“ӨНӨКӨТ ЧАРЧОО ДЕГЕН ЭМНЕ?”

Өнөкөт чарчоо, холестерин, безетки... Мына ушул жаатта окурмандардан көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Суроолорго врач-эндокринолог Самара Сагынова жооп берет.

– Акыркы күндөрү аябай чарчап, эч нерсеге көңүлүм тартпайт, иш кылгым да келбейт. Келинчегим кээде “сенин чарчооң өнөкөт болуп калды окшойт. Ушундай оору бар” деп тамашалап калат. Ден соолугум жакшы эле, ооруган деле жокмун. Чын эле эмне болуп жатам?

Акыл, Бишкек шаары



– Такай чарчаңкы абалда жүрүү – бул оору. Аны медицинада өнөкөт чарчоо деп аташат. Анын белгилери төмөнкүдөй:

  • Уйкусуроо
  • Алсыздануу
  • Унутчаактык
  • Көңүлдүн чөгүшү
  • Уйкусуздук
  • Кыжырдануу
  • Стресс
  • Бат-баттан ооруп калуу жана башкалар

Эгер сизде ушул белгилер байкалса, анда сиз чынында өнөкөт чарчоо менен жабыркап жатасыз. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

1. Толук кандуу уйкунун жоктугу же уйкунун бузулушу

2. Көпкө стресс абалда жүрүү

3. Эс албай тынымсыз иштөө

4. Үйдөгү, чөйрөдөгү ызы-чуулар

5. Күнүмдүк режимдин жана тамактануунун бузулушу

6. Витаминдердин жетишсиздиги

7. Нерв системинин оорулары

8. Калкан безинин начар иштеши, анемия жана башка сезгенүү оорулары

Өнөкөт чарчоону дарылоодон мурун анын пайда болушунун себебин аныктап алуу керек. Мүмкүн, стресс абалда жүрөсүз, балким, азыркы жашоо образыңызга нааразысыз. Жан дүйнөңүздү бир сыйра анализдеп чыгыңыз. Эгер бул жагынан баары жайында болсо, анда эндокринологго көрүнүп, тиешелүү анализдерди тапшыруу керек. Анткени организмге витаминдердин, микроэлементтердин жетишсиздиги, иммундук системдин иштешинин бузулушу өнөкөт чарчоону чакырат. Анализдердин жыйынтыгынан соң дарыгер дарылоо жүргүзөт.

“ЭМНЕГЕ ТАМАК ИЧКЕН СОҢ УЙКУ КЕЛЕТ?”

– Башкаларды билбейм, менде тамак ичкенден кийин эле уйкум келип, 1-2 саат ныксырап жүрө бермей адатым бар. Бул учурда эмне кылуу керек?

Жамиля, Ош шаары

– Түштөнүүдөн соң уйкусуроонун көп себептери бар. Биринчи себеби, вегативдик нерв системинин таасиринен улам. Вегативдик нерв системи симпатиялык жана парасимпатиялык болуп экиге бөлүнөт. Биринчиси булчуңдардын иштешине, ар кандай реакцияларга жооп берсе, экинчиси кан айлануу системин жөнгө салат. Тамактануу учурунда парасимпатиялык нерв системи активдешип, ашказанда гастрин, ичке ичегиде энторогастрон гормону иштелип чыгып, тамакты сиңирүү ишке аша баштайт, башка органдарда кан айлануу жайлайт. Экинчи себеби, мээнин гипоталамус бөлүгүндө орексин жана нейропептид заттары иштелип чыгат. Булар адамга сергектик тартуулашат. Эгер бул заттар жеткиликтүү иштелип чыкса, анда сергек жана шаңдуу жүрөсүз. Ал эми таңсыктык жаралса, анда нарколепсияга, башкача айтканда, уйкусуроого алып келет. Аталган заттардын жетиштүү болушу жеген тамак-ашыбыздан көз каранды. Алсак, углеводдор орексин жана нейропептиддин иштелип чыгышын төмөндөтөт. Ал эми белок, тескерисинче, бул заттардын көп иштелип чыгышын камсыздайт. Андыктан күнүмдүк менюңузга белоктуу азыктардан кошууну унутпаңыз. Үчүнчү себеби, толук кандуу уйкунун болбогондугунда. Уйкусурабоо үчүн өтө ачка болбой, ар 2 саат сайын шамшум этип туруңуз. Тамактанган соң тасма көрүп оуруп албай, сыртка чыгып 10-15 мүнөт басыңыз.

“ХОЛЕСТЕРИНДИН ӨЛЧӨМҮН КАНТИП БИЛҮҮ КЕРЕК?”

– Аябай майлуу тамактарды жакшы көрөм. Апам эле “майлуу тамактарды азайтсаң боло, холестериниң көтөрүлүп кетет экен эми” деп бушайман боло берет. Анын деңгээлинин көтөрүлүп кеткенин кантип билүүгө болот? Холестериндин организмге канчалык зарылдыгы бар?

Бакыт, Токмок шаары

– Холестерин – май түрүндөгү зат. Ал ар бир клеткабызда бар. Холестеринди биз жеген тамак-ашыбыздан алабыз жана организм өзү да иштеп чыгат. Майлуу тамак-ашты канчалык көп жесек, холестерин ошончолук көп болот.

Холестерин организмде эмне кызмат аткарат?

• Клеткалардын калыптагыдай түзүлүшүнө жардам берет.

• Көптөгөн маанилүү гормондордун, анын ичинде жыныс гормондорунун иштелип чыгышына таасири бар.

• Тамак сиңирүү жана организмден уулуу заттардын бөлүнүп чыгып турушун шарттайт.

Холестериндин деңгээли төмөн болсо да, жогору болсо да организмге зыян келет. Андыктан аны дайыма нормасында сактоо зарыл. Анын оптималдуу деңгээли 3,3-5,5 миллимоль литр болсо, жогорку деңгээли 7,8 ммоль/л. жана андан жогору. Холестериндин жогорулашында эч нерсе байкалбайт. Ошондуктан көпчүлүк адамдар канында анын өтө көптүгүнөн шектенбей жүрө беришет. 20 жаштан өткөн ар бир адам ар беш жылда анализ тапшырып, холестериндин деңгээлин текшертип турушу керек. Өзгөчө аялдар климакс мезгилинде буга жакшыраак көңүл буруулары зарыл. Анткени организмде гормоналдык өзгөрүү болуп жаткан учурда кан тамырларда холестериндин топтолуп, жүрөк ооруларынын пайда болуу коркунучу күчөйт.

Холестериндин деңгээлинин жогорулашынын себептери:

1. Холестериндин деңгээлин көтөрүүчү тамак-аштар

2. Аз кыймылдуу жашоо образы

3. Ашыкча салмак

4. Тамеки чегүү

5. Ичимдик жана башкалар

Холестериндин деңгээли жогорулаганда ал кан тамырларга топтоло берет. Натыйжада кан тамырдын жолу тарып, ошол жерге келгенде кандын жүрүшү жайлайт. Бул болсо холестериндин дагы көп чогулушуна жол берет. Ошентип, кан тамыр тарыгандан тарый берет. Жүрөктүн кан тамырлары баарынан мурун жабыркайт. Бул инфарктка чейин жеткириши мүмкүн. Экинчиден, баш мээнин кан тамырлары жабыркайт. Бул болсо баш оору, баш айлануу, көздүн көрүүсүнүн начарлашы менен башталып, инсульт менен аяктайт.

Ал эми холестериндин деңгээлинин өтө төмөндүгү (2,5 ммоль) карылар үчүн кооптуу, өлүмгө жеткириши мүмкүн.

Олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
manchik0595
2020-01-15 10:53:09
мага ото керек эле
0
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан