Камчы Сарыбаев, актёр: «ЧӨП ЧАПКАНДЫ, ҮЙ КУРГАНДЫ МАГА АПАМ ҮЙРӨТКӨН»

Эне – бул өмүр. Сени жарык дүйнөгө алып келип, түмөн түйшүгүңдү көтөрүп, ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңгон адам. Анын ар бир кыймылы, кийген кийими, жасаган тамагы, айткан кеби дүйнөдө сенден башка бир да адамда болбогон керемет сыяктуу. Өз жашоосундагы керемети, жыргалы, өмүр берген адамы тууралуу белгилүү актёр Камчы Сарыбаев айтып берди.

«АПАМ АТАМДАН 5 ЖАШ УЛУУ ЭКЕНИН КЕЛИН БОЛГОНДО БИЛИПТИР»

– Апам, Айна Деркимбаева 1950-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Отрадное деген айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 9 бир тууган. 3 эркек, 6 кыз. Кийин бой жеткенде 6 кыздын үчөө дарыгер, үчөө эсепчи кесибин аркалашкан. Бүгүнкү күнгө чейин ынтымактуу, бири-бирин эркелеткен бир туугандар. Алардын ынтымагына суктанам. Бала чагында апам аябай тентек кыз болгон экен. Бир туугандарына болушуп, эркекче кийинип алып мушташкандарын айтып калат. Анан да кичинесинде жалаң орус тилинде сүйлөчү экен.

Апам менен атам экөө баш кошуп, 3 баланы: мени, инимди жана карындашымды тарбиялашты. Баса, атамдын апамды ала качып келгени да кызык. Атам эки досун ээрчитип алып, Москвич унаасы менен апама барышат. Ал «шустрыйланып» «50-жылы туулгам, экөөбүз тең экенбиз» деп апам менен таанышат да, ала качып кетет. Үйгө келишип, апам көшөгөдө отуруп калганда атамдын илинип турган костюму түшүп кетип, чөнтөгүнөн паспорту көрүнүп калат. Ачып караса эле "Соодагеров Төлөнбек Сарыбаевич, 1955-жылы туулган" деп турат. «Сен менден 5 жаш кичүү, жаш бала турбайсыңбы» деп апам атамды шылдыңдаса, атам «сен жашты эмес, көөдөндү кара» деп алып калган экен.

«ТАРТИПКЕ БЕКЕМ»

– Апам тартипке бекем адам. Кичине кезибизде «эмне болуп кетсе да калп айтпа» деп көп айтар эле. Анан да тазалыкты катуу талап кылчу. «Үстү-башың таза жүр, өзүңө-өзүң тың, бышык бол» деп турчу. Кол көтөрчү эмес. Катуураак тентектик кылып жиберген учурда чоң атам «атасынын оозун урайын, бери келчи» деп чакырып алып камчы менен тартып-тартып жиберер эле. Анан апам күйпөлөктөп камчынын изи түшүп, шишип калган жерлериме дары сүйкөп, бир нерселерди чаптап, «эркек деген ушундай болот. Муну да көрүш керек, ушинтип бышасың, ыйлаба. Ыйлагыдай сен кыз эмессиң» деп калчу. Апамдын бул сөздөрүн угуп кадимкидей чыйрала түшчүмүн.

«АТАМДЫН БАРКЫН БИЛБЕГЕНИМЕ ӨКҮНӨМ»

– Мен 9-класста окуп жүргөн кезде атамдан айрылып калдык. 90-жылдардагы оор заман. Иним менен карындашым кичинекей. Апам экөөбүз кыштын кыраан суугунда эки кишилик кол араа, балта-чотубузду алып, айылдаштардын атын, арабасын убактылуу сурап отун алганы барчубуз. Апам мени, мен апамды аяйм. Айтор, үйдү жылытуу максатында эртеден кечке отун аралап келчүбүз. Чоң чалгы менен чөп чапканды да мага апам үйрөткөн. Ал тургай курулуш иштеринде кирпич койгонду, шыбак шыбаганды да апамдан үйрөнгөм. Себеби атам, жарыктык, жүк ташуучу машина айдачу. Ал үйгө керектүү нерселерди ташып келип, короого киргизип бергенди гана билчү. Калганы апам экөөбүздүн моюнубузда эле. Ошентсе да атанын карааны эле бакыт экен. Жашоодо бир өкүнгөнүм, атамдын баркын убагында билбептирмин. Үйдө атам бар деп кыйын болуп жүрө берген экенмин. Азыр атамдын менден күткөн үмүтүн актап жатамбы деп көп ойлоном.

«АПАМ УНИВЕРСАЛ ДАРЫГЕР»

– Апам өзү эмчи айым болгону менен, өмүр бою айылдын универсал дарыгери болуп келе жатат десем жаңылышпайм. Гинеколог, стоматолог, педиатр, травматолог да боло берет. Кемпир-кесеги, бала-чакасы, ичи ооруганы, тиши ооруганы, ичкени, колу-буту сынганы, айтор, баары келе берчү. Апам болсо күн дебей, түн дебей чакырган жерден калчу эмес. Ийнесин сайып, жаны ооруган адамды дарылагандан тышкары төрөт кабыл алмайы да бар эле. Кээде апама боорум ооруп, «апа, эс алуу деген болуш керек. Тынчыраак уктаган күнүңүз болобу деги?» деп калар элем. Апам «чакырып жатса кантип уктап жатам?» деп кетип калчу. Жадакалса азыр деле тынч отурбайт. «Эми пенсияга чыгып калдыңыз, ооруканада атайын дарыгерлер иштеп жатышат, отура бербейсизби» десең да болбойт. Элди эмдеп жүрүп көнүп калган да, кээде үйдөгү мал ооруп калса деле дарылачу. Жаңы туулган козулар энесин эме албай жатканда оозуна арактан куюп, артынан сары май берип койсо козулар кадимкидей тыңып калышчу. Бир ирет мүчөлүү жашыма атам алып берген Ракс деген атым жөткүрүп ооруп калыптыр. Шыйрактары узун, атын айтып чакырсаң өзү чуркап келген үйрөтүлгөн ат эле. Элден уккан ыкма менен дарылайын деп тердетип келсем апам «тердетпей деле койсоң болмок, мен эле дарылап бермекмин» деп калды. Эмне менен дарылаар экен деп карап турсак, кадимки эле жөтөл дарыны алып келип жем менен берип жатпайбы. Ошондо апама аябай күлгөм. Ага болбой мен дагы укканымды жасап, сарымсакты майдалап марлиге ороп, ооздугуна таңып, атты таң атканча байлап койдум. Эртеси апам «көрдүңбү, бүгүн атың жөтөлбөй жакшы болуп калыптыр» деп жүрөт.

«СЕНДЕН КӨПТҮ ҮМҮТ КЫЛЫП ЖҮРСӨМ ДЕП КАТУУ КАПАЛАНГАН»

– 11-классты жаңы бүткөн кез. Ал убакта өзүңдү тим эле чоң киши сезип алат эмессиңби. Балдар менен жүрүп катуу майрамдап алып, кечинде үйгө келдим. «Эч ким угуп калбаса экен» деп шек алдырбай түз басканга аракет кылып бөлмөмө кирдим. Эне деген баскан дабышыңдан эле билет экен да, артымдан эле апам бөлмөгө кирип келди. Свет жарк күйдү да, апам бир саамга мени тиктеп туруп «сенден көптү үмүт кылып жүрсөм, сенин кылганың ушул» деп тескери бурулду да, жарыкты өчүрүп кайра чыгып кетти. Мен да баламын да, жатып уктап калдым. Эртеси эртең менен эрте турсам, кийимим тургай чачыма чейин ылай экенмин. Кийимдеримди кир жуучу машинага салып, апама жумуртка кууруп, чай даярдап, малды жайгарганга чыгып кеткеним эсимде.

«БУЛ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БАКТЫЛУУ АДАМ МЕНМИН»

– Апам аман-эсен, буюрса, 15-январда 70 жашка толду. 10 неберенин бактылуу таене, чоң энеси. Айылдын кадыр-барктуу атуулу. Азыркы күндө деле айылга барганда өзүм үч баланын атасы экениме карабай кадимкидей апама эркелеп, башкача болуп калганымды байкайм. Алаканы менен маңдайымдан сылап койгону эле бейиш го. Апамдын колунан чыккан ар бир тамагынын даамы таңдайымдан эч кетпейт. Башкасын айтпаганда, жөн эле картошканы сууга кайнатып койгону бир керемет. Апам бар, андыктан бул дүйнөдөгү эң бактылуу адам менмин.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Dembele84
2020-01-20 09:20:54
Норма актёр,ден соолукта бол!
+7
amirrus
2020-01-20 18:08:00
Ар бир жандын аман болсун АПАСЫ
+13
mikana
2020-01-21 12:57:59
Апаңыз чынында эле эки дүйнөдө бактылуу болчу айым экен.
+3
mikana
2020-01-21 12:58:47
Камчы байке мыкты актер
+3
Gulzina1993
2020-01-23 02:57:44
Ээх бир дем менен окудум го, апанызга узак омур калаайм, мен да бактылуу адаммын анткени апам бар.
+2
Bika-Saidova
2020-01-24 11:37:49
Мыкты актёр!
+2
Krai
2020-01-25 22:32:01
Сизди ушул дуйного алып келген апанызга узун омур бекем Ден соолук эч качан апаңыз оорубасын бүт дүйнө жүзүндөгү апалар оорубасын
+1
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан