Айыл БАНК ААКсы депозиттер боюнча акцияларды 2020-жылдын 1-апрелине чейин узартты

«Айыл Банк» ААКсы өз кардарларына мурункуга салыштырганда 1% көбүрөөк пайыздык чен алдында депозиттерди сунуштап келгендигин эсиңиздерге салабыз. Акция 2019-жылдын 1-августунан башталган, 2020-жылдын 1-апрелине чейин улантылат. Банк кардарлары сунушталган бул ыңгайлуулуктан пайдаланып, алда канча жогорку пайыз алдында акча топтоого үлгүрүп жатышкандыктан, Банк жетекчилиги акцияны узартуу чечимин кабыл алган.

Банктын Кардарларды тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Асел Ашырбек кызынын айтуусу боюнча, депозит мөөнөтү жыл аягына туура келген же жаңы депозит ачууга ниеттенип жаткан кардарлар бул акцияны кубануу менен кабыл алышты.

“Учурдан пайдаланып, жаңы кардарларды да тартууга жетиштик жана алар менен узак убакыт ийгиликтүү кызматташууга ниеттенип жатабыз”,- деп билдирди Асел Ашырбек кызы.

2020-жылдын 1-апрелине чейин узартылган “Депозит+1” акциясы “Керемет”, “Ардагер” жана “Кенч” депозиттерине жайылтылат.

Андан тышкары 2020-жылдын 1- апрелине чейин кардарларга 3 жылга (36 айга) чейинки аралыкка “Элет” жана “Кенч” депозиттерин ачууга мүмкүнчүлүк узартылган:

Кардарларга балдар үчүн “Наристе” депозитин, ошондой эле “Алтын” топтолмо-чыгаша депозитин ачуу мүмкүнчүлүгү да кеңири сунушталууда.

ДЕПОЗИТТИН ОПТИМАЛДУУ МӨӨНӨТҮН КАНТИП ТАНДООГО БОЛОТ?

Асел Ашырбек кызынын айтымында, жарандар алдыга так максаттарды коюп, бир нече айдан кийин ири суммадагы сатып алууну ишке ашырууга же эмгек өргүүгө чыгып эс алууну ниет кылган болсо, анда 1 жылга чейинки депозитти ачуу ыңгайлуу.

Ал эми мөөнөтү 2 жылдык депозитти балдарына билим берүү үчүн акча топтоого ниеттенген ата-энелер, ошондой эле батир сатып алууга бир аз каражаты жетпей жаткан кардарлар ачышса болот.

3 жылдык депозиттер, мисалы, белгилүү бир суммада акча каражаты болгон жана андан ай сайын киреше алып турууну каалагандар үчүн каралган.

Ушул жана башка депозиттер боюнча толук маалыматты
www.ab.kg сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00
телефон номерлерине чалып алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bulathan
2020-01-20 09:52:27
Жакшы
+1
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан