"ЭC АЛУУ КҮНДӨРҮН АЛМАШУУ"

Жаңы жыл. Бул сыйкырдуу күндү көпчүлүгүбүз үй-бүлөбүз менен жаңы жылдык дасторконду жайып алып сыналгынын алдында тосот эмеспизби. Жыл сайын кайталап көрө бергенден тажабаган жаңы жылдык тасмалар бар. Бирибизге “Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен” тасмасы жагат, экинчибизге “Үйдө жалгыз”, үчүнчүбүз “Карнавалдык түн” фильмин жактырабыз, дагы бирөөлөр советтик доордон калган салт менен "Шуриктин окуяларын", "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" өңдүү тасмаларды көрүп чыгышат. Айтор, табитке жараша тандап алмай. Эгер сиз Голливуд жылдыздары Кейт Уинслет менен Кэмерон Диаз башкы ролдо ойногон “Эс алуу күндөрүн алмашуу”(“Отпуск по обмену”) жаңы жылдык тасмасын жактыргандардын катарына кирсеңиз, анда төмөндөгү маалыматтарга көз чаптырыңыз.

Аталышы – “Эс алуу күндөрүн алмашуу”(“The Holiday”, “Отпуск по обмену”)

Тарткан өлкө – АКШ

Чыгарылган жылы – 2006-жыл

Тарткан режиссёру жана сценаристи – Нэнси Мейерс

Бюджети – 85 миллион доллар

Жанры – Жаңы жылдык мелодрама, романтикалык комедия

Башкы ролдордо – Кэмерон Диаз, Кейт Уинслет, Жуд Лоу, Жек Блэк

Тасманын узактыгы – 1 саат 38 мүнөт

Дүйнөлүк прокаттан чогултканы – 205 миллион доллар

РОМАНТИКАГА СУГАРЫЛГАН ТАСМА

Тасмадагы каарман Лондондун “The Daily Telegraph” гезитинде үлпөт бурчун жазган Айрис Симпкинс (Кейт Уинслет) аттуу бийкеч шаар четиндеги чакан айылда, кичинекей коттеджде жашайт. Тилекке каршы, анын жүрөгүн багындырган адам башка айымга ашык. Ал эми Айрис менен болгон мамилеси жеке кызыкчылыктарына байланыштуу. Бул тууралуу Айрис жаңы жылдык майрамдоо учурунда билет.

Айристен таптакыр алыс, АКШда Түштүк Калифорнияда Аманда Вудс (Кэмерон Диаз) аттуу айым жашайт. Ал өтө популярдуу рекламалык агенттиктин ээси. Кинотасмаларга рекламалык роликтерди, трейлерлерди даярдайт. Аманданын да жеке жашоосу туңгуюкка кептелип, сүйгөн адамы башка бийкечти жандап жүргөнүн билет. Бири-бирин тааныбаган, дүйнөнүн эки башка жеринде отурукташкан, тагдырлары окшошуп калган эки айым интернет сайттары аркылуу башка өлкөдөн убактылуу жашоого үй издеп жатышып баарлашып калышат. 10 миң чакырым алыстыкта жайгашкан үйлөрүн жаңы жылдык эс алуу күндөрү бүткөнчө алмаша турушуп, жеке маселелеринен алысыраак эс алууга кетүүгө бел байлашат. Тасманын жүрүшүндө Айрис Аманданын үйүнө барып Майлз (Жек Блэк) аттуу композиторго жолугат. Ал эми Аманда Айристин агасы Грэм (Жуд Лоу) менен табышып чыныгы сүйүүлөрүн кезиктиришет.

Атактуу актёр, актрисалардын башын кошкон бул тасма чындыгында романтикага сугарылган. Жаңы жылдык кече же жөн эле кышкы эс алууда жылуу үйдө, жумшак диванга ыңгайлуу жайгашып алып көрө турган тасма десе болот.

ТАСМАНЫН ЭКИ ТАРАБЫ

Кандай гана чыгарма же тасма болбосун анын эки тарабын өз жашообузга, жашаган жерибизге, менталитетибизге, алган тарбиябызга жараша көрөт эмеспизби. Ошондой эле бул тасманын да эки тарабынан карап көрүүгө болот. Адамга өзүн-өзү баалоону үйрөтүү жакшы нерсе. Муну Айрис жүрөгүндөгү Жасперге (Руфус Сьюэлл) болгон сүйүүсүнө карабай, намысы үчүн андан баш тартып кетип калганынан байкоого болот. Айриске тагдыры окшоп калган Аманданын окуясы дагы көрүүчүлөргө сабак. Тасма жардамга муктаж адамга кол сунууга үндөп турганын байкоого болот. Мисалы, карылыгы келип тагдырына моюн сунуп отуруп калган кошунасына мотивация берип элге аралашууга түрткү болгон Айристин окуясы. Андан тышкары адамдар менен мамиле түзүү, ар бир көз ирмемди баалай билүү, кандай гана маселе болбосун андан чыгуунун жолу бар экендигине ынануу сыяктуу бир топ тарбиялык мааниси бар.

Ошондой эле тасмадан биздин менталитетке туура келбеген нерселерди да байкоого болот. Алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү көрсөткөн эпизоддор абдан эле көп. Кыязы, тасманын жаратуучулары үчүн бул нерсе көнүмүш эле көрүнүш. Ажырашуу, кубануу, кайгыруу, майрам уюштуруу, таанышуу, жолугушуу, айтор, бир канча себептер менен ичимдиктин ичилип жатканын көрөсүң. Терс адаттардын дагы бири тамеки тартууну чагылдырган эпизоддор да арбын. Керек болсо кичинекей балдар менен ойноп жаткан Грэм дагы чылым тартып жаткан түр көрсөтүп койгон жери бар.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасманын сценарийи атайын баш каармандар Кэмерон Диаз менен Кейт Уинслетке арналып жазылган.
  • Америкалык атактуу актёр Дастин Хоффман тартылган кыска эпизод бар. Аны тасмага тартуу алдын ала пландалган эмес. Болгону тартуучу топ менен актёр кокустан жолугуп калышкан.
  • Тасманы чындыкка көбүрөөк окшоштуруш үчүн режиссёр Кэмерон Диаздан эркин болууну суранган. Кааласа сценарийден чыгып импровизация кылууга уруксат берген.
  • Айристин сүйгөнү Жасперди аткарган актёр Руфус Сьюэлл менен Кейт Уинслет бир кездери кыз-жигит болушкан.
  • Сценарий боюнча кээ бир кадрларда сыртта кар жаап туруш керек эле. Ошол себептен тартуучу топ атайын кар жаадыруучу аппаратты камдашкан. Бирок дал ошол бөлүктү тартуу күндөрү табият тартуучу топко жардамга келип 3 күн бою кар жаап турган.
  • Шаар сыртындагы Айристин чакан үйү чыныгы жашоодо жок болчу. Тартуу иштери үчүн ээн талаага эле куруп коюшкан.
  • Аманданын үйүнүн ичи студияда тартылган. Анын ичин эмеректер менен жабдууга 1 миллион доллар кеткен.
  • Айрис Аманданын үйүнө кирип келгенде бийлеп жаткан эпизод бар. Ал бөлүк сценарийде болгон эмес. Бул Кейт Уинслеттин жеке импровизациясы.
  • Тартуу иштери бүткөн соң Кейт Уинслет: “Ишенип койгула, Жек Блэкке ашык болуп калуу кыйынга турган жок” деп айткан.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан