КҮЗГҮ МОДА – 2010 САРКЕЧТЕР ҮЧҮН

Мода дүйнөсүндө

Алтын күз. 2010-жылдын алтын күзү сиздин жашооңузда жагымдуу бир элес менен эсте калсын десеңиз, сөзсүз өзүңүздүн кийинүү стилиңизге назар салыңыз. Бул сезондо дүйнөлүк мыкты деген дизайнерлер саркечтерге төмөндөгү моданы сунушташат.

КҮЗҮНДӨ ЭМНЕЛЕР МОДАДА?
2010-жылдын күзгү модасы 2009-жылды кайталайт. Ошол эле баркыт сыяктуу кездемелер, макмал, кабыландын терисине окшош түс бул жылы да күчүндө. Кабылан демекчи, "жаныбарлар дүйнөсү" бул күздүн "хит" табылгасы болчудай. Дүйнөлүк дизайнерлер зебранын өңүндөй кийимдер бул жылдын модасына ат салышарын айтышты.
Калың токулган кардиган да келе жаткан сезондун саркеч кийими болот. Узундугу ар кандай, жарашыгына карата.

БУТ КИЙИМДЕР
Бул күздө күзгү бут кийимге жаңылык кирди. Жакшынакай классикалык стилдеги туфли менен жука гетры кийгендерге таң калбаңыз. Бул стилди дүйнөлүк дизайнерлер 2010-жылдын күзгү модасына киргизишти. Эгер ушундай стилде кийинүүнү кааласаңыз, түс тандоодон адашпаңыз. Гетрынын өңү кийген кийимден алыстабашы керек. Ошондой эле ийленген териден (замша), мехтен тигилген өтүктөр – бул күздүн модасы.

МЫРЗАЛАРДА ЭМНЕ МОДА?
Саркеч мырзаларга белгилүү дизайнерлер эмнени сунуштайт дебейсизби? Баркыттан тигилген костюмдарды. Мейли анын өңү кочкул кызыл, мейли көк болсун, шым менен жарашыктуу тандалса болгону. Мындан тышкары жайкы моданы улай күздө да боз түстөгү классикалык костюм-шым – бул сезондун негизги кийимдери.

БАШ КИЙИМДЕР
Күзгү моданын дагы бир бутагы – баш кийим. Кооз токулган береттер, кепкалар жана мехтен жасалган оригиналдуу баш кийимдерди тандасаңыз, модадан артта калбайсыз.

Мындай оймо-чийме түшүрүлгөн кол кап, көйнөк, сумка, шапка, жемперлер да күздө мода болмокчу.

АК, КАРА ТҮС – ТҮСТӨРДҮН ПАДЫШАСЫ
Негизи эле ак жана кара түс дайыма модадан түшпөйт эмеспи. Бул күздө жогорудагы өңдөр түстөрдүн падышасы болот. Муну белгилүү “Alexandra” компаниясынын алдыңкы катардагы дизайнери Айганыш Мамадиярова да баса белгилеп өттү. Мындан тышкары боз, кызыл, кочкул кызыл, жашыл, ачык көк, агыш түстөр да модада.
Рахима Сайтун сөз болгон компаниянын сатуу боюнча (маркетинг) бөлүм башчысы: “Дүйнөлүк модада кандай түс актуалдуу болгон күндө да, биз кээде кийимдердин түсүн өзүбүздүн өлкөбүздүн менталитетине ылайыкташтырабыз. Мисалы, дүйнөлүк мода зебра өңдүү кийимдерди сунуштайт. А биз билебиз, мындай чаар ала кийимдерди биздикилер анча жактырышпайт. Андыктан анын ордун биз башка менен толуктадык. Күздүн бардык өңүн камтыган жакшы кийимдерди дизайнерлер иштеп чыгышты”,- дейт.

Канчадан бери жылмакай булгаарыдан тигилген тар, жабышкан шымдар модадан түшпөй келет. Ал бул күздө да кайталанат.

Белге жабышкан классикалык стилдеги ийини бир өлчөмгө чоң, жеңи чолок же узун болгон костюмдар күзгү модада.

ЭМНЕГЕ ЭМНЕ АТААНДАШ?
"Одуракай булгаары мехке атаандаштыкты түзөт" дешет дүйнөлүк моданы көзөмөлдөгөн дизайнерлер. Бир талап, анын түсү ачык эмес, агыш, боз, дегеле көзгө жеңил түстөр болушу шарт. Одуракай булгаарыдан тигилген пальто гана эмес, жеңсиз кыска бешмант да сезон модасы.

АКСЕССУАР
Айымдар кийим менен бирге аксессуарларды да туура тандоосу керек. Мисалы, классикалык кийим менен бирге жарашыктуу билерик тагынуу бул – өзүнчө искусство. Аны кылдаттык менен тандоо оңой эмес. Анан да кур, кол кап, ободок да сезондун модасы. Ал эми айымдар үчүн эң маанилүү курал болгон сумкага бул сезондо өзгөчө көңүл бөлүнгөн жок. Түрдүү көлөмдөгү сумка кийимге жараша түсү менен тандалса эле болду. Эскерте кетчү нерсе, сумка менен бут кийим түспөлдөш болбошу керек.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ABC
2010-08-30 14:45:20
Нонсэнс :(
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан