АБАЙЛА, ТАЙГАЛАК!

Бишкекте 1 айда шаардык травматология бөлүмүнө 267 киши кайрылган. Алардын көпчүлүгү жолдон тайгаланып, жаракат алгандар. Алардын ичинен 91 адам жамбаш сөөгүнөн сынык алса, 44 адам тизеден ылдыйкы бөлүктөн сынык алган. Тайгаланып жыгылуунун алдын алуу боюнча эскертебиз.

• Буттарды эркин койбой, тизелерди азыраак бүгүп, ал эми тулку бойду бир аз алдыга багыттоо керек.

• Эки колду чөнтөккө салып басуу кооптуу. Тайгаланып кеткен учурда колду чөнтөктөн чыгарууга жетишпей калышыңыз ыктымал.

• Унаалар каттаган трассанын жээги менен эч качан баспаңыз. Бул өтө кооптуу! Ошол эле учурда имараттардын түбүнө да жакын басуудан качыңыз. Кардын эришинен муздар чатырларда тоңуп калган учур. Башыңызга түшпөйт деген кепилдик жок.

• Жолду кесип өтүүдө бир гана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүңүз. Унаалардын баарынын эле айдоочулары дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырган эмес. Тормоз тепкен күндө да тайгаланып келип сүзүп кетиши толук мүмкүн.

• Эң коркунучтуу жерлер шаар ичиндеги имараттардын жана өйдөлүш-жапыз жерлерге салынган тепкичтер. Эгер тепкичтен түшүп бараткан болсоңуз, капталыңыздан болуп, тепкичти узатасынан басыңыз.

• Кышкы бут кийим жылуу эле эмес, ыңгайлуу жана таманы тайгалак болбошу керек. Таман тайгалак болуп калса бут кийимдин таманына кадимки чүпүрөк изолентаны же медициналык лейкопластырь чаптап коюу керек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан