ЖАҢЫ ЖАШООГО 10 КАДАМ

Жыл жаңырарда айрым адамдар өзүнө эски жыл боюнча отчёт беришет. Жоопсуз махабат, ийгиликсиз жумуш, таарыныч, өксүк, көңүл калуу... Чынында мындай көйгөйлөр ар бир эле адамдын башына келе турган нерсе. Эгер берген отчёту купулуна толбосо жаңы жылда жашоону жаңы барактан баштоону максат кылышат. Бул учурда эмнелерди эске алуу керек? Психолог, гештальт-терапевт Алина Журавина төмөнкүдөй кеңештерди берет.

1-КАДАМ

Чын эле жаңы жашоо баштагыңыз келип жатабы? Муну так аныктап, коркуу сезимин жоготуп, өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз. Таза барак жана калем сап алып “Менин жаңы, бактылуу жашоом!” деп чоң тамгалар менен жазыңыз.

2-КАДАМ

Негативден арылыңыз. Кандай көйгөй жаралбасын алгач аны чечүүнү эмес, жаңжалды тутантканга аракет кылабыз, оттой жалын жан дүйнөбүздү ээлеп алат. Психологдор мындай жалынды басаңдатууга медитация, сейилдөө, физикалык көнүгүүлөр жардам берерин айтышат. Мындан тышкары ачык түстөгү кийимдер, майрамдык кечелер, кыялдануу да негативден тез арылтарын баса белгилешет.

3-КАДАМ

Терс ойлорду, болуп өткөн жаман окуяны кагазга жазып, аны өрттөп салыңыз. Окумуштуулардын айтымында, жаман ойлор баракка түшүрүлүп жок кылынса, андан энергетикалык планда арылабыз. Ал эми процесс кырдаалды тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Андыктан баракка эмес, акылга жазып алуудан сактаныңыз.

4-КАДАМ

Күнөөлүүнү издөөнү токтотуңуз. Өткөндү дайым анализдеп күнөөлүүнү издөө эч кандай жыйынтык алып келбейт. Андыктан болуп өткөн окуяны кабыл алып, көйгөйдү чечүүнүн жолун издөө маанилүү. Өткөнгө баш ийүү эмес, кабыл алуу жана андан ары жолду улоону унутпаңыз.

5-КАДАМ

Бирөөнүн оюн окууга, бирөөнүн жашоосуна көз артууга аракет жасабаңыз. Өзүңүзгө суроо узатыңыз. Эгерде башкалар сиздин оюңузду окууга аракет жасаса, алар туура окуй алышабы? Албетте, жок! Бул принцип сизге да тиешелүү. Андыктан маанисиз жана сизге кедергисин тийгизе турган нерселерден алыс болуңуз.

6-КАДАМ

Жаңы нерселерди өздөштүрүңүз. Адам баласы жаңы бир нерсени өздөштүрө баштаганда, керексиз ойлор өзүнөн-өзү кете баштайт. Жаңы ачылыштар сизди алаксытып, акырындык менен көйгөйдү четке кагуу процесси жүрөт.

7-КАДАМ

Көйгөйдү сабак катары кабыл алып, тажрыйба топтоңуз. Башыңыздан өткөн ийгиликсиз мамиле, жумуш жана башкалар сизге кандай сабак алып келгенин анализдеп, келечекте ал каталарды кайталабоого аракет кылыңыз. Ар бир утулуунун артында утуш турарын билиңиз. Жашооңузга келип, кетип жаткан ар бир адамга ыраазычылык гана билдирип, күч топтоңуз.

8-КАДАМ

Өткөнгө өкүнбөө. Өткөндү эстегенде "мен ал жерден минтип айтсам болмок, мындай кылсам болмок" деген ойлорду жыйынтыктаңыз. Бул тарыхты кайра оңдоого аракет жасоо менен барабар.

9-КАДАМ

Күлүп-жайнап жүрүңүз. Өзүңүздү байкуш сезип, ар кимге көйгөйлөрүңүздү айта бербеңиз. Бирөө аны угушу мүмкүн, бирөө кулак сыртынан кетирет. Бирөөгө арызданган сайын концентрацияны жоготуп, баягы көйгөйлөрүңүздүн кучагында жүрө бересиз. Андан көрө сизде баары жайында экенин сездирип дайым күлүп-жайнап жүрүңүз.

10-КАДАМ

Ийгиликсиз кырдаалга чейин кандай адам элеңиз? Бул кырдаалга чейин мен таптакыр башкача элем деп үшкүрүнүп калабыз. Демек, башка түшкөн ар бир сыноо сизге өзгөрүлүүгө түрткү берип жатат. Жакшы жакка же жаман жаккабы? Ал өзүңүздүн тандооңуз. Ар бир адам өз жашоосунун сүрөтчүсү.

Бул макала сизге пайда алып келет деген ишеничтебиз. Жаңы жылда сизди ийгилик ар тараптан коштосун.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2020-01-06 18:47:56
Болбогон эле 10кадам.Качан адам жашоосуна жашап жаткан күндөрүнө ШҮГҮР кылса баары сонун болот.
+4
pero5184
2020-01-07 14:31:29
Ии Кудайым ушундай жашоомо шүгүр
+2
AksyKum
2020-01-07 23:39:10
Баарын окубадым,2-кадамдан кийин эле билдим кинодогу кадамдар экенин.Курсак зорго тоюп жатканда кайдагы кийим.Так ошол кийим,той,конул ачуучу кечелердин айынан уруштар коп болот
+2
deva
2020-01-10 09:38:46
Лично мен баштадым, йогага жазылдым, куурчак токуганды, видеомонтаж жасоону уйронуп жатам. Откон жылы коп адамдар мени таарынтты эле... Аларды эстебегенге, кечиргенге аракет кылып жатам. Жаны жашоом ийгиликтуу болсун
+4
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан