8-январда Тегеран-Киев багытында абага көтөрүлгөн Украинанын авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы абада күйүп, жерге кулаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, Ирандын Имама Хомейни аэропортунан учуп чыккан учактын ичинде жалпысынан 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөлөрү болгон.
“Кырсык катталган жайда куткаруучу командалары иштеп жатышат. Учак түшкөн аймак да өрттөнүүдө. Биз тирүү калгандардын өмүрүн сактап калууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”,- деп Ирандын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Дамира Арстанова
koom@super.kg