Нургазы Сыдыгалиев, актёр: «АК КЕМЕДЕ» БУТУМ КҮЙГӨН ЭПИЗОД ТАРТЫЛГАНДА КОРККОМ»

Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган “Ак кеме” тасмасында кичинекей Нургазы эсиңиздеби? Учурда ал таята жана музыкант. Ал эмнеден улам киного тартылууну улантпай, музыкага ыктап кеткенин, “жылдыз оорусу” менен ооруганын, үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктарды жана жакында тартылган тасмадагы ролу тууралуу айтып берди.

– Нургазы агай, жакында эле тасмага тартылдыңыз. Көп жылдан кийин тасмага кантип кайтып калдыңыз?

– Кичинемден музыка жаатына басым жасагандыктан Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатты аяктап, кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайды бүтүрдүм. Андан соң Улуттук консерваторияны бүтүрдүм. Музыкалык билим алганым менен, жан дүйнөм киного жакын болчу. 10 жыл мурун Данияр Абиров деген оператор, режиссёр жигит менен таанышып калдым. Экөөбүздүн тасмага болгон табитибиз, искусствого болгон көз карашыбыз дал келип, ысымдарыбызды бириктирип “Нурдан” аттуу студия ачып чогуу иштеше баштадык. Буюрса, автордук кинолорду тартып, чет жакта фестивалдардан сыйлык алып жатабыз. Жакында "51+" тасмабыз Байкоңурда өткөн эл аралык фестивалда "Мыкты тасма" деп табылды.

– “Ак кеме” тасмасына тартылганда канча жашта элеңиз?

– 6 жашта болчумун. Кичинемде аябай тентек, бир орунга тура албаган бала болчу экенмин. Апам мени 4 жашымда бий ийримине бериптир. Бийлеп чарчап келсин десе мен, тескерисинче, ого бетер энергиям ашып-ташып кетчү экен. Ошол учурда “Дом пионеров” деген мекеме болчу эле. Ал жерге бий ийримине барчумун. Григорий Павлович деген адам бар эле. Ал “сен өзгөчө бала экенсиң, бийчи болбойсуң, солист болосуң” деп ырдатып койгон. Ийримде орус балдардын арасында эки кыргыз бала бар болчубуз. Кыргыз бала да кетип калганда жалгыз калгам. Мени режиссёр Болот Шамшиев ошол жерден көрүп жактырып калган экен. Фотопробага чакырышып, жактырышып алып калышты.

– Тасмага тартылуу сизге кыйын болду беле?

– Жок, кыйынчылык деле болгон эмес. Оюмдун баары оюн болчу. “Тартыла калып анан ойнош керек” деп так, жакшы аткарганга аракет кылчумун. Ал кезде актёрлукту үйрөтө калган курстар жок. Азыр тасманы карап баланын ролун ойнобой эле, өзүмдү ойносом керек деп ойлойм. Повестте сүрөттөгөндөй өзгөчө дүйнөсү бар бала болсом керек. Мени үйрөтүп деле тердеп- кургашкан эмес. Ашып кетсе эки-үч дубль менен тартып жатышты. Бир эпизод бар, машинелер тоодон кубалашып келе жатканда мени күйгүзүшөт. Бала болсом да ошол жерди аткаргандан коркуп “мен күйүп кетпейминби?” деп сураганым эсимде. “Күйбөйсүң” дешип от өтпөгөн кийим кийгизип тартышкан. Бирок баары бир бутумду күйгүзүп алгам. Болот Шамшиев психолог болчу, кайсы учурду кантип тартышты билчү. Алдап, сооротуп жатып кыйынчылыксыз тартты. Сабира Күмүшалиева апабыз жанымда болчу. Чай берип, жанымда уктап, тартуу учурунда мага эне болуп жүрдү. Сууга сүзгөндү билчү эмесмин. Суучулдардын жардамы менен тартылгам.

– Кичине кезде жылдыз болуу түйшүк болсо керек. Атактуулукту кантип көтөрдүңүз?

– Фильм чыккандан кийин мен Кыргыз өлкөсүнүн эле жылдызы болгон жокмун. 15 өлкөнүн жылдызы болдум. 15 республикадан сырткары да чет өлкөлөргө чыгып жүрдүк. Бир жолу Алла Пугачёва, София Ротару, Муслим Магомаевдер чыга турган чоң фестивалды ачып бергем. Алып баруучу сахнага чыккандан кийин мен чыгып колумдагы текстти окуп ачкам. Атактуу адамдар менен бир столдо отуруп, алар мени эркелетип жүрүштү. Албетте, “жылдыз оорусу” менен ооруган учурларым болду, атактуулукту чоң адамдар көтөрө албайт. Мен кичинекей элем да. Жаман жагы – сабактарымдан начарладым. Окубай эле фестивалдарга каттап жүрчүмүн. Атайын окусун деп жаныма мугалимди кошуп беришчү. Бирок алар мени окутпай эле, дүкөн кыдырып кетишчү. Эми чет өлкө аларга деле кызык да. Келгенде эле кайра “эки” алып калам. Бирок кичине болсом да атактуулукту татыктуу көтөрдүм.

– Кийин тасмаларга эмнеге тартылган жоксуз?

– Кийин жакшы роль чыкпады. Чакырып жатышты, бирок ата-энем “кичинекейинен элге көрүнгөн жакшы эмес, балабызды бузуп албайлы” дешип мени көп жибергилери келбей жатты. Анан 6-7-класста окуп жатканда Рафаэль Сарлыков деген агай жолугуп калып, мени музыка дүйнөсүнө таасирлентип жиберди. Ошону менен ал жаатка ооп кеттим. Кийин Союз кулаганда такыр эле кино тартылбай калды.

– Аслан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов менен бир класста окуган экенсиз...

– Ооба, Асландын ата-энеси менен менин ата-энем жакшы мамиледе болуп катышып жүрчүбүз. Ошол учурда ансамбль түзүп ырдап баштаганда окуучу болчубуз. Эсимде, Ырыскелдини эле ырдата берчүбүз. Мага келгенде “ырдабайм, барабанды ким чертет, сен ырда” деп болбой койчумун. Баарыбыз эле ырдаганды ага жүктөп салчубуз. Ырыскелди көп ырдачу, бизге окшоп ырдагандан каччу эмес. Аслан экөөбүз көбүрөөк музыкалык аспаптарга жакын элек. Мен барабан, сурнай, кларнет, бардык аспапта ойнойм. Азыр пенсиядамын, бирок үйдө кичине балдарга сабак берем. Аслан ошол кездеги “Эсимдени” азыр да Америкада чертип жүрөт (күлүп). Былтыр жайында сүйлөшүп ал-жай сурашканбыз.

– Сүйүктүүңүздү кантип, кайдан жолуктуруп калдыңыз эле?

– “Ыйман” деген менчик театр ачкам. Гастролдо жүргөндө Балыкчыдан таанышып калдык. Ал деле музыка жаатында билим алыптыр. Менден 3 курс өйдө окучу экен. Театр аркылуу таанышып калдык. Бир чөйрөнүн адамдарыбыз. Төрт баланы тарбиялап чоңойтуп, турмуштун ысык-суугун чогуу тартып келе жатабыз.

– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Улуу кызым турмушка чыгып, бизди таята-таене кылган. Андан кийин үч уулум бар. Адилет, Жоомарт, Байтилек. Жоомарт деп уулумдун атын Чыңгыз Айтматов агабыз койгон. Телефондон ага сүйүнчүлөсөм “аты Жоомарт болсунбу? Ушул ысым жактыбы?” деди. “Сиз кандай ат койсоңуз да жарашат” деп баламдын атын Жоомарт койгонбуз. Ушу баламдын атын сыймыктанып айтып жүрөм.

– Өзгөчө баланын атасы экенсиз, кыйын болгон жокпу?

– Бул эми тагдыр. Кичүү балам Байтилек 12 жашта. Даун синдрому менен төрөлгөн. Өзгөчө балдар окуган мектепте окуйт. Мен буга чейин жашоодо мындай балдар бар экенин деле билбей жүрүптүрмүн. Коомдо мындай балдар аябай көп экен. Азыр колубуздан келишинче ушундай балдарга жана ата-энелерине жардам беребиз. Келинчегим да көп жылдан бери балам окуган мектепте социалдык педагог болуп иштейт. Балам басат, түшүнөт, тамагын өзү жейт. Ал эми мектепте мунун бирин кыла албаган балдар да бар. Аны көрүп да шүгүр деп калабыз. Булар кадимки эле балдардай, болгону жашоону башкача кабыл алышат. Мисалы, балам берки эки уулума караганда эмгекчил. “Ташыба” десе болбой бир нерсени ташыйт. Адам өз башына келмейинче эч нерсени билбейт тура. Азыр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көп концерт уюштурам. Ата-энелер колунан келгенин кылып келишет, учурдан пайдаланып мамлекет да бир көңүл бөлсө деп айтат элем. Мындай балдар көздү жумуп койсо эле жок болуп кетишпейт. Андыктан аларды жашоосуна жеңилдете тургандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек.

– Жомоктун аягы жакшы бүтүшүн күткөндөй эле, эл дагы кичинекей Нургазынын жашоосу бактылуу болгонуна ишенгилери келет. Сиз бактылуу турмуш кечирдиңизби?

– Аябай бактылуу турмушум болду. Эң ириде бул үчүн ата-энеме рахмат. Анткени бизди жакшы тарбиялады. Мени музыкант, инимди мыкты шахматчы кылып чоңойтушту. Турмушубузда өз ордубузду табуу үчүн жан үрөштү. Тилекке каршы, ата-энем, жалгыз иним кайтыш болуп кетти. Эжем, карындашым бар.

Искусство акчасыз, баркталбаса деле жашай берет экен. Азыр бизде бааланбаган чыгармалар чет өлкөдө дүңгүрөп бааланып жатат. Андыктан искусствонун бир өкүлү болгонум үчүн ыраазымын.

 Кыстарылган видео 
"Ак кемедеги" кичинекей Нургазы кайрадан тасмага кайтты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tavanova.sarah
2020-01-06 13:27:42
Эч эле маданият чойросу онукпой, бааланбайт экенда.
Жаны министирлерден канчоо алмашып, жаныланса деле озгору жок..
Агайга ден соолук, ийгилик! Мага дагы деле "ак кемедеги" тентек Нургазы коруносуз))
+7
Eliza-Arapbaeva
2020-01-07 01:01:00
Актердук кесипти дальше улантып кеткенде дагы далай рольдорду жаратмак экен. Омурунуз узун болсун! Уулунузга Кудайым узун омур, шыпаа берсин
+3
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан