ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА

Елена Исинбаева 1982-жылы 3-июнда Россиянын Волгоград шаарында туулган. Таяк менен бийиктикке секирүү боюнча Олимпиаданын жана Европанын, дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Елена 2004-2005-жылдары «Жылдын жеңил атлетчиси» наамына ээ болгон эле. Эми минтип үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде 2006-жылдагы ийгиликтери үчүн “Жылдын дүйнөлүк спортчу айымы» наа­мына ээ болуп, «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгына татып отурат. Аталган сыйлык Испаниянын Барселона шаарында тапшырылган.

Мекендештеринин сыймыктуу кызы

Ленанын атасы Гаджи Гафановичтин туулган жери – Дагестандын Дербент шаарына жакын Чувек айылы. Азыр деле ал жерде Ленанын чоң энеси жана башка туугандары жашашат. Ленанын апасы Наталья Петровна убагында 24 жыл “котельныйда” эмгектенген.
Олимпиадачы кыздын айылдаштары: “Мурун Дагестандан Олимпиаданын чемпиону болгон кыз жок эле. Елена чыкканы дүйнөгө мактанып калбадыкпы” деп сөз кылышат. Ушундай атактуу кыздын бала чагына көз чаптырсак, ал 3 жашынан тартып өзү теңдүүлөр катары эле бир тууганы Инна менен бала бакчага, андан соң мектепке даярдоо тобуна бара баштаган. Анан албетте, мектепте окуган соң инженердик техникалык лицейге тапшырып, аны 1997-жылы аяктайт. 1998-2000-жылдары болсо Олимпиада резервинин окуу жайынан билим алуу менен машыгып, өзүн чоң спортко дайындайт. 2002-2005-жылдары Волгограддагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясында окуп, дене тарбия мугалими дипломун алып чыгат.

Карьерасынын башталышы

Еленанын спорттук карьерасы 1987-жылы көркөм гимнастика менен машыгуудан башталат. Алгачкылардан болуп ал Александр Иванович жана Марина Михайловна Лизовалардан таалим ала баштайт. Он жылдын ичинде Елена көркөм гимнастика боюнча спорт чебери наамын алууга жетишет. 1997-жылдан тартып Евгений Васильевич Трофимов аттуу машыктыруучунун колунда таяк менен бийиктикке секиргенге өтөт. Еленанын Трофимов менен болгон кызматташуусу 2005-жылдын ноябрь айына чейин созулат. Учурда Елена Виталий Афанасьевич Петровдун кол алдында машыгат.

Чемпионго айлануу

Алгачкы ири мелдешке Елена Франциядагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында чыгат. 1998-жылы ал 4 метр бийиктикке секирип, биринчи болуу үчүн ага 10 сантиметр гана жетпей калган. Биринчи алтын медалын болсо ал 1999-жылы Дүйнөлүк жаштар оюндарында 4 метр 10 сантиметр бийиктикке секирүү менен жеңип алат. Андан бир жылдан соң алтын медалды камсыз кылуу үчүн ал 4 метр 20 сантиметр бийиктикти багындырат. 2001-жылы жаштар арасындагы Европа Чемпионатында 4 метр 40 сантиметр бийиктикке секирип, дагы бир алтын медаль тагынат.
Спорттун бул түрүндө ал жетишкендиктеринин санын күндөн-күнгө арбытып, 2002-жылы Европа Чемпионатында 4 метр 55 сантиметр бийиктикти багынтат. Бирок, бул жолу алтын медалды андан 5 см жогорку секирген Еленанын мекендеши Светлана Феофанова алып кетет. 2003-жылы Еленанын күйөрмандары анын дагы бир жаңы ийгилигинин күбөсү болушат. 4 метр 65 сантиметр бийиктикти багынткан спортчу бул жолу (23 жашка чейинкилер арасында) Европа чемпиону болот.

Дүйнөлүк рекорддор

2004-жылдан баштап таяк менен секирүү спорттун популярдуу түрүнө айлана баштайт. Украинанын Донецк шаарында өткөн мелдеште Елена жабык имаратта өткөн турнирде дүйнөлүк ре­корд­ду жаңыртып, 4 метр 83 сантиметр бийиктикке секирет. Андан бир ай өтпөй жабык имарат ичиндеги Дүйнө Чемпионатында өзү койгон рекордду жаңыртып, Елена 4 метр 86 сантиметрди алуу менен кайрадан 1-орунду ээлейт.
Спортчу өзү бир сапар айтып бергендей, Олимпиадалык жеңишке ал өтө деле катуу сүйүнгөн эмес. Ал машыктыруучусу менен мындай ийгилик тууралуу көп жолу сүйлөшүп келгендиктен, Афиныда Олимпиаданын алтынын алууга моралдык жактан даяр болчу.
Спортчулар төлгө, ырым-жырымдарга ишенчээк адамдар болушат жана Исинбаева да ошондойлордун катарына кирет. Анын өзгөчө адаты – ар бир секирүү алдында сыйынып, чокунуп алуу.
Өзүнүн кайталангыс беш метрди багындыруу рекордун Исинбаева Лондондо койгон. Кыязы, Улуу Британия Елена үчүн өзгөчө ийгиликтүү өлкө окшойт. Себеби, аталган өлкөдө Елена 7 жолу рекорддук көрсөткүчкө секирген. Эки жыл ичинде Исинбаева мурдагы рекордуна бир эмес, төрт сантиметр кошот. Алгач Лондондо ал 4 метр 96 сантиметр бийиктикке секирип, андан соң 5 метрлик бийиктик коюуну суранат.
Бүгүнкү күндө Исинбаева 17 дүй­нөлүк рекорддун ээси. Журналисттер андан: «Дагы канча?» деп сурашканда ал: «Карьерасында 35 дүйнөлүк рекорд койгон Сергей Бубканын жетишкендигинен ашам» деп айтат. Бубка өзү айткандай, Еленаны Кудай өзү секирүү үчүн жараткан окшобойбу.

Дельфиндерди сүйгөн кыз

Турмуштагы бардык сыноолордон Елена жеңил эле өтүп келсе да, мурдун асманга көтөрүп кеткен жок. «Досторуңуз менен азыр кандай мамиледесиз?» деген суроого ал: «Чогуу өскөн кишилерди өзүм­дөн алыстатуу оюм­да жок» деп гана жооп берет. Ошол эле мезгилде Ол­импиа­да чемпиону өзү­нүн баасын жакшы билет. Өзүн «турмушта бир кыйла ишенимдүү жана тажрыйбалуумун» деп эсептейт.
Бир ирет Исинбаеваны Голливудга чакырышып, Том Круз менен бирге боевик киного тартылууну сунуш кылышкан. Бирок, ал орус террорчу кыздын ролун аткаруудан баш тартып эле тим болбостон, кинокомпаниянын чоңдорун урушуп коё берген жагы бар. Себеби, «орустар Американын фильмдеринде тартылса эле террористтин, мафиоздун же жүрүм-туруму жеңил аялдын ролун аткарышы керекпи?» деп ызаланган.
Ал эми аны кайрымдуулук иштерин жасабайт деп күнөөлөгөнгө аракет кылышса, «алгач өзүмдүн үйбүлөмдү, ата-эне жана бир тууганымды камсыз кылгым келет» деп ачык айтат. Өзүнүн гонорарларына спортчу алгач Волгограддан квартира, андан соң «BMW» автомобилин сатып алган.
Волгоградда Еленаны алдынан чыккандардын жарымынан көбү тааныйт. Ал машинасын катуу айдап баратса да, автоинспекторлор айыпка тартышпайт, дүкөндөрдө сатуучулар товарын арзандатып бере коюшат.
Ушул айдын башында спорттогу «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгын алган Исинбаева 24 жашында тарыхтагы таяк менен бийиктикке секирген мыкты спортчу болуп саналат.
Бою 174 сантиметр, салмагы 66 килограмм келген Елена философияга кызыгат жана дельфиндердин коллекциясын жыйноону самап келет.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан