«KUDRET GÖZ BISKEK» глаукоманын коркунучу тууралуу эскертти

Дүйнө жүзү боюнча көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроонун бирден бир себеби болуп глаукома эсептелет. Кайсы бир байкаларлык белгилери жок өнүккөн бул оорунун кесепеттери тууралуу «Kudret Gz Bishkek» клиникасынын офтальмолог-хирургу Озгур Балта кенен маалымат берди. Офтальмолог-хирург Озгур Балта бүгүнкү күндө 50 миңден ашык операция жасаган тажрыйбалуу адис.

– Саламатсызбы, глаукома дарты тууралуу маалымат берсеңиз?

– Саламатсыздарбы? Глаукома – бул көздүн ичиндеги табигый суу көбөйүп, көздүн кан басымын жогорулатып, кадимки кызмат аткаруусуна доо кеткенде жаралган оору. Көрүү нервдерине доо кетип, натыйжада адам көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бул дарт айрыкча 60 жаштан өткөн адамдарда кездешет жана эч кандай байкаларлык белгиси жок оору өнүгө берет.

– Ошондо бул дарт 60 жаштан өткөн адамдарда гана кездешеби?

– Жок, глаукома бардык курактагы адамдарда болушу мүмкүн. Бирок айрым факторлор дарттын пайда болуусун эртелетиши ыктымал. Көздүн жогорку кан басымы, кант диабети, жогорку кан басым, жүрөк оорулары, серпивиддик-клеткалык анемия, шакый, алыстан, жакындан көрбөө, көздүн кабыгындагы катмар ичкерип кеткенде, 40 жаштан жогорку курак глаукоманын өнүгүшүнүн себептери болуп саналат. Андан сырткары көз жаракат алганда же кайсы бир дары-дармектин терс таасиринен улам жаралган глаукоманы да аныктаганбыз. Негизи эле көзүндө жогорку кан басымы барлардын көбү бул дарт менен жабыркап калышы мүмкүн. Андыктан алар сактанып, көзүн убагында текшерүүдөн өткөрүп туруусу зарыл.

– Жогоруда глаукоманын байкаларлык белгиси жок дедиңиз. Анда адам бул дартка кабылгандыгын кантип билет?

– Глаукоманын бир нече түрү бар. Андыктан анын түрүнө жараша оорулуулар да ар түрдүүчө даттануулар менен келишет. Дарттын эң кенен жайылган түрү болуп ачык бурчтуу глаукома эсептелет. Глаукоманын бул түрү өтө тез өнүгүп отуруп, көрүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу терс таасирин тийгизет. Ушул эле учурда адам оорунун кантип өнүгүп кеткенин байкабай калышы мүмкүн. Көздүн көрүүсү такыр начарлаганда гана ооруга кабылганын сезет. Ачык бурчтуу глаукомадан кийин кенен жайылган түрү – тар бурчтуу глаукома. Бул түрүндө адамдын көзү тунарат, ооруйт, башы да ооруйт, көңүлү айланат, жарыкка көз сезимтал болуп калат, көздүн ичи кызарып кетет.

– Глаукоманы аныктоо үчүн кандай ыкмаларды колдоносуздар?

– Глаукоманы аныктоонун жолу – бул толугу менен медициналык кароодон өтүү. Жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгын карап жана офтальмолог адисинин кароосунан кийин тиешелүү дарылоо планы түзүлөт. Биз ОКТны (оптикалык когеренттик томография) жана көрүү талаасын изилдеп чыгабыз. Глаукома дартын аныктоодо жана дарылоодо көрүү талаасын компьютердик тесттен өткөрүү негизги тест болуп саналат. Бул тестте глаукомадан улам көздүн көрүүсү канчалык деңгээлде начарлаганын билүүгө болот. ОКТ – бул глаукоманын түрлөрүн аныктоочу ыкма. ОКТда жабыркаган көрүү нервдерин аныктайбыз. «KudretGz Bishkek» клиникасында ооруларды аныктоо үчүн колдонулган техникалык жабдыктардын баары эл аралык стандарттарга жооп берет. Түркиядагы «Kudret Gz» филиалында колдонулган технологиялар Бишкекте да колдонулат. Көрүү талаасын текшерүү үчүн ZEISS Humphrey компаниясынын жабдыгын колдонобуз. ОКТ жабдыгыбыз болсо бул жаатта алдыңкы бренд болуп эсептелген Topcon фирмасына таандык.

– Глаукоманы дарылоо ыкмаларына да токтоло кетсеңиз.

– Глаукоманы дарылоонун 3 ыкмасын колдонобуз: фармацевтикалык, лазердик жана хирургиялык. Дарылоо көп факторлордон көз каранды, көз нервдеринин жаракатынан баштап, дарттын алгачкы стадиясынан билүү, пациенттин жаш курагы, көздүн башка оорулары жана пациенттин жалпы саламаттыгы, аялдар кош бойлуу же эмчек эмизип жаткан учурлар. Глаукома – бул көздүн нервдерин жабыркаткан оору. Эгер көздүн нервдери жабыркаган же толугу менен жарактан чыккан болсо, кандай ыкма колдонулбасын, тилекке каршы, көздүн көрүүсүн толугу менен калыбына келтирүүгө болбойт. Дарылоонун максаты – дарттын өнүгүүсүн токтотуп, көрүүнүн толугу менен жок болуусун алдын алуу.

– Биздин окурмандарга сунушуңуз барбы?

– Жогоруда айткандай эле, глаукоманын кенен тараган түрүндө дароо байкала турган белгилер жок болгондуктан көрүү тез аралыкта начарлап же толугу менен жок болот. Биздин пациенттер убагы менен дарыгердин кароосунда болуп турса, кандай дарт болбосун эрте аныктап, көздүн көрүүсүн сактап калууга мүмкүн.


БИЗДИН ДАРЕК:
Ч.Айтматов проспекти, №17/1
(«Asia Мall» СБнан 200 метр жогору жайгашкан).

Иш убактысы:
дүйшөмбүдөн жумага чейин 8:00-17:00,
ишемби күнү 9:00-14:00гө чейин.

Байланыш номерлери:
(0312) 88 00 88, 0556 88 55 88,
0706 88 55 88.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bulathan
2020-01-20 09:54:54
Жакшы
0
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан