“АЙТБЕККЕ КОРОГОН КАЙРАН ӨМҮР...”
Айылда аны тааныбаган адам жок эле. Бир жагына сылтый басып жүргөнү менен, койкоюп боюн түз кармачу. Кара чачтарын ак араласа да, жүзү күлүмсүрөгөн, ууртун ачып күлүп жибере тургандай аял болчу. Жашоосунун оордугуна карабай кабагы эч чытылчу эмес. Айылда ал тууралуу укмуш сөздөр болчу.
– Капырай, бул аялдын жаны темирден экен.
– Айтпа, эчен жолу жылтыраган кардын үстүнө жылаңаяк бастырды, эчен жолу башын жарды, бир бутун сындырып сылтып бастырып салды. “Өлдү го” десең эле жылмайып эртең менен уй кошуп жүргөнүн көрөсүң.
– Саламынан жазбаганын айт, бечаранын.
– Айтбекке корогон кайран өмүр...
Бул айылдагы ага жан тарткан адамдардын кеп-сөзү болчу. Ал эми айылдын жарымынан көбү аялды жеп койгонго даяр эле. Илгерки замандагы эч кимге эч ким жооп бербеген маал болгондо аялды таш бараңга алып өлтүрүп деле коюшмак болуш керек. Ал кимдир бирөөгө карыздардан бетер ызырынгандар толо болчу. Өзгөчө күйөөсүн кызганган аялдар ар түрдүүчө кемсинтип, жекире тиктеп түртүп өтүп кетишчү. Ал эми Гүлү (аялдын аты) эч нерсени байкабагандай ажайып күлүмсүрөө менен жооп берчү. Ким билет, балким, ал энчисине туш келген бул тагдырды күлүп гана жеңгенге өзүнө сөз бергендир. Балким, ичинде эч бир адам сезбеген өзгөчө дүйнө менен жашачу. Адамдар сыртынан карап мүнөздөгөнгө маш келет эмеспизби. Сылтый баскан, жүзү күлүмсүрөгөн сулуу аял али да көз алдымда. Узун моюну, башын тик көтөрүп койкоюп басканы, күйөөсү жүзүнө салган толтура тырыктары али да көз алдымда.
Каникулга айылга барганымда жеңелердин сүйлөшүп жатышканын кулагым чалчу.
– Тиги Гүлүнүн таппаганы жок.
– Ии, эмне болуптур?
– Күйөөсү малга тоого кеткенде үйүнүн жанындагы бакка кызыл чүпүрөк илип коёт экен.
– Ал эмнеси?
– Тиги Куштарбекке “сигнал” бергени экен. “Күйөөм жок, келе бер” дегени тура.
– Кокуй, ушундай да болот бекен?
– Ии, үйдө болсо ак чүпүрөк байлап коёт имш. “Күйөөм үйдө” дегени экен ал.
– Куштардын аялы эчен жолу элдин көзүнчө абийирин төгүп, чачы-башын жулду го.
– Ырас кылыптыр, жеңе, биздин да күйөөлөрдү ушундай акмак катындар бузат.
Ар жылы барганымда ар түрдүү кептерди укчумун. Канчалык жаман кеп уксам да, ал аял тууралуу жаман сөз айта алчу эмесмин. 5-курста гезит бетине макалаларым жарыялана баштаганда апам гезитти көтөрүп алып айылдын ары жагынан бери жагына чейин барып мактанып жүрчү. “Антпеңизчи” десем болчу эмес. Апа да, перзентинин ар бир кубанычы менен бөлүшкүсү келет. Ошол жылы айылга каникулга барып калдым. Апам “уйларды карап тур” дегенинен китебимди колтуктап алып айылдын жанындагы токойго барып, китептин кызыгына кирип кетиптирмин. Бир кезде бирөө мени тиктеп турганын байкадым.
Кылчайсам Гүлү жеңе экен. Адатынча күлүмсүрөп койду.
“МЕН ТУУРАЛУУ КИТЕП ЖАЗАСЫҢБЫ, КЫЗ?”
– Китеп окуп жатасыңбы, кыз?- деп койду жөн гана.
– Ооба.
– Мен да койлорго көз болоюн деп келген элем. Сени көрүп...
– Келиңиз, Гүлү жеңе, кандай жүрөсүз?- дедим чын дилимден орун бошотуп.
Элдин баары кага бергенге менин сөздөрүм жүрөгүнө жага түштү көрүнөт. Божурап бир нерселерди айтып жанымда отурду. Мен анын жүзүндөгү тырыктарды карап жаттым.
– Өтө жаман көрүнөт бекен, ээ, кыз?
– Жок, жеңе...
– Билем, жаман көрүнөм. Так салынбаган бир көзүм калды. Денемдин деле соо жери жок.
– Эмнеге Айтбек байкеден кетип калган жоксуз?
– Балдарды таштаппы?
– Алып кетсеңиз болбойт беле?
– Көп ойлондум. Мен 9-классты эле бүтүргөм. Өмүрүмдө бул жагы Ак-Суу, тиги жагы Кызыл-Суудан ары чыкпадым. Балдарды алып кайда барат элем? Анын үстүнө күйөөм бир жакка жылсам балдарымды кошо өлтүргөндөн кайра тартпайт болчу.
– Негизи эмнеге урат?
– Кызганып да. Мен аны эч сүйө алган жокмун. Мээрим төгө албадым. Аракет кылдым, бирок жүрөгүңдө башка бир адам жашаса болбойт экен.
Ал 1980-жылы ала качып алган. Андан бери 35 жыл өттү.
Аял шуу үшкүрдү. Гүлү жеңенин тагдырын мурун эле укканым бар. 16 жашында эле жетим кызды Айтбек ага ала качып алыптыр. Көрсө, аталаш тууганы болуп кеткен Куштарбек деген байке менен Гүлү жеңе сүйүшүп жүрүшкөн экен. Куштарбек аскерде жүргөндө Гүлү жеңени ала качып кетиптир. Куштарбек бул тууралуу аскерден келгенден кийин билет. Күйүтүнө чыдабай сарайына барып муунуп жатканын көргөн айылдаштары араң аман алып калышкан экен. Айтбек байке экөө бир айылдан, аталаш туугандар. Ашык болгон аялы – жеңеси. Мындай абалда кайсы кыйын эркек бир нерсе кыла алат? Ошентип Куштарбек байке да тагдырына очорула баш ийип берген экен. Тагдырга баш ийген менен, ошончо жылдан бери экөөнүн махабаты бүтпөйт имиш. Жашоо кызык. Куштарбек байке үйлөнүп, бала-чакалуу болот. Гүлү жеңенин бир кыз, бир уулу бар. Анда да токтошпойт. Айтбек байке жанагынча эзип, ар шылтоо менен сабайт, бычак ыргытат, жылаңаяк музда бастыртат. Адамдын оюна келбеген мыкаачылыктын баарын жасап көрөт. Бирок эч аялынын жүрөгүнөн орун ала албайт. Коё да бербейт. Куштарбектики андан да оор. Ал дагы ажаан аялга туш келген экен. Кыйкырыгы бүт айылга угулчу. Тагдырлары тескери келген төрт адам биздин айылдын дайымкы башкы каармандары эле.
– Гүлү жеңе, Куштар байке менен жаш кезиңерде качып кетсеңиз болмок беле?- дедим ичим ачышып.
– Бир жолу качканбыз. Бирок болбой калды. Айтбек “балаңды мууздап салам” деп коркутканда кайра келдим.
– Ушинтип эле өмүр өтүп кетеби?
– Мен тагдырыма нааразы эмесмин. Сүйүү ар кимге бериле берген шыбага эмес. Эл айта берет. Болбогон нерсени болгондой айтышат. Сага чындыкты айтайын, Куштарбек экөөбүздүн ортобузда эрди-катындай эч нерсе болбоду. Тек алыстан карайт, короодон караанымды таппай калса айланчыктай берет. Кете албайт. Карааным жүргөнүн көрсө кетет. Анын карап турганын далымдан сезем. “Менин айымдан кордук көрүп жатат” деп ал капа болбосун, жаны ачыбасын деп дайыма күлүп жүргөнгө көндүм. Анткени кыз-жигит кезибизде “ар күнү сенин күлкүңдү көрсөм бактылуумун” дечү.
– Мындан көрө башка жакка кетип калган оңой эмес беле?
– Жок, биз бири-бирибизди көрбөй кантип жашайбыз? Тагдыр бизди канчалык урса ура берсин. Алыстан бири-бирибизди карап жүрсөк да бири-бирибизге жөлөк-таякпыз. Менин мыкаачы күйөөмдөн, анын ажаан аялынан балдарыбыз бар. Ушундай бир өмүр өттү. Эң негизгиси, экөөбүз тең бактысыз эмеспиз. Амандыгыбыздан кубат алып жашадык. Эчен жолу “алып кетейин” деди. Мен макул болгон жокмун. Айтбек мени кайдан болсо да таап барып, балдарды бир нерсе кылабы деп корктум.
Ушул да сүйүүбү? Ушундай жиндиче сүйсө болобу? Ойлорум ичимде калып калды. Мен биздин айылда легенда болгон аялдын жүзүн карап отурдум. Ал эл айткандай жүрөнчөөк, акылсыз, адепсиз аял эмес болчу. Жашоосунда бир шоола таап алып, андан айрылгысы келбеген бир аял турган эле. Балдары үчүн өзүн курмандык кылган баатыр аял болчу. Жүрөгүндөгү сүйүүнү көтөрүп, аны барктап, эч кимден коркпогон мен билген эң баатыр аял эле.
– Кыз, мен тууралуу китеп жазасыңбы?- деген ошондо уялыңкы.
– Билбейм,- дегем мен.
КУШТАРБЕКТИ КУТКАРГАНГА ГҮЛҮ ӨРТКӨ КИРИПТИР
Андан кийин жашоо өз ыргагы менен кетип, жеңе тууралуу унутуп коюптурмун. Кечээ жакында 57 жаш курагында Гүлү жеңе дүйнөдөн кайтканын уктум. Айтбек байке мындан бир жыл мурун каза болуп “тирүүмдө Куштарбекти жакындатпадым, өлгөндө да силер жакындатпагыла” деп айтып өлгөн имиш. Куштарбек байкенин үйүн кокустан өрт каптап, ал жалындын ичинде жалгыз калганда эч ким чыгарганга даай албай турганда Гүлү жеңе өрткө кирип кеткен экен. Алып чыкканга аракет кылыптыр, экөө босогого жетип кучакташып жыгылып каза болушуптур. Экөө бир күндө коюлду. Элдин күбүр-шыбыр кептерин ак чач адамдын сөзү бузду.
– Эл тирүүсүндө ушул экөөнө тынчтык бербеди. Эми өлгөндө тынч коёлу. Өмүр бою кыйналган бечаралар эми жайында тынч жатышсын. Күбүр-шыбырды токтоткула!
Ошол боюнча алар тууралуу эч ким эч нерсе дебеди. Сүйүү дейбиз, сүйдүк-күйдүк дейбиз. Бирок өмүр бою сүйүп, бири-бири үчүн өмүрүн бере ала турган экөөндөй сүйө алабызбы? Же Гүлү жеңе айткандай, ал дагы айрым адамдардын гана шыбагасына жазыла турган нерсеби? Көз алдымда жүзүндө тырыктары болсо да көзү күлгөн, сулуу, ак саргыл аял турду. Ошондой эле өзүмдүн суроом жана жообум бар. Сүйүү ушубу? Ооба, булардыкы чыныгы махабат.
Айлин Д.