АВСТРАЛИЯДАГЫ ӨРТ: 24 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Австралиянын токойлорунда бир нече айдан бери өчпөй жаткан өрттүн кесепетинен 24 адам каза болуп, 500 миллиондой жандык кырылды. Бир нече адам дайынсыз болууда. Миңден ашык турак жай, 7 миллион гектардан ашык жер күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө өрттүн 200дөй очогу күйүүдө. Мындан улам аба нормадан 26 эсе начарлаган. Алсак, Канберра шаарындагы аба дүйнөдөгү эң булганыч аба катары табылып, жашоочуларды үйдөн чыкпоого чакырышууда. Өрттөн чыккан түтүн бүгүнкү күндө Түштүк Американы, Чили, Аргентина жана Бразилияны да каптап жатат.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-01-16 20:05:07
Жамгыр жааганын коруп ыйлап алдым. Орт басылды болуш керек.
0
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан