«KUDRET GÖZ BISHKEK» КЛИНИКАСЫНДА КАТАРАКТА ОПЕРАЦИЯСЫ ТИГИШИ ЖОК ЖАСАЛАТ

Дүйнө жүзү боюнча көрүүнү жоготуунун өтө кеңири таралган себептеринин бири болуп катаракта саналат. Катаракта - хирургиялык жол менен дарылана турган оору. “Kudret Göz Bishkek” клиникасында Фако ыкмасын колдонуу менен 15 мүнөт аралыгында катарактадан арылуу операциясы тигиши жок жасалат. Тигиши жок жасалган ФЭК ыкмасы Түркияда көптөгөн жылдар аралыгында колдонулуп келе жатат. Бул ыкма операциянын жеңил өтүшүн камсыздап, пациенттин көзүнүн эрте калыбына келүүсүнө жардам берет. Кыргызстанда ФЭК ыкмасы колдонулуп баштаганына аз убакыт болсо да, суроо-талапка ээ болууда. Биз катарактаны дарылоо боюнча суроолорубузга офтальмолог-хирург Озгур Балтадан жооп алганга аракет кылдык.

– Айтсаңыз, катаракта деген кандай оору жана кимдер бул оору менен жабыркашат?

– Катаракта – бул көздүн табигый хрусталиги бозоруп, өз кызматын аткара албай калганынан улам жаралган оору. Адатта оорунун өөрчүшү жай жүрөт. Катарактанын келип чыгуусунун негизги себептеринин бири карылык болуп эсептелет. Башкача айтканда, катаракта менен жабыркагандардын 90 пайызы 60 жаштан өткөн адамдарда кездешет. Ошентсе да бул оору менен ооруган жаш балдар да бар. Жаш курагына карабай травма же көзгө ар кандай сокку тийген учурда да катаракта жаралышы мүмкүн.

– Катарактаны дарылабай койсо эмне болот?

– Эгер катарактаны дарылабаса, дарт акырындан өөрчүй берет да, көрүүнүн начарлашына алып келет. Бул дартты убагында дарылабаса, ал глаукомаг өтүп кетет. Анан да убагында катарактадан арылуу боюнча операция жасалбаса, көз кылый болуп калышы ыктымал. Канчалык дарылоону кечеңдеткен сайын аны айыктыруу мүмкүнчүлүгү оорлойт, операция жасоо убакыты да созулуп кетет.

– Бул ооруну дарылоо жолдоруна токтоло кетсеңиз?

– Катаракта – бир гана хирургиялык жол менен дарылануучу оору. “Kudret Göz Bishkek” клиникасында Түркияда колдонуп келген ФЭК ыкмасынын жардамы менен 15 мүнөт аралыгында катарактадан арылуу операциясын тигиши жок жасайбыз. Бул ыкма пациенттерибизге ыңгайлуу жана бат калыбына келүүсүнө шарт түзөт. Операцияда скальпель колдонулбагандыктан, тигиштин дагы кереги жок. Операциянын өзү дагы, андан кийин калыбына келүү процесси да кыска аралыкта жүргөндүктөн, пациенттер кадимки жашоосуна тез эле аралаша алышат. Биз өз кызматын аткара албай калган хрусталикти алып салып, анын ордуна көздүн табигый структурасына туура келчү хрусталик салабыз. Бул операция ар бир көз үчүн болгону 15 мүнөттү гана талап кылат.

– Катарактаны дарылоо хирургиясындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берсеңиз.

– Биздин клиникада катарактадан арылуу операцияларын Dorc жабдыгынын жардамы менен жасайбыз. Бул жабдыктар витреоретиналдык хирургияда жана катарактадан арылууда колдонулат. Бул кызмат ФЭК ыкмасында да, витрэктомияда да кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет. Жабдыкты Түркиядагы башка офтальмологиялык клиникаларыбызда да колдонобуз. Катаракта хирургиясында дүйнө жүзүндө кеңири колдонулгандай эле биздин клиникада да монофокалдык (хрусталик), мультифокалдык жана трифокалдык линзаларды колдонобуз. Мультифокалдык, трифокалдык линзалар алыстан жана жакындан көрүүгө керек болгон көз айнек тагынуудан арылтат. Катарактасы жок, бирок пресбиопиясы барлар да трифокалдык линзаларды каалашат, анткени алыстан, жакындан көрүү жакшырат. Андан сырткары трифокалдык линзаларды лазердик коррекцияга туура келбеген көрүү дефектилеринде, мисалы, жакынды көрбөө, алысты көрбөө, астигматизмде колдонобуз. Биз ар дайым медицина тармагындагы жаңычылдыктарга, технологияларга көз салып турабыз жана пациенттерибизге ишенимдүү, заманбап дарылоо ыкмаларын сунуштаганга аракет кылабыз.

Тел.: (0312) 88 00 88, 0556 88 55 88, 0706 88 55 88

Дарек: Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов пр., 17/1.

Сайт: www.kudretgozbishkek.com

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Petrovka
2020-01-08 20:39:16
Көзду эт баса кантип дарыло керек
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан