Австралия бийлиги 5 миң төөнү өлтүрүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, Түштүк Австралия штатында аба температурасынын көтөрүлүшү жана кургакчылыктан улам бийлик ушундай чечим алган. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, төөлөр запастагы сууларды ичип, азыктарды жеп таңсыктык жаратууда. Мындан сырткары алсыз төөлөрдүн суу кампаларынын башында өлүшү сууну булгап жергиликтүү тургундарга зыян алып келүүдө. "Биз биринчи кезекте суу запасын, карыларды жана балдарды сактообуз керек" дешет бийлик өкүлдөрү.
Белгилей кетсек, бул чөлкөмдө төөлөр 19-кылымдын орто ченинде пайда болгон. Бүгүнкү күндө Австралиянын чөлдөрүндө миллиондон ашык төө бар.
Дамира Арстанова
koom@super.kg