«ЖЕНЬШЕНЬ – ӨМҮРДҮН КҮЧҮ» ИЛИМИЙ ЖАКТАН ДАЛИЛДЕНГЕН ТАБИЯТ КЕРЕМЕТИ

Женьшендин тамырынын формасы адамдын денесин элестетет.

Тамырдын жогорку одур-бодурлуу бөлүгү кары адамдын башы, андан чыккан сары өзөк денеси, каптал тамырлары кол жана бут сымал. Каптал тамырларынын жоондору адатта төртөө. Женьшенди дарылыкка өстүрүп баккандар жогорку одур-бодурлуу бөлүгүнөн, жадакалса «беттин келбетин», «ооз» жана «мурунду» байкаса болот дешет.

Өсүмдүктүн тамырынын адамдын денесине сыйкырдуудай окшоштугу табияттын тамашасы деп ойлоо акылга сыйбайт.

Мындан 3000 жыл мурда адамдар женьшенди ден соолук үчүн колдонуп башташканы бекеринен эмес. Мындай керемет өсүмдүк сырткы көрүнүшү менен гана адамдарга окшошпостон, курамы жана касиети жагынан да окшош.

Кытай тилинен которгондо «жень» – адам, «шень» – тамыр дегенди билдирет. Уламыштарда женьшень адам катары жаралгандыгы айтылат. Чагылган тунук сууга түшөт да, аны менен кошо жер алдына кетет. Экөөнүн жупташуусунан улам керемет чөп жаралат. Андыктан байыркылардын «женьшень ооруларды айыктыргандан тышкары өлгөн адамды тирилтүүчү пайдалуу өсүмдүк» деп эсептешкени бекеринен эмес.

Бүгүн, көптөгөн жылдардан кийин, байыркы уламыштын сыйкырдуу маңызын электен өткөргөн окумуштуулар женьшенден жасалган каражаттар өмүрдү, жаштыкты узартарын ишенимдүү айтышат. Андай каражаттар физикалык жана акыл жактан чарчоону жазып, ишке жөндөмдүүлүктү жана жыныстык функцияны күчөтөт, тамакка табитти ачат, артериалдык кан басымды жөнгө салат, борбордук нерв системин тынчтандырат. Булар женьшень менен дарылагандардын ойдон чыгаруусу эмес, илимий жактан далилденген фактылар.

Табият женьшенди адамга өтө пайдалуу кылып жараткандыктан, заманбап окумуштуу-технологдордун милдети – женьшендин пайдалуу касиеттери толук камтылган каражаттарды иштеп чыгаруу болууда. Ошондой эле каражаттын курамындагы ингредиенттер бири-биринин пайдалуу касиеттерин басып койбой, кайра күчөтө тургандай кылып иштеп чыгууда турат. Оптималдуу форма болсо иштеп чыгарылган!

Күчөтүлгөн виталдуу (жашоодо маанилүү) фитонаноцевтикалык «Женьшень – өмүрдүн күчү» комплекси – бул женьшендин биомассасын нанотүзүмдөөнүн жардамы артында байыркы Сибирь табыптарынын рецепти боюнча жасалган табигый өсүмдүк бальзамы.

Женьшендин тамыры жана жалбырагынын мицеллярдык формасынын колдонулушу артында фитонаноцевтикалык бальзам жогорку даражадагы касиетке ээ.

УРМАТТУУ КАРДАРЛАР!

Каражаттын презентациясы 17-январда Бишкекте «Кыргыз киносу» кинотеатрында саат 13:00-14:00гө чейин өткөрүлөт. Өзүңүз келип, каражат менен таанышып, сизди кызыктырган суроолорду бере аласыз.

Дарегибиз:

Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 108 (кирүү Шопоков көчөсү тарабынан, ЦУМдун жанында).

Иштейбиз: дүйшөмбү-ишемби,
саат 10:00-18:00.
Дем алыш – жекшемби.

Байланыш телефондору:
0779 185 101, 0707 335 449

ДАРЫЛАНУУ КУРСУ:

профилактикалык курс – 4 куту

терапиялык курс – 8 куту

Бальзам 1 күндө 2 маал тамактан мурда 1 чай кашыктан ичилет

КАЗАКСТАНДЫК КАРДАРЛАРДЫН ОЙ-ПИКИРЛЕРИ

«Буту-колумдун зыркырап ооруганы басылды»

– Менин жашым 80де. Албетте, оорубаган жерим жок. Көп жылдардан бери кант диабетинен жабыркайм. Буту-колум зыркырап, муундарым ооручу. Тамак ичкенден кийин жүрөгүм айланчу. Женьшень бальзамын ичкенден бери буту-колумдун муундарынын ооруганы токтоп, чыйрак кыймылдап, өзүмдү жеңил сезип калдым. Тамакка табитим ачылып, ашказан-ичегимдин иштөөсү оңолду. Уйкум жакшырды.
Турсын Байтабынов, 80 жашта, Кызылорда облусу, Сырдария району

«Көп жылдан берки жөтөлдөн арылдым»

– Көптөгөн жылдар бою жөтөл тынчымды алып келди. Кандай дары ичип дарылансам да кетпеди. Ошону менен катар эле бир нече жыл мурун инсультка кабылдым. Ошондон кийин кыймылым, сүйлөөм начарлады. Женьшень бальзамын 1 ай ичкенден кийин жөтөлүм токтоду. Алгач какырык чыкты. Организм жакшы тазаланды. Мурун кыймылым начар болсо, бальзамды ичкенден кийин активдүү кыймылдап калдым.

Валентина Волкова, 50 жашта, Шымкент шаары

«Жүрөгүмдүн ооруганы токтоду»

– Мындан 15 жыл мурун инфарктка кабылгам, ооруканада каттоодо турам. Мени дайыма жүрөгүмдөгү оорутуу кыйнап келген. Бассам демигип, шалдырап, алсыз элем. Тизем да оорутуп, тиземдин артында чоңдугу картошкадай болгон май шишик пайда болгон. Басканымда таманым ысып оорутчу. Жолдошумдун талмасы бар болчу, өтү ооручу. Жазында гезиттен «Женьшень – өмүрдүн күчү» бальзамы тууралуу окуп, врач менен кеңешип көрдүм. Ал колдонууга болорун айтты, ошентип жолдошум экөөбүз бальзамды иче баштадык. Ошондон тартып жашообуз оң жакка өзгөрүлдү. Демикпей, шайдоот жүрүп калдым. Көрүүм жакшырды, жүрөгүм оорубай калды. Муундарым жана таманым оорутпайт, май шишик жоголду. Жолдошумдун өт баштыкчасы жакшы иштеп, эстен танып калуу адаты жоголду. Бальзамды ичкенди улантуудабыз. Чоң рахмат!

Зейнеп Абишева, 70 жашта, Кызылорда облусу, Жанакорган району

«Астма үчүн спрейди колдонбой калдым»

– Көптөгөн жылдар бою ашказан-ичегим, уйку безим ооруп, кыйнап келген. Кант диабети, жогорку кан басым, астма оорум да бар болчу. Ашказанымдагы оорутуу басылбагандыктан дарысыз тура алчу эмесмин. Келинимди бөйрөк, табарсык оорусу кыйначу. Гезиттен «Женьшень – өмүрдүн күчү» бальзамы тууралуу окуп, бальзамды алып иче баштадык. Жыйынтыгы эң сонун! Астма үчүн спрейди колдонбой калдым, демигүү жок. Ашказаным оорубай калган үчүн дары ичүүнү токтоттум. Уйку безимдин иштөөсү жакшырды, кан басымым калыптанды, уйкум жакшырды. Келинимдин да ооруган жерлери басылды.

Тазагүл Баймурынова, 65 жашта, Кызылорда облусу, Жанакорган району

«Кан басымым калыптанды»

– Женьшень бальзамын ичкениме жарым ай болду. Өтө жакшы таасир этип жатат.

Менде оорулардын «дестеси» бар: көздүн глаукомасы менен катаракта. Алматыдан операция жасаткам. Өт баштыкчасын алдыргам, муундарым, бөйрөгүм, боорум ооручу, кан басымым жана көзүмдүн басымы жогору болчу. Калкан сымал безде да маселе бар болчу. Уйкусуздуктан азап тартчумун. Женьшень бальзамын ичкенден кийин уйкум тынчыды. Кан басымым калыптанды, андыктан дары ичпей калдым. Тамакка табитим ачылды. Мурун кечке жатып жашоого кызыгуум жок болсо, эми жашоого шыктана баштадым. Ушундай бальзамдын пайда болгонуна ыраазымын! Баарыңыздарга бальзамды сунуштайм!

Сыргаш Жетибаева,
70 жашта, Жамбыл облусу, Мойынкум району

«Канда канттын өлчөмү турукташты»

– Мен 3-топтогу майыпмын. 41 жашымдан баштап 2 кулагым укпайт. Андыктан мен абдан тынчсызданып, кыжалат болчумун. Качан калыптагыдай уктаганым да эсимде жок. Кандын курамында канттын өлчөмү жогорулап кеткен. Ашказан-ичегимдин иштөөсү бузулуп, кан басымым да туруктуу эмес эле. Таанышымдын сунушу боюнча женьшень бальзамын ичип баштадым. Азыр жакшы уктап, нервим калыпка келди. Канда канттын өлчөмү турукташты. Женьшень бальзамынын арты менен өзүмдү жакшы сезип калганыма кубанычтамын. Бальзамды чыгаргандарга рахмат!

Жетес Ниязымбетов,
51 жашта, Шымкент шаары

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан