КӨК БООР – КАНСЫРООДО ДАЯР ЖАРДАМЧЫ

Адам организминде өз ишин так аткарып, оңой менен ооруй бербеген бир орган бар. Ал – көк боор. Ал ооруса адам да бат-баттан ооруп, өмүргө коркунуч жаралат. Чоң ишти аткарган бул кичинекей орган тууралуу Онкология жана гематология улуттук борборунун врач гематологу, медицина илимдеринин кандидаты Шербет Жусупова маалымат берет.

КӨК БООР

Көк боор дененин сол тарабында, 9-11-кабыргалардын алды жагынан орун алган орган. Узундугу – 13-14, туурасы – 8-9 сантиметр, ал эми калыңдыгы 3-4 сантиметр. Салмагы – 150-250 грамм. Дартка чалдыкса, салмагы 1 килограммга чейин чоңоюп кетет.

АТКАРГАН КЫЗМАТЫ

  • Кызыл кан денечелеринин – эритроциттердин кампасы. Анда 20-40 миллилитр эритроцит бар. Мисалы, адам кырсыктан улам же бир жерин кесип алып кан жоготкондо көк боор организмди ошол кампасындагы кан менен камсыздайт.
  • Көк боордогу моноцит клеткалары тазалоочу, көзөмөлдөөчү, жаңы ткандардын жаралышын шарттоочу, запкыга чалдыккан органды калыпка келтирүүчү кызматтарды аткарышат. Башкача айтканда, кандын курамындагы картайган жана бузулууга учураган эритроциттерди, вирус, бактерия, мителерди тазалап турат. Инфарктка чалдыккан жүрөктү же башка органды калыпка келтирүүгө катышат.
  • Иммунитеттин күчтүү болушуна салым кошот. Андыктан көк боорун операция жолу менен алдыргандар тез-тез ооруй беришет. Мурун көк боор жашоого керектүү негизги орган катары каралбай келсе, кийин анын милдети толук иликтенип аныкталган соң керектүү органдардын катарына кирди. Азыр аны мүмкүн болушунча таза сактоо сунушталат.
  • Организмде кан айлануу процессине катышат.
  • Түйүлдүк жаралгандан 8 айга чейин аны кан клеткалары: лейкоцит, эритроцит, тромбоцит менен камсыздап турат. 8 айдан кийин бул милдетти сөөк кемиктери аркалайт (кемиктер канды иштеп чыгарат). Ал эми көк боор болсо түйүлдүктү лимфоцит жана моноцит менен камсыздоого киришет.

КӨК БООРДУН ӨЗҮНҮН ООРУЛАРЫ

Барсылдак. Мунун 2 түрү бар: митесиз жана мите курттуу. Эгер барсылдакта эхинококкоз же альвеококкоз мите курту болсо, анда операция жасалып, барсылдак алынып салынат.

Көк боор жаракатка кабылганда да барсылдак (киста) пайда болушу ыктымал. Мунун залакасы жок. Кичине өлчөмдөгүсүн дары менен жок кылууга болот. Чоң болсо анда операция жолу менен алып салууга туура келет. Анткени ал жер сезгенип, акырындап ириңдеп баштайт.

Инфаркт. Көк боордун кан тамырында кан уюп (тромб) калса, анда көк боордун кан барбай калган бөлүгү инфарктка учурайт. Башкача айтканда, өлө баштайт. Мисалы, лейкемияда эритроцит же лейкоцит, же тромбоцит көбөйүп кетсе, алар кан тамырда уюп, аны бүтөп, инфаркт күтүлөт. Мындайда ашыкча кан клеткаларын жок кылуу үчүн химия терапиясы колдонулат. Көк боорго барчу кан тамыр варикозго учураса да кан уюп, ал да көк боорду инфарктка жеткирүүсү мүмкүн. Кандай болсо да көк боордун аман калган бөлүктөрүн сактап калуу үчүн шашылыш дарылоо жүргүзүлөт.

Залалсыз жана залалдуу шишик. Залалдуу шишикте көк боор алынып салынат. Залалсыз шишиктин көлөмү кичине болсо, шишиктин өзү, чоң болсо, орган алынып салынат.

Жаракат. Көк боор катуу соккуга учураганда жарака кетет же така сымал ийилип барып, жарылат. Эгер жарылса курсак көңдөйгө кан куюлат. Шашылыш операция жасалбаса, адам көз жумат. Жарылып кеткенде көк боорду сактап калуу үчүн операция жасалат.

КАН АЙЛАНУУ БУЗУЛГАНДА ЧОҢОЮП КЕТИШИ

Көк боор кандын жаралуу жана айлануусуна жооп берүүчү систем (сөөк чучугу, кемиктер, лимфа бездери), ошондой эле боор, бөйрөк жана башка органдар менен чогуу иштейт. Систем бузулса көк боор чоңоюп кетет.

Гемотикалык микросфероцитардык анемия менен байланышы. Бул тубаса, чанда кезигүүчү оору. Дарт бала туулганда же кийинчерээк козголот. Кандын курамындагы эритроциттер адатта 120 күн жашап анан өлөт. Аталган дартта эритроциттердин сырткы мембранасы туура эмес түзүлүштө жаралат да эрте өлө баштайт. Алар көк боорго барып топтолуп, көк боор чоңоюп кетет (спленомегалия). Эритроциттердин жетишсиздигинен анемия жаралат. Дарттын айынан билирубин да көп бөлүнүп чыгып, дене алгач бозоруп, саргаят. Ооруган адамга өмүр бою убак-убагы менен донордук кандан чыпкаланып алынган эритроциттер куюлат. Оорунун оор стадиясында кемик чучуктары донордук кемик чучуктар менен алмаштырылат. Дарт өтүшүп кетсе, адам көк боорун алдырып салууга аргасыз болот.

Цирроз жана гепатит менен байланышы. Цирроз – боорго терс таасир этүүчү себептерден улам боордун клеткалары (гепатоциттер) сезгенип, акырындап өлүп, алардын ордуна керексиз тутумдаштыргыч ткандар өсүп жана аман калган ткандар активдүү бөлүнүп баштаган оору.

Гепатиттин А, Е түрү таза жуулбаган мөмө-жемиш, идиш-аяк, кир суу, жуулбаган кол, идиш-аяктан жугат. B, C, D түрү кан аркылуу, мисалы, кан куйганда, операция учурунда, тиш жулдурганда гигиена сакталбагандан улам жугат.

Эки ооруда тең кан айлануунун бузулушунан улам көк боор чоңоёт. Дарылоо жардам берген учурда көлөмү кичирейет. Чоңоюп кетип, жарылуу коркунучу жаралса алып салынат.

Лейкемия менен байланышы. Лейкемия (лейкоз, ак кан) – онкологиялык оору. Кандын өсүп жетиле элек ак кан денечелеринин (рак клеткалар) кемикте пайда болуп, көп органдарга тарашы. Ушундан улам көк боордо ак кан денечелери көп топтолуп, ал чоңоюп кетет.

КӨК БООР ЧОҢОЙСО ХИРУРГГА ЭМЕС, БИРИНЧИ ГЕПАТОЛОГГО БАРЫҢЫЗ

Көк боор чоңоюп кеткен болсо, хирургдар гематологсуз, инфекциялык врачсыз диагноз койбошу жана гематологдун уруксаты жок аны алып салбоосу кажет. Жарылып кетүү коркунучу чыкса же жарылып кеткен болсо, айла жок. Көк боор ооруса хирургга баруудан мурун гепатолог менен гематологдун текшерүүсүнөн өтүңүз, көк боорду жаңылыш алдырып салбаңыз. Анткени көк боорсуз, жогоруда айткандай, ооруларга көп чалдыгуу коркунучу бар. Көп ооруй берүүдөн өмүр кыскарышы мүмкүн.

Оорудан же жаракаттан улам көк боорду алып салууга туура келсе, анын жок дегенде аман калган 5 пайызын сактап калуу кажет. Аны адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип койсо 1 жылдай убакытта кайра өсүп, иштей баштайт. Көк боорду сактоо үчүн жаракатка жана ооруларга кабылбоого аракет кылуу кажет. Бир жылда 1 жолу дарыгерге көрүнүп, кандын курамын, ички органдарды текшертип туруу зарыл.

КӨК БООРДУ ИЗИЛДӨӨ ЫКМАЛАРЫ

  • УЗИ
  • Компьютердик томография
  • Ядердик-магниттик резонанс
  • Ангиография
  • Пункция

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-01-23 04:59:53
Керектуу маалымат
+2
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан