«СҮЙҮҮНҮН АВАРИЯЛЫК КОНУУСУ»

Хён Бин жана Сон Йе Жин тандеми кайрадан экранда. Болгондо да корей дорама сүйүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыган, «жаңы сериясы качан чыгат?» деп экран алдында зарыктыра күттүргөн, 1-сериясынан баштап дароо жогорку рейтингди багындырган «Сүйүүнүн авариялык конуусу» аттуу сериал менен кайтып келишти. Бул дорамада баш каармандардан сырткары экинчи пландагы актёрлор да көрөрмандардын купулуна толуп, ар бирин өзүнчө жактырып, алардын кулк-мүнөзүн талкуулагандар мындан көп. Учурда кызуусуна жетип, көрөрманды жипсиз, экран аркылуу байлаган «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасы тууралуу сөз кылууну чечтик.

Тарткан өлкө
– Түштүк Корея

Тартылган жыл – 2019-2020-жыл

Жанры – романтика, драма, комедия

Режиссёру – Ли Чон Хё

Сценаристи – Пак Жи Ын

Башкы каармандар - Хён Бин, Сон Йе Жин, Ким Чжон Хён, Со Жи Хё

ЭКИ КОРЕЯНЫ СҮЙҮҮ БИРИКТИРЕБИ?

Түштүк Кореядагы бай адамдардын биринин кызы, бардар жашоодо жашап, каалаганын кылган Юн Се Ри (Сон Йе Жин) бир күнү парапланда учуп, аны сынап көрмөкчү болот. Бирок аба ырайы кескин өзгөрүп, торнадого кабылган кызды шамал Түндүк Кореяга учуруп кетет. Ал жерден түндүк кореялык офицер Ри Чжун Хёкко (Хён Бин) жолугат. Юн Се Рини кайрадан өз мекенине кайтаруу үчүн ал болгон аракетин жумшайт. Бирок ар бир аракеттин алдынан тоскоолдуктар чыгат. Бул аралыкта экөөнүн ортосунда махабат оту тутана баштайт...

Мына ушундай кызыктуу сюжетти камтыган дорамада сүйүүдөн сырткары достук, саткынчылык, адамгерчилик, айтор, романтика да, драма да камтылган. Баарынан кызыгы, сериалдын аягы кандай бүтөт? Бирикпес эки өлкөнүн жарандарын сүйүү бириктире алабы? Кантип? Же жетпеген сүйүү чыныгы сүйүү деп көрөрмандар шыпшынган боюнча калабы? Аны эми алдыдагы серияларынан чогуу көрөбүз.

КИМ СУ ХЁН ТАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

Корей басылмаларынын маалыматында дораманын алдыдагы серияларынын биринде белгилүү актёр Ким Су Хён камеого (эпизоддук роль) тартыларын жазып чыгышты. Аскердик кызматын өтөп келгенден кийин «Отель «Дель Луна» дорамасында эпизоддук ролу менен экранга кайткан Су Хён оппаны эми «Сүйүүнүн авариялык конуусу» сериалынан да көрүп калышыбыз мүмкүн. Ким Су Хёнду болсо биз «Кыялкечтер», «Жылдыздан түшкөн адам» сериалдарындагы ролдору менен жакшы тааныйбыз.

ТАСМАДА ЭЛЕ СҮЙҮҮБҮ ЖЕ?..

Хён Бин менен Сон Йе Жиндин ортосунда өзгөчө мамиле бар деген имиштер бир нече жылдан бери эки атактууну ээрчигени ээрчиген. Экөөнүн агенттиктери болсо «эч кандай өзгөчө мамиле жок, экөө жөн гана кесиптеш» дегени деген. Бири-биринин туулган күндөрүндөгү жылуу куттуктоолор, учактагы, тамак ичип жаткандагы, кинотеатрга баргандагы, дүкөндө чогуу азык-түлүк алып жаткандагы сүрөттөрү, айтор, Хён Бин менен Йе Жинди камеранын кылтагына илгендер көп. Экөөнүн чыгармачылыгына көз салгандар «алардын бири-бирине болгон көз карашы эле баарын айтып турат» деген пикирде. Айтор, артисттердин чогуу болуусун күткөндөр аз эмес. «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасына чейин Хён Бин менен Йе Жин «Сүйлөшүүлөр» тасмасында да башкы каармандардын ролун аткарышкан.

БАШКЫ КААРМАНДАР

Хён Бин

Туулган жылы – 1982-жыл, 25-сентябрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою – 181 сантиметр

Фильмографиясы – «Узун буттуу байке», «Сүйлөшүүлөр», «Кеч күз», «Сырдуу бакча», «Альгамбра» жана башка.

Хён Бин – «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасы тууралуу:

– Сценарийди окуганда эле абдан кызыктым. Бул дорамада мен аткара алчу көп учурлар камтылыптыр. Ри Чжун Хёктун образын жеткиликтүү ачып берүүгө бардык аракетимди жумшайм.

СОН ЙЕ ЖИН

Туулган жери – Түштүк Корея, Тэгу шаары

Туулган жылы – 1982-жыл, 11-январь

Бою – 165 сантиметр

Фильмографиясы – «Жайдын жыпар жыты», «Акыркы ханбийке», «Классика», «Жеке тандоом», «Мага тамак алып берчү эже», «Мунара», «Сүйлөшүүлөр» жана башка.

Сон Йе Жин: – Көптөн бери романтикалык комедияга тартыла элек болчумун. Андыктан сунуш түшкөндө ойлонбостон макул болдум. Каарманымдын образына өзгөчөлүк кошуп, аны көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланта алам деп ойлойм.

КИМ ЧЖОН ХЁН

Туулган жери – Түштүк Корея, Пусан шаары

Туулган жылы – 1990-жыл, 5-апрель

Бою – 183 сантиметр

Фильмографиясы – «Мектеп-2017», «Вайкикиге кош келиңиз», «Кызганычтын дал өзү», «Бир жолу» жана башка.

Ким Чжон Хён: – Түндүк Кореядагы жашоону чагылдыруу идеясы кызык болду. Дорамада түрдүү кырдаалдар, түрдүү тагдырлар бар, бирок ошонун бардыгы бир сызыкка бириге алды. Мен да ошол сызыкка кошулганыма кубанычтамын.

СО ЖИ ХЁ

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1984-жыл, 24-август

Бою – 170 сантиметр

Фильмографиясы – «Ва банк», «49 күн», «Ким Су Ро», "Кызганычтын дал өзү", «Жин» жана башка.

Со Жи Хё: – Сериалдын өзгөчө, ошону менен бирге шаңдуу болорунан күмөнүм жок. Түндүк Кореянын жашоосу көпчүлүккө көшөгө артындагы сырдуу жашоодой сезилет эмеспи. Дорама көрөрманды ушунусу менен кызыктыра алат.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nurliz11
2020-01-20 18:09:38
Суйуктуу сериалым Хён Бин красавчик сонун ойногон
0
Sabish
2020-01-21 22:08:25
Олааа бул кореянкалар эмне ичип эмне жеп жашашат 40ка чыгып калган кыздары 18жашар корунушот го
+3
airada
2020-01-23 23:50:29
Булардын жаштыгынан суктанып бүтпөйт. Биз болсо 30га чыкпай жатып уже бырыштар пайда боло баштады
+1
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан