OТИТ– КУЛАКТЫН СУУКТАН ЖАНА ИНФЕКЦИЯДАН СЕЗГЕНИШИ

Кулак ооруларынын ичинен эң көп кезиккени отит дарты. Убагында дарыланбаса кулактан ириң агып, угуу төмөндөп кетет. Аталган оору айрыкча кышында күчөйт. Бул жолу Улуттук госпиталдын Отоларингология бөлүмүнүн врачы Төрөкул Сулаймановго кайрылып, отит оорусу тууралуу маалымат алдык.

КАНДАЙ ТҮРЛӨРҮ БАР?

Вирус козгогон отитте бактерия да кошулуп, ооруну татаалдаштырат. Отит дарты сырткы, ортоңку жана ички кулактын отити болуп 3кө бөлүнөт. Көп жолукканы ортоңку кулактын отити. Ошондуктан ушул түрү тууралуу сөз кылабыз.

Оорунун курч кармаган түрүн убагында дарылабаса өнөкөт түргө айланат. Отиттин көп кармаган учуру жылдын суук мезгилдери.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕЛЕР СЕБЕП БОЛОТ?

  • Суукка урунуу. Суукта жылаңбаш жүрүү, мончодон чыгып баш кийим кийбей коюу.
  • Бактериялар: пневмококк, стафилококк, гемофилдик таякча, ириң жаратуучу таякча (синегнойная палочка) жана башкалар
  • Вирустар: грипп жана ОРВИни козгоочу аденовирус, риновирус, коронавирус, кызамык оорусун козгогон PHK-вирус
  • ЛОР оорулары: ринит, гайморит, полип
  • Кулакка чоочун заттын кирип кетиши. Мисалы, топчу, буудай, нокот, оюнчуктардын майда бөлүкчөлөрү жана башка. Бирок мындай көрүнүш сейрек учурайт.
  • Кулакка кир суу киргизип алуу

ИНФЕКЦИЯ ОРТОҢКУ КУЛАККА КАНДАЙЧА ӨТҮП КЕТЕТ?

  • Грипп, ОРВИ, полип ооруларын дарылабаганда же толук дарылабаса, оору өтүшөт да вирус жана бактериялар чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, чимкиргенде каңылжаардан угуу түтүкчөсү аркылуу ортоңку кулакка өтүп кетет. Анткени каңылжаар угуу түтүкчөсү менен байланышып турат.
  • Адамда грипп жана кулак, мурун оорулары жок учурда деле ооз, мурун аркылуу кирген бактерия, вирустар каңылжаар менен барып угуу түтүкчөсүнүн (евстахиева труба) былжыр кабыгын сезгентип, шишитип, угуу түтүкчөсүнүн жолун жаап калат. Бул ортоңку кулак менен каңылжаардын ортосундагы аба алмашууну бузуп, ал жерде бактерия, вирустардын көбөйүшүнө шарт түзүп берет. Эгер адам дарыланбаса анда оору өтүшүп баштайт да вирус, бактериялар каңылжаардан угуу түтүкчөсү аркылуу ортоңку кулакка өтүп, андагы көңдөйчөдө былжырлуу суюктуктун, ириңдин жаралышын шарттайт. Көңдөйчөгө топтолгон ириң чыгууга жол издейт. Кээде калыңдыгы 0,1 миллиметр болгон кулак тарсылдагы ириңдин айынан жукарып барып тешилет. Кулактын тарсылдагы өтө кичине болуп жарылса кээде өзү бүтүп калат. Эгер бүтпөй калса кулакты улам сезгенүүгө, угуунун төмөндөшүнө жеткирет. Кайра-кайра ириң ага берет. Ошондуктан кыргыздар илгертеден өнөкөт отит оорусун "булак" деп атап коюшчу. Эгер ортоңку кулактын көңдөйчөсүндө топтолгон ириңден кулак тарсылдагы тешилбесе, анда ириң баш мээни көздөй жылат. Баш мээнин чыкый бөлүгүнүн абсцессине же менингиттин пайда болушуна жеткириши мүмкүн.

ОТИТ ӨТҮШҮП КЕТСЕ...

Ириң мээге чаап кетсе төмөнкү оорулар күтүлөт:

  • Менингит, энцефалит
  • Баш мээнин абсцесси
  • Бет нервинин неврити
  • Кереңдик

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Оору курч кармаганда кулак лукулдайт, сайгылашып ооруйт. Түнкүсүн ооруганы күчөйт. Оорутуу чыкыйга, жаакка, желкеге да тарашы мүмкүн.
  • Дене табынын көтөрүлүшү (39°С же андан жогору), чыйрыгуу
  • Кулактын чуулдашы
  • Кулак тарсылдагы жарылса ириң агышы мүмкүн. Ириң ага баштаганда ооруганы басаңдайт, дене табы төмөндөп, адамдын абалы жакшырат.
  • Угуунун төмөндөшү (тарсылдак жарылса да, жарылбаса да). Адам ооругандан кийинки күндөрү кулагынын начар угуп жатканын сезет. Айыккандан кийин кээ бирлердин угуусу калыбына келсе, айрымдардыкы калыпка келбейт.
  • Шалдыроо, тамакка табиттин жоголушу
  • Баштын оорушу жана айланышы
  • Тең салмактын жоголушу

ДИАГНОЗ

  • Акуметрия (врач сөз, тыбыштарды сүйлөп, шыбырап айтып, аны оорулууга кайталатуу менен угуусунун даражасын текшерет)
  • Угууну аудиометрия аппараты менен текшерүү
  • Компьютердик томография

ДАРЫЛОО

Консервативдүү дарылоо ыкмасы

  • Оорутууну басуучу, сезгенүүнү кетирүүчү, дене табын түшүрүүчү дары-дармектер
  • Антибиотиктер
  • Кулакка тамчылатуучу дарылар
  • Антигистаминдик дары (сезгенүүдөн улам пайда болгон шишикти кетирет)
  • Физиодарылоо

Хирургиялык дарылоо ыкмасы

  • Ириң мээге чаап кеткенде ортоңку кулакка радикалдык тазалоочу операция жасалат. Ириңдеген жерлер тазаланат.
  • Кулак тарсылдагы жарылгандан угуу төмөндөп, кереңдиктин келип чыгуу коркунучу жаралса жана консервативдүү дарылоо жардам бербесе, анда угууну калыбына келтирүүчү пластикалык операция-тимпанопластика жасалат. Операцияда кулактын арт жагы ачылып, баш сөөктүн былжыр кабыкчасынан кичине кесилип алынат да, аны менен кулактын тарсылдагы жамалат.

ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНБАҢЫЗ!

  • Кээ бирлер кулактан ириң агып жатканда ысытуучу компресс же жылуу грелка басышат. Бул ооруну баспайт, тескерисинче кулактагы бактериялардын көбөйүшүн ылдамдатат. Жылытуучу компресс ириң жок кезде гана колдонулат.
  • Кулакка түрдүү тамчылатма дары, май же спиртти да куюуга болбойт. Алардын таасиринен оорутуу көбөйөт, анын үстүнө сезгенүүдөн улам жукара баштаган тарсылдак жарылып калышы мүмкүн.

АЛДЫН АЛУУ

  • Кулак, тамак оорусунун белгилери билинер замат врачка көрүнүү, дарылануу
  • Кулактын гигиенасына көңүл бөлүү
  • Суукка урунбоого аракет кылуу
  • Грипптен чала дарылануу менен инфекцияны кулакка өткөрүп жибербөө
  • Сууга түшкөндө, башты жууганда крем сүртүлгөн кебезди кулакка тыгып алуу


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
pero5184
2020-01-07 14:26:46
Кулакка тарсылдак жамматыш үчүн канча акча сарпталат экен
+1
student-95
2020-01-08 17:55:30
Менинда оң кулагымдын тарсылдагы жарылган ириң чыкпайт бирок зуулдаган ун бар операцияга канча кетет жана канча убакытта өзүнө келет толук маалымат алып бериңиздерчи супер инфо өзүм чет өлкөдө болгондуктан так маалыматты билип ошого даярданып барсам
0
VnUk_
2020-01-13 08:42:40
Саламатсынарбы Операцияга примерно 1000 доллардын тегереги кетет операция эки этап менен отот экен биринчиси анан экинчиси 6 айдан кийин болуп. Экооно эки болок сумма толонот частный клиникаларда коп экен Бишкекте мен кылдырдым да
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан