Дөөлөт Сыдыков: «ЫРЫСКА АШЫК БОЛУП, 2 ЖЫЛ СЫРТТАН КӨЗ САЛЫП ЖҮРДҮМ»

Бүгүн биз «Жан шерик» рубрикабыздын алкагында манасчы Дөөлөт Сыдыков менен продюсер Ырыс Окенованын үй-бүлөсүнүн жаралуу тарыхына көз чаптырдык. Бүгүнкү күндө бул үй-бүлө ордолуу шаарга айланып, 4 баланын ата-энеси.

– Куш келипсиздер! Сиздерди элге төбөсү көрүнгөн, үлгүлүү жуп катары тааныйбыз. Маегибизди бири-бириңиздерди алгачкы ирет көргөн күндөн баштасак деп турам.

Дөөлөт Сыдыков: – Жакшы болот. Мен ал кезде консерваторияда окучумун. Ырыс телевидениеде иштечү. Ошол кезде Роза Аманова эжекебиз экөө салттуу музыка боюнча берүү даярдап жатышкан экен. Биздин окуу жайдан ырчы-чоорчуларды алып кетишти. Алардын арасында мен да бар элем. Тартуу иштери башталып жаткан маалда Роза эже камераны карап Ырыс Окенова деп тааныштырды. Ырчы Аскат Мусабеков менен жанаша отурган элем, аны акырын түртүп «Ырыс Окенова деген ушулбу?» деп сурап жатпаймынбы. Сураганда да башкача сурасам керек «эмне болду, жагып калды окшойт, ээ?» деп кайра-кайра сураганы эсимде. Адамды бир көрүп жактыруу деген бар эмеспи, ал күнү сырттан байкаштырып кетип калдым. Андан көп узабай Ырыстын «Чабыт» деген берүүсү эфирге чыга баштады. Ошондо да бир келип көрүп кеткем. Ашык болуп калып сыртынан 2 жыл байкаштырып жүрдүм. Көкүрөгүңдө олуттуу оюң болгон соң жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн карайт экенсиң. Ал арада атайын Ырыска арнап ашыктык ырларын жазып жөнөтө баштадым. Анан чечимимди бышыктап алгандан кийин «баш кошолу» деген сунуш айтсам бул макул болбой койду.

Ырыс Окенова: – Дөөлөттүн мага болгон мамилесин, анын көңүлүн байкаганымда аябай чочуркагам. Биринчи ирет Роза эже менен биргеликте тарткан берүүдө көргөнүмдө анын манас айтканына суктангам. Көрсөтүүнү монтаждап жатып да өзгөчө көңүл бурганым эсимде. Бирок кийин телефон номерлерибизди алмашкан соң колуна папка кармап алып, костюм-шым кийип, галстук тагынып тез-тез келе баштаганда, чынын айтуу керек, чочудум. Ал кезде Nokia деген телефон көтөрчү элем, күн сайын укмуш сонун ырлар жазылган СМСтер келет. Эски сөздөр менен «Сени ааламымдай жактырам» деген мазмундагы ырлар болчу. Алгач таң калып жүргөнүм менен, бара-бара көнө баштадым.

Д.: – Эң биринчи ырымдын эки сабы эсимде калыптыр:

«Узун көйнөк жарашып боюңузга, Баштагыдан башкача сулуу болуп» деп башталар эле.

Ы.: – Ошол телефонумду кийин таксиде унутуп калып жоготуп алгам. Ушундай сонун ырлар бар эле, эстесем бүгүнкү күнгө чейин ичим ачышат. Чакан китепче кылып чыгарганга жете тургандай ыр саптары бар болчу.

Д.: – Балким, ошол такси айдаган мырзага ал ырлардын пайдасы тийип кыздарга жөнөткөндүр (күлүп).

– Анан үй-бүлө куруу деген олуттуу кадамга багытты кандайча алдыңыздар?

Ы.: – Жакындан тааныша баштадык. Манасчы десе кээде ичимден коркчумун. Ал манас айтып жатканын карап отуруп катуу таасирленгенде космостон келген кишидей көрсөм, кээде келечектин адамындай, кээде өткөн жашоодон түшө калгандай туюлар эле. Манас айтып жаткандагы образы, үнү, кыймылы мени арбап алды. Анан да аян алган жаш манасчы өзүмдүн кичи мекеним Тоң районунан болуп чыкты. Айтор, сөздүн, ырдын күчү менен менин жүрөгүмдү жибитти. Ошентсе да менде чочулоого себеп бар болчу. Ал экөөбүздүн ортобуздагы 4 жаш айырма. Мен Дөөлөттөн 4 жашка улуумун. Бул айырма азыркы күндө таптакыр сезилбейт. Ошол кезде менин балам бар эле. Бул тууралуу башында эле айтылган. Баламдын атасы каза болгондо кош бойлуу калгам. Дөөлөт айкөл адам экен «мен сенин балаңа ата болом» деди. Мен андай сөздү эч кимден күткөн эмесмин. Балама ата керек деп да ойлобоптурмун. Жумушка баш отум менен кирип кетип, бир сызык менен жүрүп калгам.

Д.:«Болбойт» дей бергенинен, бир жолу анда башка жактан деле байкаштырып көрөйүн деп чечип, бир кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Бир аз убакыттан кийин кайра эле буга барып алдым (күлүп). Каадаланып жүрүп акыры макул болгон.

– Экөөңүздөр чечишип алгандан кийин ата-энеңиздер тараптан каршылык болгон жокпу?

Д.: – Апама барып баарын өзүм айтып бердим. «Мен жашайм, эл чечпейт, мен чечем, менин жашоом» дедим. Эмне, ала турган кыз жок беле? Эки жакты карасаң толтура да, бирок жүрөк сүйгөн адамга баш кошуу бул башка нерсе. Биринчиден, муну нике кайып дейт, экинчиден, арзуу деп коёт, үчүнчүдөн, колдоп жүргөн ата-бабалардын, башкача айтканда, кайыптардын да тандоосу.

Ы.: – Менин ата-энем алгачкы ирет укканда эле кубанышкан. Себеби мен жеке жашоону таптакыр ойлочу эмесмин. Сезимдерим бышыкталганда гана ата-энеме айткам. «Манасчы жигит күйөө балабыз болот» деп ошондо кандай кубанышкан болсо бүгүнкү күндө андан эки эсе кубанышат. «Касиет карманган бала биздин күйөө балабыз» деп сыймыктанышат, төргө отургузуп сыйлашат. Ушундай күйөө мени өзү издеп таап келгенине Кудайга ыраазымын (күлүп). Бирок эл Дөөлөттү мен өзүм таап барып тийип алгандай ойлошот.

– Айым мырзадан улуураак болсо эле ошентип ойлой беришсе керек да.

Ы.: – Ооба, ошентишет. Жаш деген бул жөн гана паспорттогу цифра экен. Чыныгы жашоодо Дөөлөт мага көп кеңеш берет.

Д.: – Мени укпай калганда эле бир нерсе болот анан.

Ы.: – Сериалды токтот дегем дебейсиңби (күлүп).

Д.: – Айткам да.

– Ырыс эже, айтсаңыз. Манасчынын жубайы болуу – бул...

– Бул эң биринчи жоопкерчилик. Азыр го сурап, байкаштырып жатып оюн таап алам. Башында көп учурда түшүнө албай калар элем. Анын үстүнө өзүм режиссёр болгонгобу Дөөлөттөн образдарды издей берчүмүн. Уктап жатса башка киши, манас айтып жатса башка киши, санжыра айтып отурса башка адам. Ал эми анекдот айтышып отурса таптакыр башка киши көзүмө көрүнө берер эле. Бир жолу өзүнө «ар учурда ар башка адам экенсиң» дегем.

Д.: – Манасчы манас айтып жаткан учурда эле манасчы да, башка учурда жөнөкөй эле адамбыз.

– Үй-бүлөдөгү романтика жөнүндө сүйлөшөлү...

Ы.: – Дөөлөт өтө романтик. Бул сапаты мага башынан аябай жагат. Кандай гана себеп болбосун гүлсүз калтырчу эмес. Зер буюмдардын түрүн белекке берген. Ысымым чегерилген алтын-күмүшүнөн баштап кийиз шакекке чейин берди. Кычырап кийинет, галстук тагынат, кооз кутучага ирети менен салынган белектерди берет, айтор, баары жайында. Атайын сценарий жазып алгандай (күлүп).

– Учурда, канча уул-кыздын ата-энеси болдуңуздар? Манасчы менен режиссёрдун тандеминен куралган үй-бүлөдө бала тарбиялоо жаатында кандай өзгөчөлүк бар?

Д.: – Үч уул, бир кызыбыз бар. Илгертеден эле бала тарбиялоо – бул эненин иши. Эркек кишинин эби жок да. Отурчу, турчу, басчы деп катуу айтып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн «атанын сөзү ок» деп айтылган да. Атага наристени катуу жакшы көрүүгө да, катуу урушууга да болбойт. Бизде деле ошол, Ырыс баарын теске салып тарбиялайт.

Ы.: – Өзгөчө кыз баланы атасы эч урушпашы керек. Ал кыздын келечек бактысы үчүн. Анан башынан эле Дөөлөттүн бала тарбиялоодогу башкы талабы кыргыз тилдүү мектепте окутуу болду.

– Маегиңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Saliman
2020-01-06 16:03:18
Бактынарга коз тийбесин
+3
Baatirbek81
2020-01-06 18:29:41
Бактылуу болгула
+2
Erkinai7479
2020-01-06 20:12:09
Окуп алып аябай толкундандымго өзумчөле бактылуу брлунуздар көз тийбесин
+2
momun74
2020-01-07 11:20:30
Бактылуу болгула!
+1
Ernisbii
2020-01-07 16:16:12
Дөөкү алтын жигит да бактылуу болушсун!
+1
akmanai
2020-01-08 03:46:20
Жакшы маек болуптур
+1
Tiken
2020-01-08 12:44:49
Любовь по расчёту, однозначно...
0
Romantik.
2020-01-08 18:27:20
Кыргызча мектепте окутуу талабы мага майдай жакты
+1
Niazov-Aruun
2020-01-10 14:31:55
Уй булолук бакыт каалайм
+1
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан