САХНАДА ЖЫЛДЫЗ, КӨШӨГӨ АРТЫНДА ЗОРДУКЧУ АТАЛГАН КОРЕЙ АТАКТУУЛАРЫ

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарында зомбулукка кабылган атактуу корей актриса, ырчылары тууралуу сөз кылганбыз. Бул ирет, тескерисинче, өзүнүн атактуулугун пайдаланып аялзатына зомбулук көрсөткөн корей мырзалары тууралуу айтууну туура көрдүк.

ӨЗҮНӨ ЖАЗА КАТАРЫ ӨЛҮМДҮ ТАНДАГАН ЖО МИН ГИ

Экрандагы актёр-актрисалардын талантына суктанабыз, андай адамдар ката кетирбеген, идеалдуу сезилет. Анын үстүнө ал мугалим болсо, жаман жолго барат деп ойлобойсуң. Бирок кезектеги каарман бул кесиптин ээлерине көлөкө түшүргөнү чындык. Бирок ал жаза катары өлүмдү тандады...

2017-жылы “Сүйүү жана амбициялар”, “Бейиштен чыгышка карай”, "Алоолонгон жүрөктөр: Корё" жана башка сериалдарда, театрда көптөгөн ролдору менен таанымал актёр Жо Мин Гини сексуалдык зомбулукка күнөөлөгөн билдирүү интернет желесине тарады. Териштирүү иштери башталгандан кийин полицияга дагы 20 аялдан арыз келип түшкөн. Чонжу университетинде иштеген актёр 8 жыл аралыгында бир нече студент кызды зордуктап, дагы көбүнө сексуалдык иш-аракеттерди жасап келгени маалым болгон. Студент жигиттерден көрсөтмө алышканда алар “группалаш кыздар профессор Жо Мин Гиден ушунчалык коркуп калышкан. Анан биз план түзүп, агайдын сабактарында кыздарды аны менен жалгыз калтырбай, жандап жүрчүбүз” дешкен. Алгач бардыгын танып жаткан Жо Мин Ги акыры күнөөсүн моюнуна алып, эл алдында кечирим сураган. Университеттин администрациясы профессорду жумуштан айдаса, актёр тартылып, экранга жаңыдан чыгып жаткан “Кичинекей Кудайдын балдары” дорамасынан Жо Мин Ги катышкан сценалар кыркылып алынган.

Көп жылдык кылмышы билингенге ыза болдубу же чындап күнөөсүн көтөрө албадыбы, Жо Мин Ги 2018-жылы өз өмүрүнө кол салган. Ал каза болордун алдында: “Ушунча жыл коркок болуп кылмышымды жашырып келгеним үчүн кечирим сурайм. Өзгөчө өзүн искусствого арнаган Чонжу университетинен жана театр факультетинин студенттеринен кечирим сурайм...”- деген акыркы катын калтырган.

КЫЯЛДАРДЫ ТАЛКАЛАГАН ЧВЕ ИЛЬ ХВА

2018-жылы сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө атактуу актёр Чве Иль Хванын да аты илинген. “Мага сексуалдык зомбулук көрсөткөн” деген билдирүүлөр тарап баштаганда эле Чве Иль Хва кечирим сурап, театрда, университетте ээлеп турган кызматтарынан жана сериалда ойноп жаткан ролунан баш тарткан. Бирок “анын кылгандарын жеңил гана сексуалдык иш-аракет деп коюу туура эмес, ал чыныгы зордукчу” деген аял журналисттерге маек берген.

– Бул окуя 25 жыл мурун болгон. Анда мен 24 жашта, университетти жаңыдан бүтүп, актриса болууну кыялданган кыз элем. Театрда “Хенекен” пьесасына башкы каармандын ролуна мени бекитишти. Чве Иль Хва менин дикциямды оңдош керек экенин, күндө аны менен машыгып турушум керектигин айтты. 1 жумадай машыктык. Бир күнү ал мени чогуу тамактанууга чакырды. Бир маалда кызып калып, менин кемчиликтеримди айта баштады. Анан ал мени күч колдонуп зордуктап салды... Ошол убакта коомчулук зордукталган кыздардан “сени зордуктаганга эмне түрткү болду?”, “балким, сен өзүң туура эмес иш-аракет жасагандырсың?” деп сурачу. Мен ошондой суракка туш болгум келген жок. 3 күн эч нерсе билмексен болуп жүргөнгө аракет кылдым. Төртүнчү күнү Чве Иль Хва мени кайрадан жолугушууга чакырганда бакырып жибердим, ал мени бетке эс-учумду билбей кулаганчалык күч менен чапты.

Мен кыялымдагыдай актриса болбой калганым үчүн өкүнөм. Ал менин театрдагы эң биринчи жана акыркы ролум болду. Бир жолу Чве Иль Хвага “кечирим сура” деп айтам деп театрга бардым. Ал жанымдан эч нерсе болбогондой, керекпи тааныбагандай бир кылчайбай өтүп кетти. Мен аны токтото албадым. Дале коркот экем, көз карашынан жүрөгүм титирейт экен... Азыр эмчек рагы менен жабыркайм. Бул өмүр менен коштошкуча Чве Иль Хванын оозунан кечирим сураганын уккум келет...

Учурда аталган актёрдун ысымы бирде болбосо бирде жылт этип, кайрадан экрандарга кайтуусу мүмкүн деген имиштер чыгып турат. Таланты жеңип экранга кайтабы же уяты ага жол бербейби, аны убакыт көрсөтөт. Чве Иль Хваны “Бийик кыялдан”, “Шаар аңчысы”, “О, менин Венерам”, “Алдамчылар”, “Эки коп” жана башка популярдуу дорамалардан көрө аласыз.


МЫКААЧЫ АТАЛГАН КИМ КИ ДУК

Быйыл жайында Кыргыз өлкөсүнө келип, табиятка суктанган атактуу корей режиссёру, сценарист, продюсер Ким Ки Дук “Кудайдын коңгуроосу” деп аталган тасма тартып кеткен. Кино дүйнөсүндө "Крокодил", "Реалдуу ой", "Байланыш", “Жаз, жай, күз, кыш... Кайрадан жаз” жана башка тасмалары менен орчундуу орун ээлеген режиссёрдун артынан да чуулгандуу кептер ээрчип жүрөт. Түштүк Кореянын беделдүү MBC каналынын «PD’s Notepad» телеберүүсүндө аты-жөнүн атагысы келбеген 3 актриса режиссёр Ким Ки Дукту сексуалдык байланышка мажбурлаганын айтып чыгышкан. Алардын бири режиссёрдун айткандарын аткарбаганы үчүн роль албай калганын айткан. Ал эми калган 2 актриса Ким Ки Дук тарабынан зордукталганын айтып, ага кошумча кино тартуу учурунда макулдашылбаган интимдик сценаларга мажбурлап тартып, көп ирет кол көтөргөнүн да айтып чыгышкан. Териштирүүлөрдүн натыйжасында режиссёр зордуктаганы боюнча далил жок деп акталып, ал эми актрисаны урган кадр видеодо болгон үчүн 5 миң доллардай айып пулга жыгылган.

Акталып чыккандан кийин Ким Ки Дук аброюма шек келтирди деп өзүн күнөөлөгөн актрисаларды жана MBC каналынын «PD’s Notepad» телеберүүсүн сотко берерин айтып, “мендей үй-бүлөлүү адам үчүн оор эле сокку болду. «PD’s Notepad» телеберүүсүндө айтылгандай мыкаачы адам эмесмин. Менде интимдик мамилелер мурда болгон, бирок эки тараптуу каалоонун негизинде гана. Азыр ушундай күнөө коюлуп жатканына уялып турам” деген. Ал эми «PD’s Notepad» берүүсүнүн продюсери интернеттеги баракчасына берүү эфирге чыгардан мурун чыгармачыл топ бир нече ишенимдүү булактардан маалыматтарды тастыктаганын айтып, “башынан оор сыноо өткөн актрисалар ачыкка чыгуу үчүн көп убакыт, эрк керектелген. Эми аларды кайра соттоо өкүнөрлүк иш” деп жазган.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Eliza-Arapbaeva
2020-01-13 12:54:54
Анан? ,Болдубу? Аябай кызык экен э?
0
Shekeev969798
2020-01-19 00:10:10
Eliza-Arapbaeva,))))
0
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан