(Башы өткөн сандарда)
Асман атасынын палатасынын жанында креслодо отурду. Эчен күндөн бери ушул жерде. Болгону апасы келгенде эле кетип калат. Калган учурда атасынын жанында.
– Кыйын кыз экен, атага мынчалык күйүмдүү кыз көрбөгөм,- деп күбүрөнүп жатышты медайымдар.
– Берки сары кызы бир-эки жолу келди, бирок кайра кетип калды. Бул байкуш күнү-түнү ушул жерде.
– Комадан чыгышы деле кыйын го.
Бул сөздөрдү уккан Саниянын ичи от менен жалын болуп кетти. Эч көргүсү келбеген, түшүнгүсү келбеген чындык өзүнөн-өзү калкып чыкты. Асман менен атасынын ортосундагы байланышты эч түшүнө алчу эмес. Эми гана атасы аны эмне үчүн ушунчалык жакшы көрөрүн түшүндү. Ал башкача кыз болчу. Сүйгөн адамы үчүн тоону ашып өтө алгандай күчтүү, мээримдүү, жан дүйнөсү таза кыз болчу.
– Асман, сен үйгө бар, эс ал. Мен бул жерде болом,- деди акырын гана.
Ошол учурда атасынын палатасынан медайым чыга калып врачты көздөй чуркады.
– Эмне болду?
– Атама эмне болду?
Дүрбөлөң болгон аялдарды түртүп врач палатага кирип кетти.
Асмандын бут алдынан жер көчүп турду. “Ата, мени таштаба, суранам, ата, сенден башка эч кимим жок. Ушунча нерсенин арасында жалгыз таштаба мени” деп жалбарып ийди ичинен. Кыздын дубалары кабыл болгон жок. Канча аракет кылганы менен, Сулаймандын токтоп калган жүрөгү кайра соккон жок.
ххх
Айгеримге Айдардан “Кичинекейим, бүгүн жолугалы” деген кат келди. Жаны кашайып кетти. “Кичинекейим” деген сөзү үчүн асманга чыгып, жерге түшүп турду. Мына кайрадан кыйноо башталат. Эми гана “мейли, өз алдымча турмушумду көрөйүн, аны унутайын” деп аракет кылып алаксып баштаганда бир кат келет. Ушуну эле күтүп тургансып кайрадан жетип барат. Жылдар бою Айдардын аркасынан күчүк болуп чуркап келе жатат. Ал керек кезинде чакырат, керек эмес кезинде телефонун албай коёт.
– Акмак! Сени сүйгөн мен да келесоо,- деп туруп телефонун ыргытып жиберди кыз. Телефондо эмне күнөө? Бир аздан соң кайра алып жазганын окуду. “Кичинекейим”. Ал эч качан минтип жазчу эмес. Эркелетчү да эмес. Демек, бир нерсе болду. Демек, ага чындап керек болуп жаткан учуру. Кыз алтынчы туюмуна ишенди. Бул жолу барбай коёюн деп чечти. Чындап керек болсо таап келсин. Дарегимди деги билет. Бир сааттан кийин телефон чала баштады. Анда да жымыйып туруп акырын өчүрүп койду.
– Айдар мырза, биз дагы телефон албай койгонду билебиз,- деди ичинен кекенип. Жүрөгү тыпырап эчен жолу колу созулуп баратса да албай жатты. Түшкө жетпей иштеген жерине жетип келди.
– Кандайсың?- деди ал кыздын көзүнө тиктеп. Ал калтырап кетти. Мына ушул капкара каректеринин бир күчү бар. Эзилип эле тиктеп тура бергиң келет. Түбүнө чөгүп кеткиң келет. Жалынына жылынгың келет.
– Айгерим дейм!
Кыз селт этти. Өзүн жоготуп тиктеп калганын сезип, ого бетер ыза болуп кетти. Көздөрүн ала качты.
– Эмне болду?
– Эмне болуптур?
– Телефон чалсам жооп бербейсиң?
– Эмне, жооп беришим керекпи?
Айдар туттугуп калды. Кызды колунан кармап өзүнө каратты.
– Тынч элеби баары?
“Жок, тынч эмес, сен менин жашоомо киргени эч нерсе тынч эмес. Дүрбөлөң, хаос” деп бакыргысы келди кыз. Бирок салкын гана колун бошотуп алды.
– Эмнеге издеп калдың, деги эле издечү эмес элең?
– Сага жаңылыктарымды айта элекмин да. Сен эч нерсени билбейсиң. Мен... Мен Аруукени таптым!
– Ыя де...
–Карындашымды таптым! Элестет, жанымда эле жүргөн экен. Мен...- жигит ушунчалык берилип бир нерселерди айтып берейин деп бара жатып кыздын кайдыгер жүзүн байкап тык токтоп калды. Буга эмне болуп калган?
– Айгерим?
– Ии?
– Сага эмне болгон? Менин сөздөрүмдү укпай жатасың го.
– Менин да жаңылыгым бар сага. Эрге тийгени жатам!
– Эмне-е?
– Атамдар болбой жатат. Мен дагы макул болдум. Сенин аркаңдан чуркап жүрүп мына 24 жашка келип калдым.
– Болгону 24. Карып кеткендей айттың го.
– Курбуларымдын баары турмушка чыгышты, балдары бар. Жолукканда балдары тууралуу сүйлөшүшөт. Мен итим тууралуу айтып берейин десем ал дагы жок. Жашоомдо негизи эч нерсе жок. Сени бар деп ойлоп жүргөм, чындыгында сен да жоксуң. Макул болдум, эмнеси бар экен?
Айдар тиктеп турду, оозуна сөз келбей калды. Чындап айтып жаткандай. Биринчи жолу бирөөнүн алдында ыйлап жибере жаздады. Кетиш керек болчу. Бир саамга өзүнө келе калды.
– Макул, туура чечим. Бактылуу бол, башка эмне дейин? Болгону шашып кетпе, күйөө боло турган жигитти жакшылап байкаштыр,- деди эч нерсе болбогондой үн менен.
Ушуну гана айтты да, басып кетти. Айгерим аркасынан тиктеген боюнча калды. Бул немеден башка эмнени күтсө болот эле? Башка реакция кылышы мүмкүн беле? Чындап эле ушунча кайдыгерби? Ыза, сүйүү, жек көрүү кыздын көкүрөгүн думуктуруп баштады. Макул, демек, тагдыр ушундай. Айдар маңдайына жазылбаса ушул да. Эми чындап күйөө издеши керек!
Машинасын мындайыраак айдап чыгып жолдун жээгине токтоду. Арууке тууралуу сүйлөшө алган адамы бир гана Айгерим болчу. Ал дагы минтип жүз буруп кетти. Башка эрге тиет имиш, жаны кашайып кетти. Башка бир жигиттин колунда кичинекейин элестеткенде көкүрөгү күйүп өрт болуп кетти. “Демек, мени сүйбөйт. Калп эле сүйөм деп ойлоп алган. Кыйынчылыкка чыдай албайт. Куду атам апамды сүйөм деп өмүр бою өзүн алдап жүргөндөй келжиректик. Сүйүү жок. Болсо менин ата-энем эч нерсеге карабай сүйүшүп ээрчишип кетип, аз убакытта сүйүүлөрү өчүп калмак эмес!” деди оюнда. Анда эмнеге жүрөгү мынчалык сыздап жатат? Эмнеге бүтүн дүйнөнүн суру качкандай супсак? Биринчи жолу баарына кол шилтеди. Ошол күнү Айдар өмүрүндө биринчи жолу арак ичти. Үйгө теңтуштары жеткирип кетишти. Эки жагынан экөө сүйрөп келе жатканын көргөндө Эрнистин жүрөгү атып кетти.
– Эмне болду? Аман-эсенби деги?
– Аяш ата, жакшы баары, коркпоңуз. Бир аз ичип алыптыр.
Өмүрү ичкен жигит эмес эле. Эрнис таң калып туруп калды.
Үйгө алып кирип жаткырып, теңтуштары чыгып кетишти. Атасы тиктеп турду. Келбети, жүзү өзүнүн жаш кези. Бирок мүнөзү, жан дүйнөсү апасыныкы. Сыртынан катуу болгону менен, өтө назик. Же назик көңүлүн катуулук менен жашырабы? Күчтүүлүгү да апасыныкы, ал эми ак көңүлдүгү өзүнүкү. “Хм, биз өзгөчө баланы жарык дүйнөгө алып келдик. Жок дегенде сүйүүбүздөн ошол калды. Мага дайыма кызык эле, биздин ааламды аласалдырган сүйүүбүздөн эмне чыгат болду экен деп ойлочумун. Шүгүр, Айдар калды”. Бул аял көңүлүнүн жарасы болчу. Эч качан кетпей турган, өлөр өлгүчө дабасы табылбай турган чоң жара эле. Мындан айыга албады. А балким, айыгууну каалабагандыр.
Ал эми Айдар уктап жатты. Түшүнө Айгерим кирди. Алыстап баратканын сезип-көрүп эле турат, бирок эч эле токтото албайт. Колу-буту байланып тургандай кыйналып жатты...
(Уландысы кийинки санда)