Анарбек Акматбеков, акын: “АМЕРИКАНЫН МАГА ЖАККАН ЖАГЫ – МЫЙЗАМДАРДЫН БААРЫНА БИРДЕЙ ИШТЕГЕНИ”

Алыста жашап, иштеген дагы бир мекендешибиз менен баарлаштык. Бул жолку каарманыбыз – акын, журналист, коомдук ишмер Анарбек Акматбеков. Океандын ары жагында жашаса дагы чыгармачылыгын унутта калтырбастан мекен жөнүндө ырларды жазып, чыгармачылыктын үстүндө жигердүү эмгектенип келет.

– Саламатсызбы, Анарбек ага? Сизди акын, журналист катары тааныйбыз. Учурда алыскы Америкада жашайт экенсиз. Ал жакта эмне менен алектенесиз?

– Саламатсыздарбы? Ооба, 2008-жылдан бери бул жакта жашап, иштеп жүрөм. Учурда Нью-Йоркто чыгуучу “Голос Востока” журналында Кыргызстандын өкүлү болуп эмгектенем.

– АКШга эмнеден улам барып калдыңыз?

– Жаштыкта кандай кыялдансаң, көбүнчө ишке ашат эмеспи. Мен дагы балалыгымда алыскы өлкөлөрдү көрсөм деп кыялданчумун. ИИМде иштеп жүргөн кезде Рахия Искакова деген кесиптешим жер көргөнү Америкага кетип, андан ары гринкарта утуп алып, ошол жакта биротоло калып калган. Кийин мен пенсияга чыккан соң Рахия “келбейсиңби” деп сунуш киргизди, ойлонбостон макул болуп жөнөп кеттим.

– ИИМде иштеп жүрүп пенсияга чыктым деп калдыңыз. Өмүр таржымалыңызга кыскача токтоло кетсеңиз.

– Өзүм Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулгам. Ошол эле айылдын Максим Горький атындагы орто мектебин бүтүргөм. Андан кийин советтик армиянын катарында аскердик кызматымды өтөдүм. Аскерден келгенден кийин Бишкектеги Камволдук-сукно комбинатында мастер болуп иштедим. Кийинчерээк КМУнун филология факультетин бүтүрүп, республикалык “Китеп достору” коомунда редактор, андан кийин Кыргыз Совет энциклопедиясында илимий редактор болуп иштеп, "Манас" энциклопедиясын чыгарууга катыштым. Эмгек жолумда Ички иштер министрлигинде басма сөз борборунун – бюросунун жетекчиси кызматында да иштегем. Ички кызматтын подполковниги деген чиним бар.

– Жаш жогорулап калган куракта мекенден алыс жашоо оор эмеспи?

– Америкада негизи кары-картаңдар менен кичине балдарга абдан жакшы көңүл бурулат. Бардык жактан мамлекет тарабынан камкордукка алынган. Нью-Йорк шаарында иштеп пенсияга чыккандарга көп жеңилдиктер бар. Медициналык кызматтар бекер, өздөрү машина менен алып барып, алып келишет. Дарыканалардан атайын программа менен айына 120 долларлык атайын карточка беришет. Керектүү дары-дармектин баарын ошол карточканын негизинде бекер аласың. Мындан сырткары тамак-ашка фудстем деп аталган карточкасы да бар. Аны менен дүкөндөрдөн керектүү тамак-ашыңды ала бересиң. Эгер карыган адамдын ден соолугу начарлап кетсе күнүгө үйгө келип, үй жумуштарына жардам беришип, тамак-аш, дары-дармек алып келип берүү кызматы да бар. Бирок мындай кызмат көрсөтүүлөр Американын Нью-Йорк шаарында гана бар. Ал эми мекенди сагынуу жаатында, албетте, сагынасың, бирок мен бул жакта үй-бүлөм менен чогуу жашайм. Кыргызстанга ар 2-3 жылда барып сагынычымды таркатып турам.

– Ал жактагы мекендештердин жашоо шарты туурасында айта кетсеңиз.

– Бул жактагы мекендештер ар кандай шартта жашап иштешет. Жаңы келгендер курулуш иштеринде иштеп эч кандай шарты жок жерлерде жашашса, жакшы иштерде иштеп бутуна тургандары да бар. Үй, батир сатып алып отурукташып калгандар көп. Айрымдарды билем, бүт үй-бүлөсү, тууган-уругу менен бул жакка көчүп келишкен. Алар кадимкидей кышкысын жылкы союп жеп, кой багып, Кыргызстандагыдай эле кенен-чонон жашашат. Чикаго шаарында 500гө жакын жигит-кыздарыбыз такси айдашат. Кафе, ресторан ачып иштеткендери да бир топ.

– Ал жакта жашаган мекендештер менен жолугушуулар болуп турса керек?

– Албетте. Кыргызстандык мекендештер менен жолугуп турабыз. Быйыл күздө эле "Аксакалдар кеңеши" деген уюм түзүп, такай жакшылык-жамандыкта жолугуп турууну чечтик. Мен дайыма кыргыздар чогулган жерге ак калпак, ак чепкен кийип барам. Бул жакта жашап жаткан кыргыздарды кыргыз тилинде сүйлөөгө үндөп, эне тилин унутпоону эскертип, өзүм жазган ырларымды окуп берем. Ошондон улам мени бир топ басылмалар “Америкадагы кыргыздардын Бакайы” деп жазып чыгышты.

– Жаңы барганыңызда англис тилин кандай билчү элеңиз?

– Тил жаатында бир топ кыйынчылыктар болду. Англис тилинде сүйлөй албайм же түшүнбөйм, адашып кетип поездде таң аткыча жүргөн күндөр болгон. Жаңсап, колум менен көрсөтүп жатып даректи араң таап келгем. Ошондо орус тилдүү бир дагы адамды жолуктура албай заманам куруганы эсимде. Азыр эстеп алып күлкүм келет.

– Сиз жашап жаткан өлкөнүн сизге жаккан жана жакпаган жагы эмне болду?

– Жакшы жагы, албетте, жарандардын мыйзамды сыйлаганы жана мыйзамдын баарына бирдей иштегени. Ал эми терс жагы деп жарандарды кымындай кылмышы үчүн абакка кесип жибергенин айтса болсо керек. Оор кылмыш кылгандарды 100-150 жылга чейин соттоп жиберишет.

– Чет өлкөдө жүрүп ыр жазууну таштап койгон жоксузбу?

– Албетте, жок. Кыргызстанга өткөнкү барышымда “Сени сүйөм, Ала-Тоо” деген аталыштагы ыр китебимди чыгарып келдим.

– Чыгармачылыгыңыз жөнүндө кеп уласак. Акындык өнөрүңүздү багып ыр жаза баштаган алгачкы күндөн бери карай...

– Ыр жазууга 7-класста кызыгуум артып, алгачкы жазган "Түнкү ойлонуу" деген ырым райондук "Учкун" гезитине жарыяланган. Ошондон баштап Оштогу облустук "Ленин жолу" гезитине, "Кыргызстан Пионери", "Ленинчил жаш" журнал-гезиттерине ырларым байма-бай чыга баштаган. 1989-жылы "Жүрөктөгү толкундар", 2008-жылы "Турмуштан тамган тамчылар", 2013-жылы "Жандуу тамгалар", 2014-жылы "Бир үйдө бар алты хан", 2017-жылы "Сени сүйөм, Ала-Тоо" деген ыр жыйнактарым жарыкка чыгып, өз окурмандарын тапты. Айта кетчү нерсе, жакында "Данакер линго" маданий-илимий бирикмесинин жана эксперттеринин жыл жыйынтыгы боюнча "Жылдын мыкты акыны" деген номинация ыйгарышты. Мен үчүн бул күтүүсүз болуп, чыгармачылык менен мындан ары жаңы дем, жаңы күч менен иштөөгө шыктандырып коюшту.

– Анарбек ага, маегиңиз үчүн чоң рахмат. Алыста аман жүрүңүз.

Чолпон Сүйүнбаева
kооm@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан