ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ИНТЕРНЕТТЕГИ ЗЫЯНДУУ ВИДЕОЛОРДОН КОРГОО ДЕМИЛГЕСИ ЖАНДАНДЫ

Кыргыз жеринде өспү­рүм­дөрдү интернеттеги зыяндуу видеолордон кор­гоо демилгеси кайра көтөрүлүүдө. “Улуу Кыргызстан” партиясынын Чүй облусу боюнча өкүлү Азамат Мусакеев демилгени Кыргыз эли активдүү колдоп жатат дейт: “Бул демилгени “Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен бирге көтөрүп чыкканбыз. Тийиштүү мыйзам долбоорун киргизүү үчүн 10 миң жарандан кол топтолушу керек экен. Биз аймактарды кыдырып 2 жумада эле 25 миң кол топтой алдык. Ата-энелер “балдарыбыз көз алдыбызда эле жаман видеолорду көрүп отурушат, жакшы демилге экен” деп жапырт колдоп жатышат. Балдарды интернеттеги уят, зордук-зомбулук камтылган видеолордон чектөө керек, бул балдардын келечеги үчүн зарыл”,- дейт Мусакеев. “Балдарды алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян тийгизе турган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2019-жылы парламент депутаты Гүлшат Асылбаеванын сунушу менен коомдук талкууга коюлган. Бул мыйзам долбоору өспүрүмдөрдү интернеттеги 18+ контентинен чектөө аракети. Мыйзам долбоору колдоо тапса, балдарды жаш курагына ылайыксыз маалыматтардан коргоого жооптуу орган аныкталат, өс­пү­рүмдөрдүн ден соолугуна зыян тий­гизчү маалыматтарды жаш куракка карап чектөө, аларды жайылтууну көзөмөлдөө, мыйзамдын иштешин камсыздоо жолго коюлат деп күтүлүүдө.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан