22-декарбда АКШнын Виржиния штатында 69 унаа катышкан кырсык катталып, андан 51 адам жабыр тартты. Алардын баары жергиликтүү 4 ооруканага жайгаштырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, аталган автокырсык калың тумандан жана жолдун тайгактыгынан улам орун алган. Кырсыктан улам штаттарды бириктирген автомагистралдын эки тарабы тең жабылган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg