердин ашкана тууралуу дайыма оң пикирлерди угабыз. Өзгөчөлүгү эмнеде?

– Чындыгында эле бизде кесипкөй ашпозчулардын командасы иштейт. Алардын эмгегинин үзүрү менен ар бир рестораныбызда автордук даамдуу тамактар бар. Бирок классикалык позицияларды дагы заманбап жасалгалоо жолу менен тартуулайбыз. Натыйжада бардык тамактар өзүнчө көркөм чыгармага айланат, мындан коноктордун көзү да, табити да, маанайы да ачылат.

Негизги сыр: “Той Сервистин” бардык мекемелеринде азык-түлүктөрдү тандоодогу стандартташтыруу бар. Бизге орто жолдон эле жашылча-жемиш, балык же сырлар келип калбайт – бизге азык-түлүк алып келүүчүлөрдүн баарынын сертификациясы бар. Күмөн жаратуучу азык биздин ашканага кирбейт. Ар бир эт азыгынын сапат сертификаты жана Халал сертификаты бар. Мунун бардыгы тамактардын даамына таасир берет. Кошумча бизде тамактарды алдын ала даярдоо деген жок – бардыгы ошол иш-чара болчу күнү жасалат.

– Эми сервистеги өзгөчөлүктөргө токтолсоңуз?

– Биздин ресторандар тизмегибизде 250 кызматкер бар, алардын жарымы официанттар. Алар болсо түздөн-түз коноктор менен байланышта болушат. Андыктан биз өзүбүз иштеп чыккан катаал стандарттардан сырткары, ар бирине жеке мамиле кылабыз. “Той Сервисте” официанттар – бул тамак ташуучу эле адамдар эмес. Алар банкет өткөрүүнүн эрежелерин майда-чүйдөсүнө чейин жаттап бүткөн, натыйжада коноктордун каалоосун алдын ала биле алган профессионалдар. Бир дагы конок аларды кол булгалап издеп калбайт, керектүү нерсесин сурабайт. Анткени алар өз убагында куйчусун куюп, алчусун алып, жогорку деңгээлде тейлешет.

Тамак-аш, суусундуктар кайсы маалда коноктордун алдында болушу керектиги бир мүнөтүнө чейин эсептелген. Мисалга, тамак менен бий бир учурга туш келип калбашын алдын алуу керек. Официанттар үчүн атайын көрсөтмөлөр иштелип чыккан, конокторду тейлеп жатканда кайсы тарапка басышы керек, кайсы колу менен чай куюшу зарыл, приборлорду канча ирет алмаштыруу керек жана башка. Бардык официанттарыбыз кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөшөт, айрымдары англис, түрк тилдерин да билишет.

Биз жетекчи катары ар бир кызматкерибизди атынан билебиз, анын жеке жашоосу тууралуу да кабарыбыз бар. Сөзсүз түрдө карьералык тепкичтен көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү каралган, бул ишке ашырылып келе жатат.

Күн сайын конокторубуз менен баарлашып, банкеттен кийин атайын анкеталарды толтуруп, кызмат көрсөтүүдөгү сунуштарды кабыл алып турабыз. Коноктордун баалоосу боюнча ар бир айдын акырында мыкты кызматкерлерди аныктайбыз. Аларга премия берилет, ата-энесине ыраазычылык кат жазып, өзүбүз барып тапшырып келебиз. Алыскы аймактарда жашаган ата-энелерге катты почта аркылуу жөнөтөбүз. Ал эми жыл аягында бардык мыкты делген официанттар баш байге – спорттук велосипед үчүн күрөшүшөт.

Андан сырткары командабыз менен жаратылыш коюнуна, Ысык-Көлгө, коңшу өлкөлөргө чыгып эс алып турабыз. Менеджерлерди атайын тренинг, оратордук чеберчилик курстарына окутуп турабыз. Ошондой эле спорттук иш-чараларды да уюштуруп турабыз. Кошумча биздин ресторандар тизмегибизде кызматкерлерибизди 3 маал ысык тамак менен камсыздайбыз.

– Сиздерде буюртма берүүчүлөргө отчёт берүүнүн кандайдыр бир супер-системасы бар дешет?

– Ооба, буюртма берүүчүлөргө бардык процессти каттап беребиз. Коноктор биздин ресторанды көргөнү келгенде эле дароо алдын ала сервировкаланып даяр турган столго баам салышат. Алар өз алдынча канча суусундук, таттуу, жашылча-жемиштерди алуу керектигин эсептей турган система иштеп чыкканбыз.

Конок сатып алган азыктарын алып келгенде – биз баарын алардын көзүнчө эсептеп, таразага тартып алабыз. Иш-чара болор күнү бир столду толук даярдап, буюртма берүүчүгө бардык азыктар коюлганын көрсөтөбүз. Банкет бүткөндөн кийин канттан баштап калган азык-түлүктөрдүн бардыгын кол койдуруп ээсине өткөрүп беребиз.

– Эмнеге ресторандардагы бааларда мынчалык чоң айырмачылык бар? Бирөө банкетте киши башына 800 сомдон сурайт да, ал баанын ичинде бардыгы болот. Дагы бири андан кымбат сумманы сурайт, кошумча алып баруучуну, шоу-программаны өзүң даярдашың керек болот...

– Ар бир конок коопсуз жана сапаттуу тейлөө керекпи, өзү чечиши керек. Мен бул суроодо үнөмдөбөйт элем. Анткени күн сайын эле жакындарыбызды, тууган-урук, досторубузду чогултуп той бере бербейбиз. Бул той өмүр бою эсибизде калчу нерсе да! Анын үстүнө аброй да алып келет эмеспи.

Эгер банкет өтө арзан болсо, демек, азык-түлүктөрдө үнөмдөө жүргүзүлөт. Бул кооптуу жагдайларга алып келиши ыктымал. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, эгер 800 сомго аппаратура, алып баруучунун кызматы да кошулса, бул банкеттин жарым баасы болуп калат. Андан калган суммага сапаттуу, даамдуу 1 эмес, 2 ысык тамакты, салаттарды, закускаларды жасоого мүмкүнбү? Өзүңүз деле базар бааларын билип туруп ушул суммага ошончо тамак жасай алат белеңиз? Күмөнүм бар.

Биздин ресторандарда конокторубуздун маанилүү иш-чараларын тобокелдикке сала албайбыз. Андыктан бизде стандарттан сырткары чоң порцияда тамактар берилет, алар ишенимдүү, сапаттуу гана азык-түлүктөрдөн жасалат. Эгер биз тамаданын кызматын белекке беребиз десек, анда коноктор каалаган тамадасын тандап, каалагандай баада алып келе алышат.

Жалпылап айтканда, конокторубуз бизди чындап жактырып, кайрадан келгиси келгендей кылганга аракет жасайбыз. Керекпи Кыргызстандын жаратылышын көргөнү келген туристтер да биздин ресторандарда өткөн тойлорго катышкысы келгидей кызмат көрсөтсөк дейбиз.

– Маегиңизге рахмат жана иштериңизди ийгиликтер коштосун!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
vikidiki
2019-12-30 16:56:19
Оозду ачырды го!
+3
Tyty1990
2019-12-30 20:39:36
Кыргызды той жеп бүтө турган болду. Досум бир ай мурун үйлөнүп, болгон акчасын тойго чачып кайра чемоданын сүйрөп Россияга кетти.
+3
baltabaev
2019-12-31 01:15:24
Андайын ачпай эле койбопсунар,кыргыз эли олордун кунунон зоргодон зорго иштеп жургондо талаалап.
Дагы каада салт имиш. Эээ салтын менен кара жерге кир
+3
ZhanMM
2020-01-02 07:34:59
Ошол күн келет. Ошондо айтат эл, эмнеге тойлорго ушунчадан акча кетирип жүрдүк экен а, деп
+2
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан