КЫШЫНДА ПАЙДАСЫ ТИЙБЕГЕН ЖАЙКЫ АДАТТАР

Заман өзгөргөн сайын оорунун түрлөрү да өзгөрүп, жеген-ичкенибиз организмге ар кандай таасирин берип калган учур. Пайдалуу деп санап жеп жүргөн ботко же башка тамактар кээде тескери таасир берип калган учурлар бар. Алдыда ушул тууралуу кыскача...

Суу.
Суу – талашсыз пайдалуу жана керек. Бирок кыш мезгилинде муздак суу ичүүгө болбойт! Эгерде жайдын күнү муздак суу суусунду кандырып, ысыктан коргосо, кышында организмди ого бетер салкындатып, адамдын тамак сиңирүүсүндөгү ферменттик активдүүлүктү төмөндөтөт. Натыйжада иммунитеттин төмөндөшү жаралат. Андыктан кышында жылуу жана бөлмөнүн температурасынан төмөн эмес сууну ичүү керек.

Көк чай. Чайдын бул түрүн кандай кырдаал болбосун иче берсе зыяны жок дейбиз. Бирок кан басымы төмөн адамдарга көп ичүүгө болбойт. Көк чай кан басымды түшүрүп, ысыктан коргонууга жардам берет. Ал эми суук күндөрү көк чайдын ордуна адамды жылытуучу суусундуктарды тандоо оң. Мисалы, имбирь же корица кошулган ысык чай кышкыга табылгыс суусундук.

Чийки жашылча-жемиш, мөмөлөр. Кыргыздар чийки азыкты дээрлик колдонбойбуз. Баарын бышырып жеп көнүп калганбыз. Ошол эле сабизди же капустаны чийки жеген учурлар аз кездешет. Бирок айта кетчү бир жагдай бар. Чийки азыкты сиңирүү үчүн ашказандын кычкылы жайында болушу керек. Эгерде чийки азык сизге жакпай турган болсо анда ич көбөт, ашказан оорлошот, оору жаралат. Даярдалган тамактардын кыш мезгилиндеги нормалдуу пропорциясы: 70 пайыз бышырылган жана 30 пайыз чийки жашылча-жемиштерден турушу керек.

Кычкыл сүт азыктары жана мөмө. Бул азыктарды балдар үчүн жана туура тамактануу үчүн деп сунуштап келишет. Стоп! Йогурт жана башка кычкыл сүт азыктары мөмө-жемиш, кант жана башка азыктар менен дал келбейт. Алар башка азыктар менен аралашканда ашказан былжырынын активдүү бөлүнүп чыгышын шарттайт. Эгер сиздин ашказаныңыздын кычкылы жайында болсо, анда маселе жаралбайт. Ал эми ашказан кычкылы нормалдуу эмес болсо, тилди ак былжыр каптап, ич көөп, жеген-ичкени сиңбей, ал тургай ашыкча салмак кошууга да алып келиши ыктымал. Андыктан кычкыл сүт азыктарын өзүнчө, мөмө-жемиштерди өзүнчө бөлүп жеген жакшы.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
pero5184
2020-01-07 19:30:54
Элдин көбү билет менимче
-2
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан