(Башы өткөн сандарда)
Асман Айдарды жакшылап караганга даай албай турду. Көздөрүн көтөрсө эле такыр моюнуна алгысы келбей жаткан чындык өзүнөн-өзү чыга калчудай. Айдар да эмне кыларын билбей жатты. Жанына барып кучактайын дейт, жакшы сөз айтайын дейт, бирок "кагып салса эмне болот?" деген коркунуч каптап турду. Оорукананын босогосунда отуруп таң атырышты. Эртең менен Сания келди. Асманды көрүп эмне дээрин билбей туруп калды.
– Кандайсыз?- деди Асман. Апа деп айта албады эмнегедир. Көзүн алып качты.
– Жакшы, Айжанды алып келген жокмун. Абалы оор. Сен анын жанында болсоң жакшы болмок.
– Мен ал үйгө бара албайм,- деди кыз терс бурулуп.
– Ал эмне дегениң? Сенин үйүң ошол эмеспи.
– Эми мен үйүм, ордум кайсы жакта экенин билбейм. Жадакалса ким экенимди да билбейм.
Сания Асмандын жанына жакын келди. Кучактагысы келди. Колун созуп барып туруп калды.
– Сени атаң алып келгенде кичине элең. Мени такыр жаныңа жолоткон жоксуң. Болгону чачыңды тараганга гана уруксат берчү элең. А мен чачтарыңды тараганыма эле бактылуу болчумун. Кийин Москвадагы күчтүү гипнозчуга алып барып эс-тутумуңдагы нерселердин баарын өчүрткөндө гана «апа» дедиң. Мен дүйнөдө уккан эң сонун сөз ушул болчу. Кийин Айжан төрөлдү. Ал төрөлгөндө… Кыскасы, мен сенден баш тартып кеттим. Кандайча болду өзүм да билбейм. Өзүңдүң каныңа башка сезим пайда болот окшойт. Бирок атаң анткен жок. Бир көргөн күндөн баштап сени жакшы көрдү. Бул мени ого бетер ыза кылды. Мен төрөгөн кыз сендей сулуу, сендей акылдуу болбосо да өз каны экенин дайыма көрсөткүм келди. Ортобуз ошентип алыстай берди.
– А мен дайыма өзүмө суроо берчүмүн. “Эмнеге апам мени Айжандай жакшы көрбөйт?” Жакшы окусам, көп ийгиликтерге жетишсем апам мага да көңүл бурар дечүмүн. Бирок сен мени таптакыр эле көрбөгөнгө өттүң, а мен тырыша бердим. Сенин көзүңө көрүнүүгө эки көзүм төрт болду. Бирок сен мени дагы да көрбөдүң. Көрсө…
– Эне болгондо түшүнөсүң. Кыз жалт тиктеди.
– Мен билген энелик такыр мындай эмес. Кечирип кой, мен билген инсандык да мындай эмес. Мени каалабасаң кой, сенин жашооңдон чыгып кеткенге даярмын. Бирок эч качан атамдын жана Айжандын жашоосунан мени кууп чыгам деп ойлобо. Эртең кийимдеримди алып кетем.
Асман тез-тез басып чыгып кетти. Аркасынан Айдар чыкты.
ххх
– Кайда барасың, эже?
– Билбейм, батирге чыгам. Жумуш таап, окуумду улантам. Атам жакшы болгондо чет өлкөгө кетем.
– Кечир, баары менин айымдан.
– Жок, сенин айыңдан эмес. Бул эртеби-кечпи билинмек. Билингени жакшы болду.
Кийимдерин чогултуп жаткан эжесинин колунан кармап Айжан кучактай калды.
– Кандай болбосун сен менин эжемсиң. Эч бир нерсе муну өзгөртө албайт. Сен менин Асманымсың, кичинемден бери мени багып келген, мен үчүн жанын бергенге даяр эжемсиң,- деди жаш аралаш.
– Ыйлаба. Мен өлгөн жокмун го, болгону башка жерде жашайм. Бир аз акыл-эсимди жыйгандан кийин чет өлкөгө кетем. Атам жакшы болуп калса эле болду. Бир шаарда жашап жатабыз. Тез-тез көрүшүп турабыз.
– Сен азыр жиниң келип айтып жатасың, кийин келесиң да, ээ? Бул сенин үйүң...
Асман унчуккан жок.
– Мен ушундай болгонуна сүйүндүм, эже. Бул чындыкты бир жыл мурун уккам. Апам атама сени багып алышканын айтып жатканда угуп калдым. Аябай кыйналдым. Ишенгим келген жок. Бирок кайсы бир убакта угушуңду каалагам. Бул жүктү көтөрүп жашоо мага оор болчу. Апам мени жакшы көргөн сайын өзүмдү сенин алдыңда күнөөлүү сезчүмүн. Эми баары ордуна келет.
“Эч нерсе ордуна келбейт. Мен өзүмдү жоготуп алдым. Ким экенимди деле билбейм. Куду түш көрүп жаткандаймын. Ишенгим да келбейт, бирок ишенбегенге да айлам жок” деп ойлоп турду Асман. Сиңдисине бир нерселерди айтып алдап-соолап жатып кийимдерин алып сыртка чыкты. Бурулуштан Айдар аркасынан келе жатканын байкады. Машинасын тез токтотуп сыртка чыкты.
– Сага эмне керек? Эмне эле артымдан калбайсың? Мени өлүп калат деп ойлоп жатасыңбы? Коркпо, өлбөйм!
– Билем, сен күчтүү кызсың, Аруш...
Айдар “Аруш” деген сөздү аябай жылуу айтты. Эрксизден Асмандын ыйлагысы келип кетти. Кулап бараткан жашын колу менен аарчыды.
– Асманмын мен! Уктуңбу? Эс тартканы, өзүмдү билгени Асманмын. Арууке дебе мени.
– Мен бул атты аябай көп атадым. Ошол үчүн... Сени Асман деп аташ оор. Анткени сен Аруукесиң. Менин Аруукемсиң.
– Мен эч кимдики эмесмин! Жайыма койгулачы мени.
– Макул, Асман деп айт десең антип деле айтайын. Кайда барасың?
– Эмне кыласың, мени менен эми кимдин иши бар?
– Менин ишим бар.
Айдар жөн эле тиктеп турду. Сулуу, бойлуу, көздөрү капкара. Ушул турушунда Асман бул жигитке өзү аябай окшош экенин байкады. Көзүндөгү бир жалын, бир учкун аябай окшош экен. Катуу урушайын деп баратып оозунан сөзү түшүп тиктеп туруп калды. Машинасына таяна шалдайып эмне кыларын билбей турду.
– Жүрү биздин үйгө бар.
Асман башын чайкады.
– Бара албайм. Ичимдеги бир нерсени жайгарып, суроолорума жооп тапмайынча эч кайда бара албайм.
– Албетте, жалгыз калгың келип жатат. Бирок эгерде сага бирөө болгон окуяны башынан айтып бербесе кантип түшүнөсүң?
– Билбейм.
– Атама баралы. Бардыгын анын өз оозунан уксаң сага түшүнүктүү болот. Мен да кичине болчумун. Чоң энем бар эле. Анан сен...
– Менин апам бар беле?
– Айдар үн ката албады.
– Эмне унчукпай калдың? Инкубатордон чыкпасам керек. Менин да энем болсо керек. Ал мени алдабайт. Энем менен жолуккум келет. Экөөбүздүн энебиз барбы?
– Досумдун бир бош батири бар. Ошол жер сага ыңгайлуу болот. Керектүү нерсенин баары бар. Сени ошол жакка жайгаштырайын, макулбу? Калганын кийин сүйлөшөбүз.
ххх
Өтмүштү эки ооз сөз менен айтып бере албайсың. Каталарыңды, өкүнүчтөрүңдү айта албайсың. Кээде аларды түшүндүрүү да мүмкүн эмес. Анткени сенчелик бул абалда эч ким жашаган эмес. Айдар карындашына өтмүштү айтып бере албады. Ансыз да алсырап турган кызга “апаңды атаң өз колу менен өлтүргөн” деп айта албайт эле. Ойлонуп жатып акылына келген бир нерсени ишке ашырып көргүсү келди. Ал эч качан издебеген апасын издөөнү чечти.
ххх
– Ата, «Апамды издеп» деген тасма бар го, ошону көрдүң беле?
– Жок.
– Кичине бала апасын издейт.
– Ии, табат бекен анан?
– Таппайт.
– Аны мага эмнеге айтып жатасың?
– Мен да издешим керек.
– Эмне кыласың? Өз жашоосу менен жашап жүргөн немени...
– Бүгүн Арууке апасы тууралуу сурады. “Мен апама гана ишенем. Апам айтып берген нерсеге гана ишенем” деди. Болгон окуяны айтып берсек андан да жаман болот. Жаш кыз, турмушунда эч нерсе көргөн жок. Бир үйдүн эрке кызы болуп жүрүп эле бакма кыз экенин билди. Эгерде атасы апасын өлтүргөнүн билсе...
– Айдар!
– Турмуштан такыр көңүлү калып калабы деп корком, ата. Ал дагы сонун нерселерди көрүшү керек. Эне болушу керек. Алдында сонун жашоо бар. Азыртадан жашоонун...
– Сен өзүңдү Кудаймын деп ойлойсуңбу? Акыры бардык чындык чыгат. Мен баарын өзүм айтам. Керек болсо апасын мен өлтүргөнүмдү айтып берем. Сен токто, ушунчаңда токто!
Эрнис үйдөн чыгып кетти. Айдардын апасын издейм деген сөзү эсинен кетпей туруп алды. Аман-эсен болсо бир жолу анын көзүнө карасам, “мейли, мен акмак болдум, башка аял менен көңүл ачтым, урдум, кеткенге мажбурладым. Бирок кантип Айдарды кыйды? Өмүр бою баласынын жүзүн көрбөй, көргүсү да келбей жашашы мүмкүн беле? Аттиң, бир күнү кезигип ушул суроону берсем өмүрүмдө арманым болбос эле” деп ойлочу...
(Уландысы кийинки санда)