ЭРКИН ЖАШООНУ ЭҢСЕГЕН ЖУБАЙЛАР ГАРРИ & МЕГАН

Ушул жылдын 8-январь күнү Улуу Британиянын падышалыгынын жогорку даражадагы мүчөлөрү Сассекс герцогдору ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Маркл социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу сенсациялуу билдирүү таратышты. Анда аталган үй-бүлө падышалык үй-бүлө статусунан, ыйгарым укуктарынан жарым-жартылай баш тартууну чечишкени айтылат. Алар каржылык жактан көз карандысыз болууну жана Улуу Британиядан тышкары Америкада да жашоону каалай тургандыктарын жазышкан.

ЧУУЛГАНДУУ БИЛДИРҮҮ

– Бир нече ай бою ойлонуп, кеңешип отуруп жаңырган жылдан тарта монархиянын ичиндеги ролубузду өзгөртүүнү чечтик. Биз падышалык үй-бүлөнүн жогорку даражадагы макамынан четтеп, каржылык жактан көз карандысыз болуу үчүн өз алдыбызча эмгектенүүнү туура көрдүк. Ошол эле учурда улуу урматтуу ханышаны толугу менен колдойбуз. Өзгөчө акыркы жылдары элдин колдоосу биздин бул оюбузду ишке ашырууга чоң түрткү болду. Мындан ары географиялык балансты сактап убактыбызды Улуу Британия менен Түндүк Америкага арнайбыз. Бул уулубузду падышалык үй-бүлөнүн нарк-насили менен тарбиялоого жана үй-бүлөбүзгө эркин жашоого жол ачат. Ошол эле учурда жашообуздун жаңы барагын ачып, кайрымдуулук иштери менен алектенсек дейбиз. Албетте, ханышанын алдындагы милдеттерибизди аткарууну уланта беребиз,- деп жазылган билдирүүдө.

БУКИНГЕМ САРАЙЫНЫН РАСМИЙ ЖООБУ

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Марклдын бул билдирүүсү акыркы жумада дүйнө элинин талкуу чордонуна айланды. Ханыша баш болгон падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү бул билдирүүгө нааразы, ал тургай ачуулуу экени айтылды.

Букингем сарайы расмий билдирүү таратты. Анда “алардын өз алдынча болуу тилектерин түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок бул иште татаал жагдайлар бар. Аларды чечүү үчүн убакыт керек” деп жазышкан. Көп узабай, бул маселе боюнча падышалык үй-бүлөнүн жогорку курамы кеңешишип, жыйынтыгы 13-январь күнү Букингем сарайынын расмий сайтына жарыяланды. Анда кабарлангандай, ханзаада Гарринин үй-бүлөсү мындан ары падышалык үй-бүлөнүн жогорку тобуна тийиштүү милдеттеринен бошотулган. Ошондой эле алар финансылык жактан көз карандысыз жана эки өлкөдө тең жашай алышат.

Падышалыктын бул расмий билдирүүсү күтүлүп жаткан учурда “The Sun” басылмасы "Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл, дүйнөлүк телеалпаруучу Оппра Уинфри менен сүйлөшүп, эгер падышалык алардын талаптарына көнбөсө, Меган Марклга карата расалык (кара терилүү болгондугу үчүн) басынтуу болгондугун айтып чыгууга камынып жатышат" деп жазышкан.

Тарыхка көз чаптырсак, падышалык үй-бүлөнүн курамынан жарым-жартылай эмес, биротоло чыгып кеткендер болгон. Мисалы, падыша Эдвард VIII 1939-жылы америкалык айым Уоллис Симпсонго баш кошуу үчүн падышалык тактан баш тарткан. Уоллис Симпсон дагы Меган Маркл сыяктуу америкалык, анан да бир эмес, эки ирет ажырашкан айым эле. Эдвард VIII бул кадамынан кийин бардык титулдарынан айрылып, анын падышалык монархияга эч кандай тиешеси болбой калган.

ТҮГӨЙЛӨР КАЙДА ЖАШАШАТ?

Расмий билдирүүгө таянсак, түгөйлөр эки өлкөдө жашай бермей болушту. “The Sun” басылмасы “жуптардын Жаңы жыл алдында 6 жума Канадада эс алгандыгына караганда, алардын тандоосу дал ушул өлкө” деп жазат. Ал эми Англияга келген убакта жуптар буга чейин жашап келген Виндзор хан сарайынын жанындагы Фрогмор-коттеджинде жашоону каалашат. Бул үйгө жаңы көчүп кирген маалда жубайлар өздөрүнө ылайыктап мамлекеттик казынадан 2,4 миллион фунт (болжол менен 217 миллион 680 миң сом) стерлингге оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөн болчу.

БРИТАНДЫКТАРДЫН РЕАКЦИЯСЫ

Аталган билдирүү тарагандан кийинки 12 сааттын ичинде интернет колдонуучулар Сассекс герцогдорунун социалдык тармактагы баракчасын 277 миң ирет белгилешкен. Комментарий жазгандардын 65 пайызы негативдүү пикир калтырса, калган пайызы “түшүнөбүз, колдойбуз” дегендер. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен дүйнөнү дүңгүрөткөн үйлөнүү той өткөрүп, эң кымбат оңдоп-түзөө иштерин жасап, бардык жактан келечек куруп алган соң мындай кадамга барышканын кечире албастыгын айткандар да көп. Лондондогу “Мадам Тюссо” момдон (воск) жасалган фигуралар музейинде ханзаада менен жубайынын фигураларын падышалык үй-бүлөдөн бөлүп, алардан алысыраак жерге жайгаштырышканы маалым болду.

ЭМНЕ СЕБЕП?

Мындай чечкиндүү кадамдын алгачкы илеби буга чейин эле байкала баштаган. Мисалы, жубайлардын уулу Арчи төрөлгөндө граф Дамбартон титулунан баш тартышкан болчу. Андан тышкары түгөйлөрдүн Кенсингтон сарайынан көчүп кетишкенин, Инстаграм социалдык тармагынан расмий баракча ачып алышканын, наристеси төрөлгөндө эл алдына чыгып ымыркайды калың журтка көрсөтүүдөн баш тартышканын айтса болот. Мындай кадамдары менен Меган Маркл ансыз да анчейин жактыра бербеген журналисттердин ачуусуна тийип алган деп жүрүшөт.

Алгач эне болгондон кийинки журналисттер менен жолугушуусуна дыкат тандалган журналисттер гана катыша алган. Бул дагы журналисттер арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан эле. Андан көп узабай журналисттер анын келбетин, баскан-турганын, дегеле ар бир кадамын сындоону күчөтүшкөн. Ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон менен себепсиз салыштыруулар да көбөйгөн. Журналисттердин мындай чабуулунан кийин 2019-жылдын октябрь айында жубайлар “Mail On Sunday” басылмасы менен соттошууну чечишкен. Себеби Меган Марклдын атасына жазган кол жазма каты аталган гезит бетинде жарык көргөн. Бул тууралуу Сассекс герцогу, ханзаада Гарри: “Менин жубайыма карата журналисттердин чабуулун байкап жатам. Бул биздин үй-бүлө үчүн коркунуч алып келчүдөй туюлат. Мындай коркунучту мен бала чагымда башымдан өткөргөм. Журналисттердин айынан апамдан айрылгам, мындай нерсенин дагы кайталанышын каалабайм”,- деген.

ГАРРИ МЕНЕН МЕГАНДЫН МАХАБАТ БАЯНЫ

20-октябрь, 2016-жыл. Америкалык актриса Меган Маркл социалдык тармактагы баракчасына селфи жайгаштырган. Анын колундагы билерикти көп өтпөй британиялык ханзаада Гарринин колунан байкашкан. Бул экөөнүн кыз-жигит экенин далилдеген алгачкы факт эле. Көп узабай, ноябрь айында түгөйлөр мамилелерин ачыкташкан. Жуптар достору аркылуу таанышып калышканын айтышкан. 2017-жылдын октябрь айында ханзаада болочок жубайынын колун сурап, ханыша Елизавета II менен тааныштырган. 2018-жылдын 19-майында түгөйлөр дүйнөнү дүңгүрөткөн үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Ошол эле жылдын октябрь айында Меган Маркл кош бойлуу экендигин жар салып, 2019-жылдын 6-май күнү уулдуу болуп, ага Арчи Харрисон Маунтбеттен-Виндзор деген ысым ыйгарышкан. Эске салсак, Меган Маркл голливуддук продюсер Тревор Энгельсон менен турмуш куруп, ажырашып кеткен.

ПАДЫШАЛЫК ТАККА МУРАСКЕРЛЕРДИН КЕЗЕГИ

1. Уэльск герцогу, ханзаада Чарльз (Ханыша Елизаветта IIнин улуу баласы)

2. Кембридж Герцогу, ханзаада Уильям (Ханзаада Чарльздын улуу баласы)

3. Кембридж ханзаадасы Жорж (Ханзаада Уильямдын улуу баласы)

4. Кембридж ханбийкеси Шарлотта (Ханзаада Уильямдын кызы)

5. Кембридж ханзаадасы Луи (Ханзаада Уильямдын кичүү баласы)

6. Сассекс герцогу, ханзаада Гарри (Ханзаада Чарльздын кичүү баласы)

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alisha00
2020-01-20 11:02:01
Гарри пол каблук)
-1
anandi
2020-01-26 02:31:56
Инста аккаунт ким билет
0
№ 898, 16-22-январь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан